Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:57

Кыргызстанда 55 миңдей бала ата-эне мээриминен өксүп чоңоюп жатат.

Алардын көпчүлүгүнүн ата-энеси миграция шары менен Орусияга, Казакстанга жана башка жактарга кеткен. Бирок өз ата-энесинин колунда тарбияланбаган балдар тартипсиз, бейбаш болуп чоңоюп калуу коркунучу бар экенин адистер белгилешет.

Айзат Бактияр кызы кичинекейинен эле таенесинин колунда тарбияланган. Анын апасы 10 жылдан бери Москва шаарында эмгектенет.

- 3-класста окуучу элем. Апам кесиби боюнча англис тилинен мугалим болчу, аз айлык алгандыктан ишин таштап, Москвага кеткен. Азыр 18 жаштамын. Ош мамлекеттик университетинде окуйм, таенемдин колунда тарбияланып келем... Эки агам бар. Алар да Москва шаарында иштейт. Улуу агам жакын арада келет. Кичүүсү болсо апам менен ал жакта иштейт. Апам эки-үч жылда бир келип кетет, анда да бир айга. Быйыл жайында мени апам өзүнүн жанына чакырып, бир ай Москвада жүрүп келдим. Албетте апам бул жакка келгенде "кетпе" деп суранабыз. Анткени сагынып, куса болобуз, жаныбызда жүрүшүн каалайбыз. Эне мээримин эч нерсеге алмаштыра албайт экенбиз. Ошондуктан мен алдыма жакшы билим алып, кийин өз кесибим менен иштейин деген максат койдум.

Айнагүл Канатбекованын ата-энеси да ал 4-класста окуп жатканда Орусияга жумуш издеп кеткен.

- Ата-энем Якутияда. 1986-жылкы акем да ошол жакта жүрөт. Алар эки-үч жылда бир келип турушат. Кетип жатканда жибергим келген эмес, мен аларды сагынам, куса болом. Ата-энем сегиз жылдан бери Орусияда, Кыргызстанга бир аз гана күнгө гана келишет, кайра биз аларды жибергибиз келбейт. Сагынычыбыз тарабайт, калайын десе жумуш жок, бизди багуу үчүн кетүүгө туура келет. Мени ал жакка жолотушпайт, жашоо кыйын дешет. Ата-энем "Окугула, бизге окшоп кыйналып иштешиңерди каалабайбыз” дешет. Биз азыр чоң энебиздин колундабыз. Мен үйдүн эң уулусу болгондуктан бөбөктөрүмө баарын түшүндүргүм келет, бирок алар кичинекей.

40 жылдык мугалимдик тажрыйбасы бар Шарапат Абдукаримова эженин да балдары Орусияга жумуш издеп кеткен. Эже небересин бойго жеткиче өзү багып өстүргөн.

- Неберем эркек болгондуктан аны кыйынчылык менен тарбияладым. Экстремисттерге, бандиттерге, жүрүм-туруму жаман балдарга кошулуп кетпесе экен деп сарсанаа болдум. Компьютердик оюндарга барат, балдар менен кетет... Ата-энесин сагынып чоңойду. Ата-эненин мээрими башкача болот тура.

Мигранттардын балдары билим алууда да аксайт. Тапшырма берсең аткарбай келет. Анткени үйүндө аларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Балдардын айрымдары ата-эне мээримин сезбей, ташбоор болуп чоңоюуда.

Ош облустук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Гүлзина Раева мамлекетте аталган маселе боюнча жүрүп жаткан иш- аракеттер тууралуу айтып берди:

- Азыркы учурда социалдык кызматкерлер үймө-үй кыдырып мигранттардын балдарын каттоого алып жатабыз. Шаар боюнча үч миңден ашуун бала каттоодо турат, бирок миграция процесси тынымсыз болгондуктан маалыматтар да өзгөрүп жатат. Андан тышкары балдардын мугалимдери, туугандары менен да иш алып барабыз. Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары жөнүндөгү кодексинин 74-75-беренелери боюнча чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер балдарына нотариалдык негизде камкордук көрчү адамды дайындап кетиши керек. Ошондо камкордук көрүүчүнүн милдеттери так аныкталат.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2015-жылы Орусияда 570 миң мигрант жүргөнүн аныктаган. Алардын саны 2016-жылдын 1-кварталында 20 миңге көбөйгөн.

Макаланы Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүүчү дебат ассоциациясы, «Сорос-Кыргызстан» фондунун жаштар программасынын каржылоосу менен уюштурган «Медиа түрлөрүн даярдоо аркылуу регионализм маселесин чечүү» аталышындагы медиа – лагердин алкагында Нургазы кызы Айгерим, Осмонова Жылдыз, Батыров Элмар жана Жуманазаров Расул даярдады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG