Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Мигранттардын шайлоо алдындагы маанайы


Орусиянын алты шаарында 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого карата жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жана консулдук каттоого алуу иштери жүрүүдө.

Орусияда расмий маалыматтар боюнча 620 миңден ашуун кыргызстандык мигрант эмгектенип келет. Андан тышкары акыркы 20 жыл ичинде орус жарандыгын алган 500 миңдей адамдын ичинде кыргыз жарандыгынан баш тартпагандары дагы бар.

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык чет өлкөдөгү жарандар элчилик жана консулдуктарда биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого турган кийин добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мигранттардын шайлоо алдындагы маанайы тууралуу Москвада иштеген Сайрагул Жолборсова буларды айтты:

- Маалыматыбыз бар. Ошол элчиликке барып каттоого турууга кол бошобой жатат. Бир-эки күндө барып, 15-октябрда татыктуу президент тандайбыз. Москвада үгүт иштери башталды. Кечээ эле тааныштарыман 3 миң рублдан алышып, паспорттору менен тизмеге жазылышканын уктум. Аны ким таркатып жүргөнүн, кайсы талапкерге чуркап жүргөнүн айтпай эле коеюн.

Нуржамал Маканбаева дагы өз ою менен бөлүштү:

- Мигранттар быйыл активдүү катышат деп ойлойм, себеби өзүбүз суранып консулдук каттоодон өтүп жатабыз. Бул - келечекке кайдыгер карабаган адамдын позициясы, мамлекет үчүн салым кошуу жана жарандык милдет деп билем. Мен, тааныштарым, туугандарым шайлоого барабыз деп турабыз. Биз мамлекетибиздин алты жылдык өмүрүн бир инсанга ишенип тапшырып жатабыз, анан кантип кайдыгер карайбыз?

Ал эми Москвадагы жарандык активист Зулпидин Нурматов айрым активдүү топтор жана бирикмелер шайлоо тууралуу кабардар болгону менен, мигранттардын жалпы катмарына шайлоого катышуунун талаптары жөнүндө маалымат жеткирилбей жатканын белгилейт.

- Шайлоого карата маанай суз деп ойлойм. Себеби адамдар шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбейт, көпчүлүгү кайдыгер, өз милдетин билбейт. Консулдук каттоодон жүздөн бир адам өтүп жатса керек. Себеби жеткиликтүү деңгээлде карапайым мигрантка маалымат жеткире алышпады. Жалпы мигрантты эсепке алсак алардын көпчүлүгү бийликтин адамын колдобойт. Тилекке каршы алардын көбү шайлоого катышпайт.

Москвадагы элчиликтин катчысы Гулбарчын Байымбетованын билдиришинче, ушул күнгө чейин консулдук каттоого Москвада 5800 жаран турган.

- Орусияда бир топ мекендештерибиз жашайт, иштейт. Алардын шайлоо укугун камсыздоо максатында элчилик, консулдуктар жана мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү тарабынан бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Орусиянын алты шаарында – Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында биометрикалык маалымат топтолуп, биздин жарандар консулдук каттоого турууда. Бүгүнкү күнгө Москва шаары жана Москва облусу боюнча 5800 жаран каттоодон өттү. Бул мурунку референдум, парламенттик шайлоодо катталган жарандардын тизмеси уланып келатат. Белгилей кетчү нерсе, бул арада арасында Орусиядан кеткендер бар, консулдук каттоодон чыккандар бар. Акыркы тизме 30-сентябрдан кийин Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, ошол жактан тастыкталып келет.

Мигранттар менен жолугушуу
Мигранттар менен жолугушуу

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү бир айда 500дөй кыргызстандык биометрикалык маалымат тапшырганын маалымдады. Биометрикалык маалымат чогултуу максатында өкүлчүлүктүн кызматкерлери кыргызстандыктар көп иштеген ишканаларда, базарларда жана спорт клубдарында жолугушууларды өткөрүүдө.

15-октябрда президенттик шайлоодо Орусияда добуш берүүнү каалаган кыргызстандыктар 30-сентябрга чейин Москвадагы элчиликте жана аймактардагы консулдуктарда каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыра алышат.

Шайлоо бөлүмдөрү Москвадан тышкары Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында ачылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG