Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Москва: орус депутаты мигранттарга жан тартты


Илья Яшин
Илья Яшин

Орусияда эмгек акысын ала албай арызданган эмгек мигранттары көбөйдү. Өткөн жумада Москвада бир топ мигранттар эмгек акысына, иш шарттарына нааразылык билдирип чыгышкан.

Арзыкан Москвада тапканына ээ болбой ыза болуп жүрөт. Күнүнө 12 сааттан кафе-ресторандарда тамак-аш ташып, чуркап иштегенине карабай, жатакана үчүн төлөгөнгө акчасы жок кыйналып турат.

- Москвага төрт жыл мурда үч жашар кызымды апама таштап келгем. Ашпозчу да, сатуучу да болдум. Былтыр октябрда «F5» компаниясы аркылуу отелге официант болуп ишке киргем. Азыр айлыгыбызды бербей кыйнап жатышат. Эл февралдын айлыгын алып жатса, биз урушуп жүрүп декабрдын айлыгын араң алдык. Бул жерде батирге акчаң жок болсо, кышында деле көчөгө чыгарып коюшат.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

Арзыкан ишке аутсорсинг компаниясы аркылуу жалданып барат. Иш шартына нааразы болгондуктан кышында башка жумуш издеп кетүүгө аргасыз.

- Эки күн иштесек, беш күн отуруп калабыз. Кетип калгым келет, анда айлыгыңдан кур каласың. Өткөндө барсам «тамак ичипсиң, идиш-аяк сындырыпсың» деп ар нерсени айтты. "Андай болгон эмес" деп урушуп отуруп, декабрдын эки жумасы үчүн араң төлөп беришти. Жаныңды сууруп иштетип, саатына 120 рубль төлөйт. Башка жумуш караштырайын дейм, бирок кышында кайда барам? Эки-үч күндөн кийин батирге төлөшүм керек. Ушунчалык кыйналдым.

Миллиондогон мигранттар бакыт издеп келген Москвада Арзыкандай азап тарткандар четтен табылат. Өткөн жумада ага окшоп күндөп-түндөп кар күрөп, бирок эмгек акысын албай калган элүүгө жакын мигрант иш таштаган.

Красносельский районунун «Жилищник» өкмөттүк мекемесинде иштеген короо шыпыргычтарга азыр Москва шаардык кеңешинин депутаты Илья Яшин жардам берүүгө аракет кылууда.

- Элүүдөй киши келди. Паспортторун караган жокмун. Арасында кыргыздар, тажиктер, өзбектер, орусиялыктар да бар. Ким болсо да эмгек акысы убагында төлөнүп, иш шарттары жакшырышы керек. Биз дароо алардын жетекчилигин чакырдык. Айлыктарын, түнү менен иштегени үчүн кошумча акысын төлөп берүүгө убада беришти. Жатаканасы бекер берилет экен. Бирок ар нерсени шылтоо кылып, акчасын кармап калышат экен. Бул биздин көзөмөлдө. Алардын мыйзамдуу укуктары сакталышы, мындай окуя кайталанбашы үчүн атайын комиссия түзөбүз.

Илья Яшиндин мигранттар менен жолугушуусу.

Короо тазалагычтар дем алышсыз оор шарттарда иштегенине, жетекчилик ооруп калгандарды "жумуштан кетирем" деп коркутуп жатканына арызданган. Интернетте таркаган видеодо мигранттар «бул кулчулук», «биз мал эмеспиз» дегенин көрүүгө болот.

Башкы көйгөй эмгек келишиминин жоктугунда. Эмгек келишими - бул расмий документ, аны менен акча доолаганга болот. Биз жарандар менен жолуккан сайын ушуну айтабыз. Бирок көбү эч кандай кагазы жок эле ишке кире берет.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков мигранттардын айлык маселеси башкы көйгөй экенин айтты.

- Жаңы жылдан бери эки чоң топ жарандарга айлыгын өндүрүп бердик. «ВТС-Инженеринг» деген компания боюнча 22 киши кайрылган, алардын 2 миллион рублин алып бердик. Мен өзүм жүрдүм. Андан кийин «Юникар» деген компаниядан 30дай айдоочу келди, жетекчилиги менен сүйлөшүп, ушул жумада 1,5 миллион рубль бергенге убада беришти. Булардын арасында жумушка өздөрү киргендер, аутсорсинг аркылуу киргендер бар. Арызданып кайрылгандардын 50 пайыздайын алып берип жатабыз. Башкы кыйынчылык - эмгек келишиминин жоктугунда. Эмгек келишими - бул расмий документ, аны менен акча доолаганга болот. Биз жарандар менен жолуккан сайын ушуну айтабыз. Бирок көбү эч кандай кагазы жок эле ишке кире берет.

Былтыр Орусияда эки миңдей кыргызстандык мигрант эмгек акысын ала албай, миграция өкүлчүлүгүнө кайрылган. Жумуш берүүчүлөр төлөбөгөн маяналардын көлөмү 91 миллион рублдан ашкан. Кыргызстандын Миграция кызматы мигранттарга анын 42 миллион рублин өндүрүп берүүгө жетишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG