Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

ФСБдан корккон тажик мигранттары


Орусияда тажик мигранттар коопсуздук кызматынын өкүлдөрү алар менен иштешүүгө мажбурлап, опузалап жатканына нааразы.

Мындай көрүнүш айрыкча 14-августта үч тажик жараны террорчулук боюча айыпталып камакка алынгандан кийин күчөдү.

Укук коргоочулар кызматташуудан баш тарткан мигранттар эми ар кандай шылтоо менен депортация болушу мүмкүндүгүн айтып, кооптонуп жатышат.

Ширинжон Калдаровду шаршемби күнү метронун чыга беришинен эки бейтааныш адам тосуп алган. Алар өздөрүн Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү деп тааныштырган жана мигранттын документтерин, телефонун ачып тыкыр текшеришкен. Калдаров "Азаттыктын" тажик кызматына алардын башкы максаты кызматташууга көндүрүү болгонун айтып берди:

- Документтеримдин баары жайында болчу. Телефонумда деле кылмыштуу эч нерсе жок эле. Алар мени эч ким көрбөгөн жерге алып барып бир телефон номерди колума карматты. Мындан ары кандайдыр бир шек жараткан мекендештерим тууралуу аларга акырын маалымдап турушум керектигин айтышты. "Эгер маалымдап турсаң акча аласың" дешти. Мен баш тарткандан кийин алар мени коркутканга өтүштү жана ойлонууга бир жума убакыт беришти. Мен Орусияда төрт жылдан бери иштейм. Буга чейин эч качан мындай окуяга кабылган эмесмин.

Калдаров кечинде бул окуя тууралуу чогуу жашаган мекендештерине айтып берген. Алар дагы кудум ушундай эле көрүнүшкө туш болгонун билдиришкен.

Буга чейин орус коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн "Сахаров" миграциялык борборунда, жатаканаларда, көчөлөрдө, курулушта тажик жарандарын кызматташууга көндүрүүгө аракет жасаган учурлары бирин-экин болуп келген. Бирок бул көрүнүш 14-августта террорчулук боюнча үч тажик жараны кармалгандан кийин массалык түрдө көбөйдү.

Коопсуздук боюнча федералдык кызмат бул топ бир орус жараны жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген үч адамдан турат деп маалымдаган. Кийинчерээк бул үчөө тажикстандык Сиёвуш Давронзоде, Давлатёр Хожиев жана Сулаймон Бурханов экени белгилүү болгон.

Коопсуздук кызматы алардын бирөө жардыргыч зат даярдоонун кыныгын алган адис, экөө жанкечти-террорчу деп билдирген. Ошондой эле алар тар чөйрөдө "Сатананын энеси" деп тергелген жардыргыч затты Москвадан анча алыс эмес аймактагы жашыруун лабораторияда жасаганы, анда "трипероксид ацетон" деп аталган өтө опурталдуу дары колдонулганы айтылган.

Москвадагы "Этмос" уюмунун башчысы Каримжон Ёров коопсуздук кызматы менен иштешүүдөн баш тарткан тажик мигранттар ар кандай шылтоолор менен депортация болушу мүмкүндүгүн айтты:

- Соңку эки күн ичинде эле бизге Тажикстандан келген сегиз мигрант ФСБнын опузасына кабылганын айтып берди. Мисалы, Тула облусунан жакында эле Москвага көчүп келген Тажикстандын жараны кайрылды. ФСБ ага кызматташууну сунуштаптыр. Ал баш тарткан экен. Азыр эми анын документтеринин баары жайында болсо деле депортация кылганы жатышат. Биз сотко кайрылып, анын ишин акыйкат карап беришин өтүнүп жатабыз.

Бирок "Альфа" террорго каршы бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык бирикмесинин жетекчиси, коопсуздук кызматтын консультативдик кеңешинин мүчөсү Сергей Гоначаров мунун баары коопсуздук чаралары экенин айтууда:

- Орус коопсуздук кызматы ар кандай теракттын алдын алуу максатында мигранттарды кызматташууга тартып жатат. Мен бул жерден эч кандай жаман иш көргөн жокмун.

Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматынын башчысы Александр Бортников террордук топторду негизинен Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдөн келген мигранттар түзөт деп билдирген. Апрель айында Санкт-Петербург шаарында 15 кишинин өмүрүн алган метродогу жардырууну уюштурган топко Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн жарандары мүчө болгон деп айткан. Алардын айрымдары Сирия, Ирак өңдүү өлкөлөрдө согуш жүрүп жаткан аймактарда болгону, атайын машыгуудан өтүп келгенин кошмчалаган.

Тажикстандык эксперт Мухаффор Олимовдун айтымында, бул көрүнүш боюнча атайын сурамжылоо жүрүп, анын жыйынтыгы талданган. Иликтөөгө ылайык, ар кандай террористтик жана экстремисттик топторго тартип коргоо органдарынан жана улутчулдардан запкы көргөн, кодуланган мигранттар кошулуп кетери, террордук топтордун эмиссарлары негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жашоосуна нааразы, кыйналып жүргөн адамдарды тартууга аракет жасашары белгилүү болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG