Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:59

Орусияда мигранттарды жумушка орноштурган ортомчу агенттиктерге алданып, айлыгын албай калган кыргызстандыктар арбын. Мамлекеттик миграция кызматы ушул жылдын январь-август айларында Орусиядагы жарандардан  жалпысынан 67 миллион рубль эмгек акысы төлөнбөй калгандыгы тууралуу кайрылуу түшкөнүн маалымдаган.

Орусияда жумуш берүүчүлөр мигранттарды аутсорсинг, тагыраак айтканда, ортомчу агенттиктер аркылуу иштеткен тажрыйба кеңири жайылган. Мындай учурда иш берүүчүлөр кол астындагы мигрант үчүн эч кандай жоопкерчилик албайт. Ал эми аутсорсинг ишканалары мигрант акысын жеп койгон учурлар арбын.

Москвада иштеген Динара кыргызстандык беш мигрант соода түйүндөрүн жууп-тазалап иштеп, айлыгын албай калгандыгын айтты:

- «Ресурс» деген клининг ишканасы болчу. Москвада «Перекресток» деген 11 дүкөндү тазалачубуз. Оксана аттуу менеджери менен сүйлөшүп, кыргызстандыктарды жумушка чакырып берчүмүн. Бардыгы жакшы болуп, акыбызды күн сайын төлөп жаткан. Анан эле «азыр кармалып жатат, айдын аягында беребиз» деп коюп жумуштан кетип калды. Беш кыргызстандыктын, анан менин айлыгым төлөнбөй калып кетти. Директоруна барсам, «мен сени тааныбайм» дейт. Эмгек келишимибиз да жок эле.

Акысын алдырган мигранттар арбыды

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга жумуш берүүчүлөрдөн айлык акысын алуу чоң көйгөйгө айланууда.

Орусияда курулуш, тазалык жана тейлөө тармактарында аутсорсинг схемасы кеңири таркаган.

Аутсорсинг менен жакшы тааныш Жамал ортомчулар жумушка орношкон ар бир мигранттын эсебинен акчалай киреше табарын айтууда:

- Аутсорсинг компаниялар «кара бухгалтерия» менен иштейт. Булар турганда бир айда канча миң мигрант ишке орношконун көзөмөлдөө кыйын. Башкы жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүп алып, алардан жумушчуга саатына 250-300 рублдан алса, иштеген мигрантка 150-180 рубль төлөп беришет. Мисалы, отелдин жумушчусу 110-120 рублдан берет. Калган 80-90 рублин өздөрү алып калат. Андан тышкары, мигранттардын күнүмдүк тапканынан салык же дагы башка деп айына акча кармагандар бар. Чындыгында эч кандай салык, социалдык төлөмдөр төлөнбөшү керек. Мигранттар эмнеге акчасын кармап жатканын деле түшүнбөйт. Аутсорсинг компанияларда славяндардын эмгек акысы борбор азиялыктарга караганда көп. Бирдей эле жумуш аткарат, бирок айлык ар кандай төлөнөт.

Аутсорсингде иштеген Төлөгөн Козубаев мигранттарды ортомчулар аркылуу иштетүүгө биринчи кезекте жумуш берүүчүлөр кызыкдар экенин белгилейт. Анткени чет жактан келгендердин миграциялык документтерин мыйзамдаштыруу машакатынан жумуш берүүчүлөр жаа бою качат.

- Бул жерде пайда көргөндөр – жумуш берүүчүлөр. Алар мигранттарды жумушка алып алып, миграциялык документтерин жасап, аларга салык төлөп, эмгек китепчесин ачуудан качат. Ошондуктан, ушундай ортомчу ишканаларга кайрылат. Мындай ортомчу ишканалардын миграциялык документтерди жасай турган жерлери бар. Аутсорсинг компаниялар ошентип ортодон акча табат. Айрымдары мигранттарды жасалма документтер менен каттайт. Мурдатан эле Кыргызстан Евразиялык биримдикке кире электе, биздин мигранттар мунун баарын билип жумушка кирчү. Азыр патентсиз иштеп, бир катар жеңилдиктер болгондон кийин мигранттар да муну түшүнүп, жумуш берүүчүгө түз барып ишке орношууга аракет кылып жатат. Мындай учурда айлык акы жогору болот, жумушка мыйзамдуу орношууга дагы мүмкүнчүлүк бар.

Борбор Азиядагы Америка Университети жарыялаган “Мигранттар көрүнбөгөн күч” деп аталган көргөзмөдөн алынган сүрөт. 27-сентябрь.
Борбор Азиядагы Америка Университети жарыялаган “Мигранттар көрүнбөгөн күч” деп аталган көргөзмөдөн алынган сүрөт. 27-сентябрь.

Москвада жумушка орноштуруучу чакан агенттикти жетектеген Айзат Тойчубаева мигранттар кара ниет ортомчуларга алданып калбашы үчүн сөзсүз аутсоринг ишкана жөнүндө маалымат алып, эмгек келишимин түзүү керектигин эскертти:

- Биз убагында ушинтип мекендештер алданбасын өзүбүздүн адамдарды өзүбүз жумушка киргизели деп клининг ишканасын ачканбыз. Азыр иш жүрүп жатат. Албетте, шылуундук кылган агенттиктер толтура. Бул жерден мекендештерге айтарым, түз эле аутсорсинг компанияга барып, алар аркылуу иштегенден мурда компания жөнүндө сураштырып, эмгек келишимин түзүп, маалымат алуу керек. Ошондо көчөдөн эле жумушка кирип алып, кийин «айлыгымды бербей жатат» деген сөздөр болбойт.

Орусияда эмгек акысын албай калган мигранттар учурдун башкы көйгөйү. Москвадагы Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылгандардын дээрлик бардыгы айлыкка байланыштуу.

Мамлекеттик миграция кызматы ушул жылдын январь-август айларында Орусиядагы жарандардан жалпысынан 67 миллион рубль эмгек акы төлөнбөй калгандыгы тууралуу 1638 кайрылуу түшкөнүн маалымдаган . Миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү анын ичинен 24 миллион рублин жарандарга өндүрүп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG