Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:32

Томскидеги тополоңдун чоо-жайы


Орусиянын Томск шаарында ОМОН жана Улуттук гвардия миграция борборунун жанында кезекте турган адамдарды кууп таркатты. Күбөлөр полиция электрошокер колдонгонун айтып беришти. 9-январь, 2018-жыл.

9-январда Томск шаарында ОМОН жана Улуттук гвардия миграция борборунун жанында убактылуу жашоого уруксат алыш үчүн кезекте турган адамдарды кууп таркатты. Буга Орусиянын мигранттарга убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын 20% кыскартканы себеп болгон. Бул жобо кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этип жатат?

"Эки жарым саатта квота калбай калды"

Орусияда убактылуу жашоого уруксат алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар Томск шаарындагы миграциялык борборго үч күн мурун эле кезекке тура башташканын борборазиялык мигранттар "Азаттыктын" кабарчыларына айтып беришкен:

- Бул жерде адилеттик болбой жатат. Биз үч күндөн бери кезекке туруп, атайын тизме түзгөнбүз. Бүгүн болсо эки миңге жакын киши чогулуптур. Бизди киргизмек тургай, жакын жолотпой коюшту.

Маалыматтарга ылайык, адамдар күнүгө келип катталып турушкан жана активисттер 800 кишинин тизмесин түзүшкөн. Бирок миграция борборунун жанына 9-январда эки миңге чукул киши келген.

Томск: ОМОН мигранттарды кууп таратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

Томскидеги "Кыргызстан" маданий борборунун төрагасы Талип Зулпукаров да 9-январь күнү аймактагы Миграция борборунун алдындагы түртүшмөйгө күбө болгон.

- Биз саат сегизде бардык. Биз барган учурда эле түртүшүп, тополоң болуп жаткан. Миграция борбору тогузда ачылды. Эки жарым саатка жетпей, квота түгөндү. Тополоңдон улам полиция келип, ал жердегилерди кууй баштады. Квота боюнча миң кишиге убактылуу жашоого уруксат берилсе, ал жерде эки миңге жакын киши чогулган. Кыргыздар чогулгандардын 15-20 пайыздайын түздүк окшойт. Тажикстандык бир киши башына токмок жеген экен, ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Зулпукаровдун маалыматы боюнча, мигранттар 10-январда облус бийлиги менен чогуу бул маселени талкуулаш үчүн чогулушмакчы.

Орус өкмөтүнүн ноябрь айындагы жардыгы боюнча, 2018-жылы чет өлкөлүк 90 360 жаранга гана убактылуу жашоого уруксат берилет. Бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 20% аз. Томск облусуна болгону миң орун берилген.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Кыргызстандын Томск облусундагы ардактуу консулдугунун өкүлү Каныбек Казакбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 9-январда Миграция борборунун алдындагы түртүшмөй учурунда тебелендиде калган же күч кызматкерлеринен жабыркаган кыргызстандыктар жок:

- Ал жерде кыргыздардын саны азыраак болчу. Көпчүлүгү Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин жарандары болгон. Кезекте түртүшүп, талашып отуруп, жетишип калгандар гана алышыптыр. Полиция менен ОМОН тартипти сакташ үчүн гана чакырылган.

Расмий маалыматтар боюнча облуста беш миңден ашуун кыргызстандык жашап, иштейт.

Кыргыздар үчүн бул документ зарыл эмес

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери кыргызстандык мигранттар убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү эмес. Алар иш берүүчү менен эмгек келишими түзүлгөн болсо, ошого карап, келишим мөөнөтү бүткүчө Орусияда жашоого укуктуу болот.

Бирок кыргызстандыктар үчүн Орусияда убактылуу жашоого уруксат орус жарандыгын алууну каалагандарга зарыл документ болуп эсептелет. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Кыргызстандыктар үчүн бул документ жарандыгын алмаштырып, орус жарандыгын алгысы келсе гана зарыл болуп саналат. Анткени орус жарандыгын алыш үчүн убактылуу жашоого, андан кийин туруктуу жашоого уруксат алыш керек. Туруктуу жашоого уруксатты алыш үчүн убактылуу жашоого уруксаты болушу керек. Бирок акыркы жылдары мындай муктаждык азайып келе жатат. Мисалы, 2014-жылы 12 804 кыргызстандык жаран убактылуу жашоого уруксат алса, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин, 2016-жылы 7125 киши, ал эми 2017-жылдын жарым жылында 3 606 кыргызстандык убактылуу жашоого уруксат алган. Орто эсеп менен эки эсе азайды. Менин оюмча дагы азая берет. Анткени азыр кыргызстандыктар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жумушка кирсе да, укугун коргосо да, медициналык жардам алууда да тең укуктуу.

Алмаз Асанбаев.
Алмаз Асанбаев.

Орусияда убактылуу жашоого уруксат үч жылга берилет. Мындай документке ээ болгондор өлкөгө кенен кирип чыгууга, эч кандай патент, уруксат кагазы жок эле иштөөгө, ишкердик кылууга укуктуу. Алар үчүн өздөрү катталган аймакта медицина акысыз болот. Эксперттердин айтуусунда, Орусия чет өлкөлүк мигранттар үчүн берилүүчү түрдүү уруксат документтерин жыл өткөн сайын чектеп, санын азайтып келүүдө. 2017-жылы чет өлкөлүктөр үчүн убактылуу жашоого уруксат берүүчү квотанын саны 110 миңден ашуун болчу. 2018-жылы 90 360 даана квота берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG