Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:39

Өкмөт башчынын мигранттарга берген убадасы


Өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушууга келген Орусиядагы кыргыздар.

30-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаков Москвадагы расмий сапарынын соңунда Орусиядагы кыргыз диаспораcы менен кезикти.

Жолугушууда Кыргызстандагы экономикалык абал жана чакан ГЭСтердин курулушу, орус-кыргыз алакасы, ага кошумча кош жарандуулук маселеси, орус жарандыгын алган мигранттардын Кыргызстанда чет өлкөлүк жаран катары миграциялык каттоого туруу жана менчик мүлккө болгон укуктарына байланыштуу көйгөйлөр талкууланды.

Орусияга карыз…

Орусиялык «Русгидро» ишканасынын Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна короткон каражаты боюнча эки тараптуу комиссия түзүлүп, аудит жүргүзүлөрүн премьер-министр Сапар Исаков мигранттар менен жолугушкан учурда маалымдады:

- ГЭСтерге байланыштуу маселе боюнча мен Дмитрий Анатольевичтен сурандым. Биз ал акчаны кайтарып беребиз, эч жакка качкан жокпуз, инвесторду табалы, анан акчаңарды төгүп, силердеги 50 пайызды кайтарып алабыз деген сөз болду. Инвесторду тапканда келишим боюнча 37 миллион долларды төлөп, 50 пайызын кайтарып алышыбыз керек. Орусия тарап бизди колдоп жатат. Ошол акчаны берерден мурун Орусиядан ГЭСтердин курулушуна коротулган акчалар боюнча аудит өткөрүлөт.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

​Сентябрдын башында "Русгидро" ишканасынын башчысы Николай Шульгинов Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын баштапкы курулушуна кеткен 37 миллион долларды кыргыз өкмөтүнөн өндүрүп алуу үчүн Эл аралык арбитражга кайрылуу боюнча консультант издей баштаганын айткан.

Кош жарандуулук

Ошондой эле эки өлкө ортосунда кош жарандуулук маселеси, орус жарандыгын алган мигранттардын Кыргызстанда чет өлкөлүк жаран катары миграциялык каттоого туруу жана менчик укуктарына байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлдү.

Сапар Исаков кош жарандуулукка Кыргызстан кызыкдар болгону менен Москва мындай келишимге макулдугун бербестигин билдирди:

- Чындыкты бетке айтыш керек. Кош жарандуулук маселеси эки тараптуу келишим аркылуу кабыл алынышы керек. Президент Алмазбек Атамбаев президент болуп келгенден бери ушул суроону көтөрүп келген. Ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргойт. Мен Орусияны коргогон жокмун, бирок келишим түзүүгө мүмкүндүк болсо, орус тарап мурун эле макул болмок. Бирөөнө макул болуп берсе, эртең башкалар дагы чыгышы мүмкүн. Айрым президенттикке талапкерлердин кош жарандуулук боюнча убада кылгандары чындыкка дал келбейт.

Жолугушууга келген Москвадагы кыргызстандыктар.
Жолугушууга келген Москвадагы кыргызстандыктар.

Былтыр октябрда Жогорку Кеңеш тышкы миграция боюнча мыйзамга киргизген өзгөртүүлөр боюнча чет өлкөнүн жарандары Кыргызстанда беш күндүн ичинде миграциялык каттоого турушу керек. Миграциялык талаптар сакталбаган учурда 10 миң сом айыппул салуу же өлкөдөн депортация кылуу чаралары каралган. Буга нааразылык билдирген журтташтарга өкмөт чектөөнү алуунун жолдорун кароону убада кылды. Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда орус жарандыгын алган кыргызстандык мигранттардын саны 500 миңге чукул.

Соода-сатык

Ал эми кыргыз өкмөт башчысы кыргызстандык азык-түлүктүн орус базарына чыгууда учураган тоскоолдуктарды жоюу үчүн убакыт берүүнү суранды:

- ЕАЭБдин алкагында атайын техникалык регламенттер кабыл алынган. Биз кааласак да, каалабасак да ал талаптарды сакташыбыз керек. Бир четинен бул бизге товарларыбызды жогорку сапатта даярдап сатууга мүмкүндүк берүүдө. Биз чындыгында биримдикке тоскоолдуксуз кирдик. Орусиянын Орус-кыргыз фондуна берген 500 миллион доллары биздин экономикабызды жандандырды. Ал эми 200 миллион долларга биз азыр лабораторияларды куруп, чек ара пункттарын техникалык жактан жабдып жатабыз. Азыр айыл чарба продуктылары боюнча кыргыз-орус соодасы 35 пайызга өстү. Бул башталышы эле. Кичине күтүшүбүз керек.

Мындан тышкары кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү орус жарандыгы менен Кыргызстанда мамлекеттик кызматка кирүүгө уруксат берүү, Орусиянын шаарларында консулдуктарды көбөйтүү, мигранттардын балдары үчүн кыргыз тилин жана үрп-адаттарын үйрөтүүчү жайкы лагерлерди уюштуруу жана Орусиянын шаарларында этномектептерди ачуу боюнча сунуштарды айтышты. Бул маселелер жакын арада өкмөттө каралары убада кылынды.

Өкмөт башчынын эки тараптуу жолугушуулары

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков Орусияга 29-сентябрда барган. Ал бул күнү Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык, ЕАЭБ алкагындагы долбоорлор, Орусиядагы кыргыз жарандарынын абалы тууралуу маселелерди талкуулады.

Сапар Исаков менен Дмитрий Медведев.
Сапар Исаков менен Дмитрий Медведев.

Сапар Исаков Орус-кыргыз фонду аркылуу келген каржы Кыргызстандагы ишканаларга жакшы жардам болуп жатканын айтты.

Өкмөт башчы Москвада “Сколково” инновациялык борборунун иши, «Коопсуз шаар» мамлекеттик программасы менен да таанышты.

Премьер-министр жетектеген расмий делегациянын курамында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев да болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG