Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Мигранттар инвестор болууга даярбы?


10-20 жылдап чет өлкөдө иштеп жүрүп, тыңыган мигранттардын ичинен Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду издеп, инвестиция салууга кызыккандары бар. Алар кепилдик жана ишеним жоктугунан Кыргызстанга акча жумшагандан чочулашат.

Ишкер Улан Саркөбөновдун айтымында, бир канча жылдап чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын ичинен учурда Кыргызстанга акча салууга ниеттенип, пайдалуу бизнес-долбоорлорду издеп жаткандар бар:

- Мекендештерибиз жыл сайын Кыргызстанга 2-3 миллиард доллар которуп жатпайбы. Алардын көбү акчаны туугандарына салат. Бирок туугандарына акча жибере берип жадап бүткөндөр да бар. Алар Кыргызстанда туруктуу бир иш курсамбы деп ойлошот. "100 миң же 200 миң долларым бар эле, эмне кылсам болот?" деп сурагандар көп.

Түркиянын Анталия шаарында ишкерлик кылган Шерикбек Акимов чет жерде баар тапкан кыргызстандыктардын акчасын инвестиция катары өлкөгө тартууда кыргыз бийлиги кечигип жатат деген ойдо. Ал эгер кепилдик болсо, Орусияда, Түркияда жана башка чет мамлекеттерде иштеп, ирденип алгандар кайтып келүүнү ойлоно баштаарын кошумчалады:

- Бул жерде мамлекеттен чоң шыктандыруучу кадам керек. Жаңы бийлик, жаңы көз караш, жаңы мамиле дегендей. Ошентсе анан мекендештерибиз да Кыргызстанга бара баштайт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары которгон акча эки миллиард доллардан ашты.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Шумкарбек Адылбек уулу эки миллиард доллар чоң сумма болгону менен, ал акчанын көбүн эл күнүмдүк турмуш-тиричилигине жумшап жатканына токтолду:

- "Которулуп жаткан акчаны биздин мигранттар инвестиция катары жумшаганга даярбы?" деген суроо бар. Экинчиден, көп үй-бүлөлөр чет өлкөдөн келген акчаны карап жашашат. Анын кайсы бир бөлүгү тамак-ашка, кайсы бир бөлүгү отунга кетет, насыясына төлөшөт, тойго жумшашат. Мигранттардан келип жаткан акчаны жумшоо боюнча артыкчылыктуу багыттар азырынча башка болуп жатат.

Жаш ишкерлер бирлигинин өкүлү, финансист Умбриэл Темиралиев Кыргызстандагы орто жана чакан бизнестеги долбоорлор 50 миң доллардан 500 миң долларга чейинки капиталга муктаж деп эсептейт. Анын ишениминде, туура кадам болсо, мындай суммадагы долбоорлорго чет жерде иштеген мигранттар арасынан инвестор болчулар табылат:

- Баш көтөргөн орто жана чакан компаниялардын андан ары өнүгүшүнө капитал жетпей жатат. Мисалы, 100дөй эң сонун маркалуу машине бензини жок, жүрбөй, токтоп тургандай абалга салыштырсак болот. Ал эми биздин чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарга, албетте, ушул компаниялар тууралуу маалыматтар жетпей жатат. Экинчиден, бул жерде ишеним маселеси да бар. Анткени ишеним болбосо, түз инвестиция ишке ашпайт.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Шумкарбек Адилбек уулу бизнесте ийгилик жаратып, Кыргызстандын экономикасына каражат салгысы келген мигранттар болсо, өкмөт аларды колдоого даяр деп ишендирди:

- Акчасы болуп, инвестиция салууга ниеттери болсо, биздин агенттиктин сайтында башка өлкөдөн, биздин Кыргызстандагы жарандардан келип түшкөн бизнес-идеялар жана пландар бар. Ошолорду ишке ашырса болот. Же бизге кайрылса, кеңеш берип, талкуулап, демилгечини жана акчасы бар адамды чакырып, чогуу иш алып барганга даярбыз. Ошондой эле инвестор болом дегендер өз сунуштары менен түз эле бизге кайрылса да болот.

Расмий маалымат боюнча чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт.

Жогоруда маалым болгондой, эмгек мигранттары которгон акча быйыл эки миллиард доллардан ашты. Маалыматка караганда, бул сумма 2016-жылдын ушул мезгилине карата которулган акчага салыштырганда 423 миллион долларга көп. Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG