Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Миграция үй-бүлө кутун качырды


Наргиза
Наргиза

Орусияда миграцияда жүргөн кыргыздардын арасында бузулган үй-бүлөлөр, атасыз төрөлгөн балдар көйгөйлөрү жылдан жылга курчуп келет.

31 жаштагы Наргиза жети жыл мурда Москвада турмушка чыккан. Азыр ай-күнү жетип, «жакында балалуу да, үйлүү да болобуз» деп сүйүнүп турганда турмушу күтүүсүз бузулганын айтып отурду.

- Ата-энебиз, тууган-уруктун баары билет. Бизди анын эжелери тааныштырган. Жети жыл жашадык, көптөн бери балалуу боло албай жүрүп, эми аябай күтүп жатканбыз. Паспортумдун мөөнөтү бүткөндө Кыргызстанга кеткем. Бир айда билетке акча салам деген күйөөм ың-жыңсыз жоголуп, байланышка чыкпай кетти. Өзүм келсем, батирде башка бирөө менен жашап алыптыр. Ал келин өзүмдүн эле айылымдан. Күйөөм челкейген ичиме карабай «эмнеге келесиң?» деп сабады.

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"

Москвада өз алдынча жарандык никеде жашап алып, бирок, үй-бүлөдө чыккан турмуштук келишпестиктерден улам ойго келбес жоруктарга баргандар кездешет.

Наргиза күйөөсү Нурлан сабап эле тим болбой, жалган жалаа менен полицияга салып бергенин айтты. Эми көз жарар алдында келиндин Москвада барар жери жок, айласы кетип турган кези:

- Бети-башым көгала болуп, ооруканага түшүп калдым, кагаздарым бар. Анан чечишели деп жолугуп, күнөөсүн моюнга алып, кечирим сураса, кайра эле «баламдын атасы го» деп элдешип алып жатпайымбы. Ортодо үй алалы деп чогулткан акчабыз бар эле. Ал Орусиянын жараны, акчаны өзүнүн атына салчу. Мен Кыргызстандан үй алганга сүйлөшүп келгем. «Ошону алып кел, ортого коёлу» десем, кечинде кайнагам менен келип, мени полицияга салып берди.

Тогуз ай болуп турганыма карабай, колумду толгоп үйдөн Кузьминки метросундагы бөлүмгө алып барышты. Ичим катуу ооруп, ошол жерден кайра Тез жардам менен ооруканага түшүп калдым.

Жолдошум кийим-кечесин, акчаны алып кеткен бойдон дайыны жок. Кайнагам жана Улан Кошматов деген бир кыргыз бала бар экен, Москвада, ошолордун көрсөтмөсү боюнча мага карата арыз жазып жүрүшөт экен, куру доомат менен. Аны күйөөмдүн достору эле айтып келишти. Банктагы акчаны мен ала албайт элем, ал күйөөмдүн атына жазылган болчу.​

Наргиза жолдошу Нурлан менен расмий никеге турган эмес. Мыйзам чегинде эч кандай укугу жок экенин келин эми түшүнүп жатат. Келин ушу тапта Кыргызстандын ИИМнин Москвадагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылып, укуктук жардам күтүп отурат.

Улан Кошматов
Улан Кошматов

Ал эми Улан Кошматов бул окуяга жардам берүү үчүн кириптер болгонун айтты:

- Жигиттин айтымында, аны аялы үйүнөн балдар менен алып чыгып, токойго алып барып сабаттырган. Эртеси банктагы 1 миллион 200 миң рубл акчасын алышкан. Анан булар Кузьминки облусу боюнча ИИМ бөлүмүнө арыз жазышканын, азыр Тергөө комитети карап жатканын билем. Арызды көргөм. Мени "жардам керек" деп чакырышкан.

Мен кыргыз диаспорасынын өкүлүмүн. ИИМ, Тергөө комитети жана башкалар менен таанышмын. Кылмыштуулукка каршы ишимди уланта берем. Баланын өзү кайда экенин билбейм. Сени деле бандиттер токойго алып чыкса, коркуп, бекинесиң да туурабы? Ал бала бекинип жатса керек. Милиция кызматкерлери ошол балдардын сүрөттөрүн көрсөттү. Мен аларды бандит катары билем. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү.

Урмат Байматова
Урмат Байматова

Улут трагедиясы...

Орусияга иштегени барып бузулган үй-бүлөлөр, атасыз төрөлгөн балдар көйгөйү жылдан жылга курчуп, "улут трагедиясына айланганы" бир нече жылдан бери айтылып келет. Орусияда кыздарга жардам берип келген ишмер Урмат Байматова кыргыз жигиттери үй-бүлө алдында жоопкерчилик алуудан качып калганын айтууда:

- Бөтөн жерде, бөтөн элде кыздарыбызды ушинтип өзүбүздүн эле жигиттер таштап кетип жатпайбы. Ыйлап келген кыргыз кыз-келиндерди көрүп алып жүрөгүм канайт. Анан «кыздар бузулду» деп коюшат. Булар боюна бүтүп, алты-жети ай болгондо талаада калып жатпайбы.

Мунун баары үй-бүлөдөгү тарбиянын, ата-эненин көзөмөлүнүн жоктугунан болуп жатат. Балдары беш сом салса, ошого ыраазы болуп, эмне кылып жүрүшкөнүн билишпейт. Тажик менен өзбектин бир кызы же келини ушинткенин укпайм. Анткени алардын эркектери экинчи же үчүнчү аял алса да балдарын талаага таштабайт!

Талгара Жолонова айым мигранттык турмуштун шарттарынан улам жаш үй-бүлөлөр кыйынчылыктарга туруштук бере албай жатканын айтты:

- Кыргызстандан жакшынакай той кылып, жаштарды үйлөнтүп жиберишет. Анан бул жакка келсе, турак жайы жок. Анан көпчүлүк менен жашайт же эрди-катын эки жакка бөлүнүп калат. Ажырашкан келиндер болот, бирөөнүн эсебинен жашоону каалагандар болот. Бардыгы жеңил ойлуулуктан, күнүмдүк жыргалчылыкты жогору койгондуктан болуп жатат.

Москвада жыйырма жылга жакын жашаган Гүлбара Тахтарова айым мигранттар арасында үрп-адат, нарк-насилдер, улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголуп бара жатканын белгиледи:

- Караңгылык, көз караштардын тайкылыгы. Мен 16 жылдан бери Москвадамын. Эмне деген гана көрүнүштөр болуп жатат. Муну коомубуздагы караңгылыктан, адамдарда үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголуп жатканынан көрөм. Муну «бир гана адамдар Москвага келип алып жасап жатат» деп айтууга болбойт, айылда да мындайлар четтен чыгат. Бул - коомубуздагы руханий жакырчылыктын, адамдардын жан дүйнөсүнүн жардылыгынын күзгүсү. Уят-сыйытты жыйыштырып, баары өз билгенин кылып калышты.

Кыргызстандын Социалдык коргоо министрлиги 2011-жылдан бери Орусияда ата-энеси таштаган 63 баланы Кыргызстанга кайтарган. Алардын көбү мыйзамсыз никеде төрөлгөн. Бул бөбөктөр Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине өткөрүлүп берилген.

Ал эми Орусияда расмий баш кошкон жана ажырашкан адамдардын саны боюнча статистикалык иликтөө жүргүзүлбөйт. Диний нике менен жашагандардын так саны белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG