Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:07

Мыйзамсыз миграциянын арты абак болот


Илююстрациялык сүрөт

Кыргыз өкмөтү Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү аркылуу мыйзамсыз миграцияны ооздуктагысы келет.

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияны уюштургандарды үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылып жатат. Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган бул жобо коомдук талкууга коюлду.

Укук коргоочулар бул демилгени киши сатууга каршы аракет катары кубаттап жатышкан чагы. Ал эми миграция жаатындагы адистер мындай жагдай арзан жумушчу күчүн ишке тартууга кызыккан ишкерлерди коррупциялык жолдорго барууга аргасыз кылышы мүмкүн деп эсептешет.

Айыптан - камакка

Кыргызстандагы азыркы иштеп жаткан жоболорго ылайык, мыйзамсыз миграцияны уюштургандар 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып төлөйт. Мыйзамсыз миграция кыймылы күчөп жатат деп эсептеген Ички иштер министрлиги жазаны күчөтүү боюнча демилге көтөрүүдө. ИИМ Кылмыш кодексине бул үчүн үч жылга эркинен ажыратуучу жобону киргизүү боюнча сунушун коомдук талкууга койду.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мыйзам тыштан келген мыйзамсыз миграцияга эле эмес, кыргызстандыктарды башка өлкөгө мыйзамсыз жөнөткөн тараптарга да тиешелүү.

Алмаз Асанбаев.
Алмаз Асанбаев.

- Мыйзамсыз миграция тенденциясы дүйнө жүзү боюнча көп болуп жатат. Уюштурулган мыйзамсыз миграцияда киши сатуу, элдин акчасын бербей койгон учурлар көп болууда. Ошол үчүн бул мыйзамда жоопкерчилик күчөтүлүүдө. Бул мыйзам Кыргызстандын ичине мигранттарды мыйзамсыз алып келип жаткандарга, Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүп жаткандарга жана өлкө ичинен чет өлкөгө алдоо жолу менен чыгарып жаткан тараптарга колдонулат.

ИИМдин 10-башкы башкармалыгы акыркы беш жылда мыйзамсыз миграция уюштурулган 233 фактыны аныктаган. Тартип сакчылары кылмыштын бул түрү өтө тымызын жүргүзүлүп, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч тийгизерин белгилешет. Ушундан улам ИИМдин коштомо катында мыйзамсыз миграцияга карата жеңил жазанын аягы бөтөн өлкөлөрдүн деструктивдүү элементтеринин Кыргызстанда пайда болушуна шарт түзөрү жазылган.

Чыккандан киргени көп

Миграция кызматы да Кыргызстанга кирип-чыккандар жыл сайын көбөйүп жатканын кабарлады. Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев:

- Бизде Кыргызстандын чек арасынан өзүбүздүн жарандар 6 млн жолу өтөт. Ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандар 8 млн жолу чек арадан өтүшөт. Кыргызстан мурда мигранттар кеткен мамлекет болсо, акыркы учурда мигранттар келип жаткан мамлекетке айлана баштады. Анан Кыргызстанга киргендердин арасында биринчи орунда Казакстандын жарандары турса, экинчи орунда Орусия, 3-4-орундарда Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары, бешинчи орунда Түркия жана алтынчы орунда Кытайдын жарандары турат.

"Жунда" заводунун жумушчулары.
"Жунда" заводунун жумушчулары.

Миграция кызматы Кытайдан жылына 35 миң адам Кыргызстанга кирерин жарыяласа, жарандык коом өкүлдөрү бул сан алда канча көп деген пикирде. Буга чейин мыйзамсыз иштеген кытай жарандарын текшерген “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Тимур Саралаев жазаны күчөтүү менен бул мыйзамсыз көрүнүшкө бөгөт коюларына ишенбейт:

- Биз буга чейин Бишкектин чеке-белиндеги кыш чыгаруучу заводдорду текшергенбиз. Ал жактан көптөгөн кытай жарандары эч кандай уруксат документи жок иштеп жүргөнү аныкталган. Бирок бардыгы кенедей айыпты төлөп коюп иштерин уланта беришти, ал эми аларды бул жакка алып келген киши эч кандай айыпка тартылган эмес, себеби ал ким экенин билбей койгонбуз. Азыр деле мыйзамдагы жоопкерчиликтен айланып өткөн амалды таап алышат. Себеби Орусия, АКШ өңдүү өлкөлөрдө мыйзамсыз миграция үчүн чоң жазалар болгону менен баары бир жарандар ал жакта мыйзамсыз жүрүшпөйбү.

Саралаев мыйзамсыз миграцияга карата жазанын күчөтүлүшү өлкөдө коррупцияны гана өркүндөтөт деген пикирде. Бирок укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова Кылмыш кодексиндеги өзгөрүүлөр кыргызстандыктарды мыйзамсыз башка өлкөгө “айдактаткан” шылуун компанияларды жазалаарына ишенет:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Акыркы учурда Түркия, Араб өлкөлөрүнө "бала бакканга" деп кетишип, бирок ал жакка барганда сексуалдык кулчулукка кабылып, алдамчылар аркылуу барганын билип жатышпайбы. Ошондой эле Орусияга канчалаган жарандарыбыз алданып эле мыйзамсыз мигрант болуп кетип калып жатышат. Менимче, азыркы кирип жаткан өзгөрүүлөр мыйзамсыз мигранттардын арызы бар-жогуна карабай фактыга таянуу менен тараптарды жоопкерчиликке тартууга жол ачат. Бул жерде бир гана фирмалар эмес, мыйзамсыз миграция менен алектенген жеке тараптар да жазага тартылышы керек.

Былтыр Кыргызстан 14 490 чет өлкөлүк адамдын иштөөсүнө уруксат берген. Чет мамлекеттик жарандардын 52% курулуш жана өндүрүш тармагында иштешсе, энергетика, геология, тоо-кен тармагында 21%, соода, коомдук тамактанууда 18% иштейт.

Өлкөдө расмий иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын ичинде Кытайдын, Түркиянын жарандары көп. Андан тышкары Пакистандан, Сириядан, Африка өлкөлөрүнөн келгендер бар. 2016-жылы Кытай жарандары виза режимин бузган 165 факт катталган. Анын ичинен соттун чечими менен 86 жаран өлкөдөн чыгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG