Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Сахалинде камакта жаткан кыргызстандык Жаннат


Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында иштеп жүрүп камакка түшкөн кыргызстандык Жаннат Акылбеков жергиликтүү балдардан ыдык көргөнү айтылууда.

Күйүткө баткан эне

Зууракан Балтабаева Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында иштеп жүрүп, түрмөгө түшүп калган баласына укуктук жардам керек экенин айтып "Азаттыкка" кайрылды. Анын билдиришинче, быйыл 28-июлда баласы Жаннат Акылбековду эс алууга барган достору деңиз жээгине жалгыз таштап кетишкен. Маалыматтарда ал мас болгон.

Жаннат бир оокумда ойгонуп, түнөп кетүүнү суранып баш баккан үйдүн ээлеринен ыдык көргөнү айтылууда. Көзүнө жаш алган эне баласынын окуясын айтып отурду:

- 28-июлда Охотск деңизине барып эс алып, ошол жерде жатып калыптыр. Түнү эсине келип турса, жээкте жатыптыр, үшүп да калганбы... Түнөп кеткенге жер барбы десе, жергиликтүү киши бир үйдү көрсөтүптүр. Ал жакка барса эки бала бар экен. Ал балдар киргизип алып аябай кыйнап, уруп, бизге акча котор дептир.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Зууракан эженин айтымында, сураган акчаны Жаннаттын иштеген жеринен жетекчиси которуп жиберет. Бирок Жаннат өч алуу үчүн ал аймакка кайра барат:

- Баламдын жаштыгы, билимсиздиги дагы болуп калды окшойт. Ызаланып, досторун ээрчитип барып, кайра тиги эки баланы сабап салат. Чалагайымдыгын карабайсыңбы, өзү милицияга барып арыз жазып, жергиликтүү балдарды урганын айтыптыр. Милициялар "бизге арыз түшө элек, кете бер" деп кетирип жиберишет. Балам үйгө келгенден кийин эле артынан 10-15 милиция келип, үйүн тинтип, колуна кишен салып алып кетиптир. Азыр эми камакта жатат.

Маалыматтарда жергиликтүү тургундар милицияга Жаннат Акылбеков алардын телевизору менен ноутбугун уурдап кеткенин айтып, арызданышкан. Милиция да ушунун негизинде уурулук боюнча иш козгогон. ​

Жаннат Орусияда бир жылдан ашуун убактан бери иштеп жүргөн. Шаарда тез татым сатчу жерде иштеп, Кыргызстанда калган энесине, майып агасына жана инисине кол кабыш кылып турчу экен:

- Азыр ал жакта жээнибиз бар. Адвокаттарга барса 100-200 миң сурап жатышыптыр. Анча акчаны кайдан тапмак элек. 1992-жылы туулган балам экинчи топтогу майып, аны таштап эч жакка чыга албайм. Бизди баккан балам эле Жаннат болчу. Ал дагы 2011-жылы эхинококк болуп операция болгон. Дарыгерге барып улам көрүнүп турушу керек болчу. Оор жумуш кылса болбойт дегенди укпай, жер алып там салам деп кеткен эле. Эми СИЗОдо жатат дейт, канатым болсо учуп барат элем. Кантип, кандай акыбалда жатат...

Талкаланган тагдырлар

Сахалинде расмий сегиз миңдей, бейрасмий 17 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт.

Орусия. Полиция мигрант жигиттин документин текшерүүдө.
Орусия. Полиция мигрант жигиттин документин текшерүүдө.

Бул аймакта уурулук, талап-тоноо, маңзатты мыйзамсыз ташуу беренелери менен 30дан ашуун кыргызстандык абакка кесилген. Аймактагы кыргыз диаспорасынын башчысы Алтынай Рустамова талаа жеринде ичимдик ичип, анын айынан тагдыры талкалангандар көбөйгөнүн белгиледи. Рустамова Жаннатты деңиз жээгине таштап кеткен досторун издеп жатышканын кошумчалады.

- Бүт арактын айынан болуп жатат. Чындыгында жаштар такыр укпайт, диаспораны көңүлүнө деле алышпайт. Кыздарыбыз деле ушундай болуп кеткен. Досторунун, туугандарынын артынан келип алышып, жумушка мыйзамсыз орношот. Анан айлыгын бербей коюшат. Мунун артынан мушташышат. Бири-бирин сатышат, мындайлар аябай көп. Жакында эле эки кыргыз бычакташып, бирин союп салды. Кыргызстанга сөөгүн жөнөттүк. Жаннатты жакшы тааныйм, жакшы бала, анын күнөөсү жок. Болгону алардын үйүнөн телевизор менен ноутбугун алып чыгып кетип атат. Уурулук үчүн деп отурат. Азыр адвокаттар менен сүйлөшүп, досторун сураштырып, кимдер экенин издеп жатабыз. Жок дегенде адвокатына жардам беришсин.

Орусияга келген ж​аштар сабаттуу болсо

Ал эми Кыргызстандын миграция кызматынын Сахалин облусу боюнча өкүлү, кыргыздардын дагы бир диаспорасынын жетекчиси Эшимбек Толбаев Орусияга агылган жаштардын мыйзамдарды, орус тилин үйрөнүп келишин каалайт:

- Өзгөчө жаштар ушундай кырсыктарга кабылып жатышат. Биринчи мыйзамды, анан орус тилин билиши зарыл. Милиция кармаганда жоопту так бериши керек. Каякта иштеп жатасың, каякта жашайсың десе жооп бере албайт, унчукпайт. Кыргызстанда орусча үйрөтүш керек. Бизде Москвадай эмес, тынчыраак болчу. Көп текшербейт эле. Азыр теракттан кийин көп текшерип атат.

Уурулук үчүн камакка алынган Жаннат Акылбековдун апасы Зууракан Балтабаева баласына жардам берүүнү өтүнүп, Тышкы иштер министрлигине да кайрылган. Министрликтин Консулдук департаментинин атташеси Эрмек Каныбеков окуя боюнча кабардар экенин, мүмкүн болгон жардамды берүү боюнча тапшырма берилгенин "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Владивостоктогу өкүлчүлүк бул боюнча иш алып барууда.

Орусияда кылмышка шектелип камакка алынган мигранттар үй-бүлөсү менен байланыша албай, айлап-жылдап дайынсыз кеткендер болот. Аларга өз маалында юридикалык жардам дагы көрсөтүлбөй калган учурлар кездешет. Орусиянын абактарында кылмыш жообуна тартылып, жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардын саны эки миңге жетет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG