Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Тагаев: Мигранттардын "жүк 200" көйгөйүн чечебиз


Мамлекеттик миграция кызматы жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" Орусиядагы мигранттарды камсыздандыруу максатында Орусиянын "Росгосстрах" компаниясы менен келишим түздү.

Долбоор Кыргызстан жарандарынын Орусияда медициналык жардам алуусуна жана жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Мигранттарды камсыздандыруу полиси тууралуу "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" акционердик коомунун ыктыярдуу камсыздандыруу бөлүм башчысы Рустамбек Тагаев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": "Росгосстрах" ишканасы менен бирге мигранттарды камсыздандыруу маселеси кандай чечилип жатат? Бул медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Рустамбек Тагаев: Орусиялык "Росгосстрах" ишканасы менен мигранттар үчүн камсыздандыруу полисин чыгаруу боюнча келишимге эки тараптуу кол коюлду. Бул камсыздандыруу полисин Кыргызстанда "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" чыгарат, ал эми "Росгосстрах" ишканасы Орусияда биздин жарандарды медициналык тейлөө менен камсыздоо жоопкерчилигин алат.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Биздин жаран Орусияга ишке баратканда Кыргызстандан полисти сатып алышы керек болот. Камсыздандыруу полиси 90 күндүк мөөнөткө берилет. Аны жарандарыбыз жумуш таап, жумуш берүүчү менен келишим түзгөндөн кийин алынчу ОМС - милдеттүү медициналык камсыздандыруу күбөлүгүн алганга чейин колдонсо болот. Полистин акысы 1700 сомдун тегерегинде болот.

"Азаттык": Бул камсыздандыруу полистерин кыргызстандыктар Орусияда сатып алса болобу? Орусияда бул полистер үчүн кайсы тарап жооптуу?

Рустамбек Тагаев: Орусияда бул полистер сатылбайт, Кыргызстанда гана сатып алса болот. Мамлекеттик миграция кызматынын колдоосу менен Кыргызстандын облустарындагы бөлүмдөрдө, Бишкек менен Оштогу аэропорттордо, темир жол жана автовокзалдарда сатылат. Азыр туристтик фирмалар менен дагы кызматташуу жөнүндө сүйлөшүп жатабыз.

Биздин жарандар үчүн бул жакшы долбоор. Полис боюнча камсыздандырууга Кыргызстанда "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" жоопкерчилик алат, Орусияда "Росгосстрах" жоопкерчиликтүү. Орусияда бул ишкана мурун жеке адамдарга тиешелүү болчу, азыр өкмөттүк болуп калды.

Мигрант акысыз дарыланат

"Азаттык": Азыр Орусияда иштеген кыргызстандыктар ар кандай ишканалардан медициналык полистерди сатып алышат. Алардын баалары бир кыйла арзан. Бул камсыздандыруу полиси кандай кепилдиктерди берет?

Рустамбек Тагаев: Азыр биздин жарандар Орусияда ДМС - ыктыярдуу медициналык камсыздоо күбөлүгүн ар кайсы жактан 500 рублдан сатып алып жатышат. Бирок бул кагаз биздин жарандарга эч нерсе бербейт. Бул жумушка кирүү үчүн эле талап кылынган шарт. Ошондой эле Орусиянын миграциялык талаптары боюнча чет өлкөлүк жаранда сөзсүз түрдө медициналык камсыздандыруу полиси болушу керек. Жок болгон учурда 2-5 миң рубль айып төлөгөн жарандарыбыз да бар.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Ал эми азыр Кыргызстандын Мамлекеттик камыздандыруу уюму жана орусиялык "Росгосстрах" уюму чыгарып жаткан бул полис жарандарыбызга бир топ кызматтарды кепилдик кылат. Полисте "Жүк 200" маселеси дагы каралган. Анда камсыздандыруучу уюмдар Орусияда кырсыкка учурап, каза тапкан мигранттын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү кызматы камтылган. Андан тышкары полис менен жарандарыбыздын орусиялык ооруканаларда 70 миң рублга чейин акысыз дарылануусуна кепилдик берилет.

"Азаттык": Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салынган 100 миңге чукул кыргызстандык бар. Эгерде жаран полис сатып алып, кийин Орусияга киргизилбей калса, эмне болот?

Рустамбек Тагаев: Эгерде жараныбыз полисти сатып алып, чек арада «кара тизмеде» болгону аныкталып, чек арадан өтпөй калса, биз полисти жокко чыгарып, жаранга акчасын кайтарып беребиз. Азыр келишим түзүлдү, октябрь айынан баштап камсыздандыруу полистери сатыкка чыгат деп пландап жатабыз. Орусияга ишке бара жаткан жараныбыз паспорттун көчүрмөсү менен кайрылып, биздин расмий бөлүмдөрдөн дароо сатып алса болот.

Расмий маалымат боюнча Орусияда 620 миңден ашык Кыргызстандын жараны эмгектенип жүрөт. Миграциялык талаптар боюнча Орусияда ишке орношуу үчүн чет элдик жарандарда медициналык камсыздандыруу болушу шарт.

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарылануу үчүн милдеттүү медициналык камсыздоого кепилдик берилген. Бирок мындай милдеттүү медициналык камсыздоо күбөлүгүн Орусияда эмгек келишиминин негизинде иштеген жарандар гана ала алышат.

Орусиядагы мигранттардын саламаттыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:54 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG