Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:03

Соңку жылдары чет өлкөдө иштеп, өзүнүн кара жанын гана бакпай, тапкан каражатын Кыргызстандын экономикасына жумшаган мекендештер көбөйдү. Анткен менен ишкерлер инвестор үчүн жеңилдиктерге караганда тоскоолдуктар арбын экенин белгилеп жатышат.

Быйыл тогуз айда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 1 млрд. 840 млн. доллар которгон. Бул Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн дээрлик 35 пайызына барабар. Мындай маалымат Бишкекте мигранттардын Кыргызстанга кошкон экономикалык салымы талкууланган жыйында айтылды.

Соңку жылдары чет өлкөдө иштеп өз кара жанын гана бакпай, тапкан каражатын Кыргызстандын экономикасына жумшаган мекендештер көбөйдү. Алар көбүнчө туризм, курулуш, медицина тармагына инвестиция салышууда. Маселен, 15 жылдан бери Орусиянын Новосибирск шаарында ишкерлик менен алектенген Каныбек Акаев 2,5 млн. доллар жумшап Оштун Кара-Суу районуна ташты кайра иштетүүчү завод курду. Анда азырынча 40тан ашуун жергиликтүү тургун иштейт.

Каныбек Акаев, ишкер
Каныбек Акаев, ишкер

- Мен ошол заводду саларда кыйынчылыктар бар экенин жана Кыргызстанда ага жумшаган 2 млн. доллардан ашуун каражат 10 жылдан кийин гана өзүн актай турганын билгем. Бизде ошондой эсеп бар болчу. Ал жерде карапайым калк гана сүйүндү. Алар Казакстанга, Орусияга барып ала турган айлыкты үйүнүн алдында, бала-чакасынын жанында алып турат.

Дал ушул мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасын натыйжалуу пайдалануу, алардын кыргыз экономикасына кошкон салымы Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланды.

Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун айтымында, быйыл тогуз айда чет өлкөдөгү кыргызстандык мигранттар которгон каражат былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 25% көп.

- Акча которуу жылдан-жылга көбөйүп жатат. Ал дүң өнүмдүн 35 пайызын түзүп, бир жылдык республикалык бюджеттин жалпы суммасына жакындап келатат. Алар которгон акчага бул жактагы туугандары сүт, нан, башка азыктарды сатып алып, ушул багыттагы өндүрүшкө пайдасын тийгизип жатат. Курулуш тармагы акыркы 1-2 жылда кайрадан ирденип, жакшы өнүгүп жатат. Анткени сырттан акча көп келе баштады, үй алгандар көбөйдү. Кыргызстанга иш ачкандар көбөйдү. Мисалы, Каныбек Акаев деген жигит Кара-Сууда таш заводун ачты. Швецияда иштеген жараныбыз Баткенге заманбап технология менен жабдылган оорукана салды. Дагы бирөө Караколдогу лыжа базасына мейманкана ачып жатат.

Анткен менен Миграция кызматы мактануу менен айтып жаткан инвестор Каныбек Акаев Кыргызстанда иш баштоо оңой-олтоң эмес экенин, мамлекет сөз жүзүндө гана колдоо көрсөтүп жатканын "Азаттыкка" айтып берди.

"Чет өлкөлүк инвестор тапканын эселеп өндүрүп алып кайра чыгып кетет. Ал эми кыргызстандык инвестор келсе, анын акчасы ушул жерде калат".

- Келген инвесторлор Кыргызстанда калыш үчүн 1 млн. долларды ошол ишке киргизип, бул жакта иштетип жаткандыктан "3-5 жыл салыктан бошотулсун" деген токтом болуш керек. Же "салган инвестициясын эки эсе кылып алганга чейин салык төлөбөсүн" деген сыяктуу кызыктыруучу шарттар болмоюнча өлкөгө туура көз карашта кирүү аябай кыйын. Чет өлкөлүк инвестор тапканын эселеп өндүрүп алып кайра чыгып кетет. Ал эми кыргызстандык инвестор келсе, анын акчасы ушул жерде калат. Биздин компания ачык-айкын иштеп баштасак, ачылгандан үч күндөн кийин салыкчылар келип "кана-кана" дей берсе келген инвестор да качып, кайта келбес болот. Финпол болсо мыйзамдашкан эле рэкеттер экен.

Буга чейин өкмөттүн алдында сыртта иштеп, мекенге салым кошчулардын каражатын топтоочу атайын фонд түзүү боюнча демилге көтөрүлүп, ошол бойдон токтоп калган. Топтолгон каржатка ири ишкана ачуу максаты бар экени да айтылган болчу.

Ал эми Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Жоодар Омошевдин айтымында, мындай фондго акча которууга мигранттар ишеним көрсөтө алышкан эмес. Ал Кыргызстанга инвестиция салууга даяр мекендештерге мамлекет Түркия сыяктуу жеңилдиктерди бериши зарыл деп эсептейт. Мисалы, чет өлкөдөн келип өз өлкөсүнө инвестиция салган түркиялыктарга узак мөөнөткө жер, үстөк пайызы 4-5% ашпаган насыя берилип, салык жагынан жеңилдиктер каралган.

- Фонд түзүү боюнча жакшы демилге көтөрүлгөн, бир жыл иштетилди. Уюштуруу маселеси абдан оор болгон. Бирок иммигранттар ишеним көрсөтө алган эмес. Алар акчасын ал жакка салгандан көрө айылга жөнөтүп мал алып, көбүрөөк каражат болсо батир алганга жумшашты. "Үй, жер, там болсун, бул кыймылдабаган, өлүү акча" деп эсептелет. Ал мамлекетке эч качан пайда алып келбейт. Акча кайра акча алып келгенде гана пайда алып келет. Бул инвестициялык долбоорлорго акча жумшаган учурда гана мамлекетке пайда болот деген кеп. Бизде азыр чет өлкөлүк жана кыргызстандык инвесторго бирдей шарт түзүлүп калган.

"Роза Отунбаева фонду" чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын каражатын гана эмес, акылын, билимин өлкөнүн өнүгүшүнө пайдалануу боюнча демилге көтөрүп, "Мекендештер" форумун өткөрүп келатат. Фонд бир топ жыл мурда ар кандай себептер менен чет өлкөгө кетип, бүгүн телчигип, ирденип, кайра мекенине салым кошууга даяр болгон инсандардын башын бириктирүү максатын койгон.

Фонддун жетекчиси Догдургүл Кендирбаева четтеги кыргызстандыктарды колдоого мамлекет да даяр болушу зарыл экенин белгиледи:

"Эгер мекендештер 50 сом берсе, маселени чечүүдө жергиликтүү эл дагы 50 сомун берсин".

- Биз четте жүргөн мекендешердин кайсы тармактарга инвестиция сала алаарын изилдеп чыктык, анын картасын түздүк. Эгер мекендештер 50 сом берсе, маселени чечүүдө жергиликтүү эл дагы 50 сомун берсин. Алардын каражатын алуу менен гана токтоп калбастан, муктаждыктарын канааттандыруунун үстүнөн иш алып барышыбыз керек.

Ири ишкана ачуудан тышкары, мигранттардын өз айылына көпүрө салып, мектебин оңдоп, анын кем-карчын бүтөгөн, маданият үйүн, спорттук комлекс куруп берген бир катар мисалдар бар.

Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун маалыматы боюнча, 2040-жылга чейин миграция саясатын өнүктүрүү боюнча концепция иштелип чыкты. Учурда ал өкмөттүн кароосунда. Анда инвестиция тартуу, аны экономиканы өнүктүрүүгө багыттоо, ошол эле өнөр жай, соода-сатык, кен казуу, энергетика, туризм тармактарына инвестиция алып келүү боюнча сунуштар камтылган.

Ал ортодо биз башында сөз кылган кыргызстандык ишкер Каныбек Акаев азыркы жаңы бийликти ишкерликти түшүнгөн, инвесторлор менен иштөө жобосун билген кадрларды тартып, татаалдашкан, айкындуулугу жок бюрократияны жоюуну сунуш кылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG