Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

"Мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар көп"


"Мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:52 0:00
Түз линк

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда иштөө үчүн чет өлкөлүк 14 490 адамга квота бөлүнгөн, азыр анын 70 пайызы иштеп жатат. Расмий маалымат боюнча чет өлкөлүк эмгек мигранты үчүн дагы 3000 орун бош. Бирок, квотасыз эле Кыргызстанда жүргөндөр, виза мөөнөтүн өткөрүп жашап, эмгек визасыз эле иштеп жаткандар саны он миңдеп саналат деген маселе парламентте да айтылган. Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардын так саны канча? Алар кайсы тармактарда, кандай кесиптерде иштешет? Эмне үчүн коомдо чет өлкөлүк жарандардын эмгектенүүсүнө мамиле ар кыл? “Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды. Талкууга Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов, ушул кызматтын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Кудайбердиев жана миграция боюнча эксперт Бакыт Адылов катышты.

XS
SM
MD
LG