Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Мигранттар: мушташтан кийин текшерүү күчөдү


Рейд учурунда кармалган мигранттар. 30-июль, 2013-жыл. Москва.
Рейд учурунда кармалган мигранттар. 30-июль, 2013-жыл. Москва.

Өткөн жумада Москванын бир базарында жүзгө чукул тажикстандык мигрант нааразылык көрсөтүп чыккан. Буга байланыштуу Москвада мигранттардын документтерин текшерүү жана камоо күчөгөнү айтылды.

20-сентябрда Москванын Люблино районундагы «Москва» соода борборунда коопсуздук кызматкерлери сабаган делген тажикстандык жаранга болушуп, жүзгө чукул мигрант нааразылык жүрүшүнө чыккан.

КМШ мигранттары федерациясынын жетекчиси Каромат Шарипов 27 жаштагы Навруз Закиров жүк ташуучу болуп иштегенин, коопсуздук кызматкерлерине күнүмдүк салык төлөөдөн баш тарткан соң ур-токмокко алынганын билдирген.

- 20-сентябрда саат 14:30 чамасында базардын коопсуздук кызматкерлери тажикстандык жаранды 400 рубль акча төлөбөгөнү үчүн обочо алып кетишкен. Алар базарда иштеген жүк ташуучулардан күнүнө акча алышчу экен. Мындан кийин мигрант жигитти базардын жанындагы таштандыда ак чүпүрөккө оролуп жаткан жеринен бирөөлөр таап алган. Дароо Тез жардам чакырышып, 68-ооруканага алып кетишкен. Мен жигиттин туугандарынын чакыруусу боюнча ал жерге бардым. Ооруканада азыркыга чейин туугандарын киргизбей жатышат. "Өзү оорукчан экен" деген ар кандай сөздөр айтылып жатат. Менин колумда тажикстандык мигрантты өздөрү каалагандай кыстап сүйлөтүп жаткан видео да бар.

Орус полициясы
Орус полициясы

Тажикстандын Орусиядагы миграция кызматы бул окуя орусиялык укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынганын, Закировдун сабалышы боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 116-беренеси («уруп-сабоо») боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Орусиянын укук коргоо органдары бунтка 50-250 мигрант чыкканын, 90дой адам камакка алынганын билдирген. Камакка алынган мигранттарга 213-берене («бейбаштык») боюнча кылмыш иши ачылган.

Люблино районундагы «Москва» соода борборунда иштеген кыргызстандык Мээрим бул окуядан кийин базарда коопсуздук күчөтүлгөнүн айтты:

- Ошол күнү иште элек. Өлтүрүп кетиптир деген кабар тарап тажиктер чогула баштады. Көбү бул жерде жүк ташып, тачка сүйрөп иштейт. Кыргыздардын көбү сатуучу. Биз жумуштан эрте чыгып кеттик. Он чакты автобус полиция келгенин көргөнбүз. Баарын эле текшерип, кыргызстандыктарды кое беришкен. Эми «катуу текшерүү болот экен» деп угуп жатабыз, азырынча текшере элек. Бирок коопсуздук кызматкерлери жана полиция көбөйдү.

Москвада иштеген дагы бир мекендешибиз Нурбек Чыныбеков полициянын текшерүүсүнө кабылган.

- Түндө иштен келе жаткам. Жолдон токтотуп, полиция бөлүмүнө алып барышты. Себебин сурасак, тажикстандыктар менен болгон окуяга байланыштуу экен. Бөлүмдөн өзбекстандык, тажикстандыктарды жолуктурдук, кыргыз балдар дагы бар экен. Бир жарым сааттай документибизди текшерип анан кое беришти. Документтерибиз жайында болчу.

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар полициянын ыксыз текшерүүлөрү көбөйүп, кыргызстандыктарга кысым күчөгөнүнө нааразылык билдирип элчиликке барышты.

Дем алыш күндөрү Москвада мигранттар эс алган кафеде ОМОНдор рейд жүргүзгөнүн атын атагысы келбеген кыргызстандык мигрант айтып берди:

- Люблино районундагы кыргыздардын кафесине ОМОНдор кечки саат 7де келишти. Конокторду жана жумушчулардын баарын Зябликово ОВДсына алып кетишти. Азыр таңкы саат сегиз болду. Ушуга чейин баарыбыздын паспортторубузду чогултуп алып кармап отурушат. Бул жерде кыргыздар, өзбектер бар. Эмне себептен бошотпой жатканын дагы айтышпайт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада кыргызстандык мигранттардын камакка алынуусу боюнча кайрылуу болбогонун билдирди. Мигранттарды убактылуу камоочу Сахароводогу жайда тек-жайы жана миграциялык документтери аныкталбаган 32 кыргызстандык кармалып турат.

Былтыр майда Москванын Хованский көрүстөнүндө кавказдыктар жана тажикстандыктар уруша кетип, ок атылган. Жаңжал мигранттар белгисиз топко көрүстөндө иштөө үчүн күнүмдүк салык төлөөдөн баш тарткандан кийин келип чыккан. Окуянын күбөлөрү мушташка 500дөй, ал эми полиция 200дөй адам катышканын айткан. Көрүстөндөгү мушташта тажикстандык үч мигрант өлүп, тогузу жарадар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG