Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

"Мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар көп"


"Жунда" заводунун жумушчулары
"Жунда" заводунун жумушчулары

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда иштөө үчүн чет өлкөлүк 14 490 адамга квота бөлүнгөн, азыр анын 75 пайызы толгон.

Расмий маалымат боюнча чет өлкөлүк эмгек мигранты үчүн дагы 3000 орун бош. Бирок, квотасыз эле Кыргызстанда жүргөндөр, виза мөөнөтүн өткөрүп жашап, эмгек визасыз эле иштеп жаткандар саны он миңдеп саналат деген маселе парламентте да айтылган.

Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын так саны канча? Алар кайсы тармактарда, кандай кесиптерде иштешет? Эмне үчүн коомдо чет өлкөлүк жарандардын эмгектенүүсүнө мамиле ар кыл?

“Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов, ушул кызматтын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Кудайбердиев жана миграция боюнча эксперт Бакыт Адылов катышты.

“Азаттык”: Нурлан мырза, Кыргызстан эгемендик алгандан бери ички жана тышкы миграция күч алган мамлекеттердин катарына киргени баарыбызга белгилүү. Бирок, акыркы жылдары тышкы миграциянын көлөмү азайды деген маалыматтар бар. Ошол чынбы? Экинчиден, Кыргызстанга тыштан келген мигранттардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу көп деген маалыматтарга негиз барбы? Ушул тапта канча кыргызстандык тышта иштеп жүрөт жана Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын саны канча?

Нурлан Шерипов: Азыркы убакта чет мамлекетте Кыргызстандын 710 миңден ашык жараны эмгек мигранты катары иштеп жүрөт. Анын ичинде Орусияда 616 миң, Казакстанда 30 миңден ашык, Түркияда да 30 миңден ашык, Түштүк Кореяда 14 миңден ашык жана АКШ менен Европа мамлекеттеринде 20 миңден ашык адам иштеп жатат. Ал эми Кыргызстанга келип иштеген чет өлкөлүк жарандар менен беш мамлекеттик орган иштейт. Ушул органдардын расмий каттоосу боюнча жылына 120 миңден ашык адам келет. Алардын келген максаты ар кыл, бир гана эмгектенүү эмес. Ал эми быйыл 14 490 адамдын иштөөсүнө уруксат берилген. Азыр анын 75% толгон.

“Азаттык”: Бакыт мырза, мен кечээ ушул программага даярданып жатып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстанда иштөөгө эмне кызыктырат деген суроону социалдык тармактардын колдонуучуларына жазсам алар Кытай, Түркиядан тышкары Куба, Иран, Афганистан, Пакистан жана Африка өлкөлөрүнөн келип, эмгек визасы жок эле иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар көп, ага көзөмөлдүн алсыздыгы өбөлгө түзүп жатат деп жазышты. Мунун чындыгы барбы? Алардын эмгек визасы менен Кыргызстанга келип иштешине негиз берген мыйзамдуу макулдашуулар барбы?

Бакыт Кудайбердиев: Быйыл 5-апрелде чет өлкөлүктөрдүн эмгектенүүсү боюнча жаңы нускама күчүнө кирди. Ал Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Анын талабы боюнча чет элдик жарандар эмгек визасын узартуу үчүн Миграция кызматына кайрылып, уруксат кагазын алышы керек. Миграция кызматынын уруксат кагазынын негизинде гана Тышкы иштер министрлиги эмгек визасын узартууга укуктуу болуп калды. Ушул нускама күчүнө киргенден кийин эмгектенүүгө келгендер уруксат кагазын алуу үчүн сөзсүз Миграция кызматына кайрылып жатышат. Чын эле 2015-2016-жылдары Кыргызстанда жашыруун иштеп жүргөн чет элдик жарандар көбөйүп кеткен болчу. Азыр биздин өлкөдө иштеп жаткан адамдардын ичинде Кытайдын, Түркиянын жарандары көп. Андан тышкары жогоруда белгиленгендей, Пакистан, Сирия, Африкадан келгендер бар. Жаңы Гвинея, Нигериянын жарандары мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде футбол командаларына легионер катары келишкен.

Кыргызстанга келип иштеген чет өлкөлүк жарандар менен беш мамлекеттик орган иштейт. Быйыл 14 490 адамдын иштөөсүнө уруксат берилген. Азыр анын 75% бөлүнгөн.

Нурлан Шерипов: Кошумчалай кетейин, чет мамлекеттик жарандардын 52% курулуш жана өндүрүш тармагында иштешет. Айыл чарбасында 2,3%, энергетика, геология, тоо-кен тармагында 21%, соода, коомдук тамактанууда 18%, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият тармактарында 6%, банк тармагында 1,1% түзөт.

“Азаттык”: Бакыт Адылов мырза, мурда миграция тармагында иштеген адис катары сизге чыныгы абал жакшы белгилүү болсо керек. Кыргызстанда ички жана тышкы миграция боюнча мамлекеттик саясат ырааттуу жүргүзүлүп жатат жана Кыргызстандын ички демографиялык абалы менен келечегине кандайдыр бир деңгээлде терс таасир тийгизген миграциялык процессти басаңдатуу аракети көрүлүп жатат деген ишенимдесизби?

Бакыт Адылов: Мамлекет тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясы кабыл алынган. Анда миграциялык саясат боюнча төрт багыттагы милдет алдыга коюлган. Алар кетип жаткан мигранттарды азайтуу, кеткендерди кайтаруу, чет жакта жүргөн мигранттардын укугун коргоо жана гуманитардык миграцияны жөнгө салуу. Тышкы жана ички миграция - өлкө экономикасынын күзгүсү. Экономика оңолмоюнча миграцияны токтотуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жер-жерлерде ишканаларды куруу аракетин күчөтүү керек. Эгер айылдарда өндүрүш жайлары курула турган болсо, ички миграциянын агымын азайтмак. Ички миграция азайса, сөзсүз түрдө тышкы миграцияга жакшы таасир берет.

"Мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:52 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG