Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Жарандык үчүн үйлөнгөн тажик мигранттары


Иллюстрация
Иллюстрация

Орус кыз-келиндер менен никеге туруу үчүн айрымдары биринчи аялы менен ажырашууга барат.

Алардын айрымдары жарандык алуу гана максатында убактылуу никесин каттатат, кээ бири чоочун өлкөдө тыңыраак жашоону кыялданып ушундай кадамга барат, арасында жылдыздары келишип, махабаттын айынан түтүн булаткандар да жок эмес.

Тажикстандагы Жалолиддин Балхи районунун тургуну, төрт баланын энеси, 38 жаштагы Мавлюда жакында эле күйөөсү менен ажырашты. Ал күйөөсүнүн сунушуна көнүп, паспортуна ажырашкан деген мөөр бастырууга аргасыз макул болгонун айтып берди:

- Мени күйөөм орус келинге үйлөнүп, орус жарандыгын алуу үчүн паспортубузга ажыраштык деп жаздыралы деп көптөн бери эле айтып жүргөн. Мен ага макул болгон эмесмин. Жакында эле Орусиядан бир тыйыны жок келди. Мага тапкан-ташыганыңдын теңи эле керектүү документке, патент алууга кетип каларын далилдеген чектерди көрсөттү. Мен аны кызганбай, тескерисинче, аябай боорум ооруп, аяп кеттим. Ошондуктан ал жарандык алгыча ажыраша турганга аргасыз макул болдум.

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест

Мавлюда күйөөсүн кайра Орусияга узатты жана ушуну менен андан ажырап каламбы деп чочулап турганын да жашырган жок.

Мавлюданын күйөөсү Орусияда 2006-жылдан бери иштеп жүрөт. Тажикстандагы үй-бүлөсү анын тапкан-ташыганы менен жашайт. Бирок соңку күндөрү Орусиядагы экономикалык кырдаалдан улам мигранттар мурдагыдай жумуш таба албай калды. Буга кошумча миграциялык мыйзамдар катаалдап, патент да кымбаттады.

Орусиянын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө жыл сайын орто эсеп менен 12 миңдей тажик жараны орус кыз-келиндерге үйлөнөт. Никени каттоо үчүн алардан башы бош экенин бышыктаган документ талап кылынат. Мындай маалымкатты Тажикстандын Юстиция министрлиги ар жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү берет. Бул күндөрү аталган мекеменин алдында топтошуп, кезекте турган адамдар үзүлбөйт.

Орус жарандыгын алуу үчүн орус кыз-келиндерге үйлөнгөндөр максатына жетери менен кайра ажырашканга шашат. Мисалы, Орусиянын Свердлов облусунда ушул жылдын башынан бери ажырашуу тууралуу тажик улутундагы 38 адамдан арыз түшкөн.

Деген менен орус кыз-келиндерин сүйүп баш кошкон тажик жигиттери да жок эмес. Алардын бири, Орусиядагы тажик диаспорасынын өкүлү Анвар Бакоев мындан 14 жыл мурун орус кызды алган:

- Тажиктер орустарга өз кызыкчылыгын көздөп, эсеп-кысап менен гана үйлөнөт деген ой калыптанып калган. Бирок баары эле андай эмес. Мен мисалы жубайымды сүйүп алгам. Анын менден боюнда бар экенин билер замат никебизди каттатканбыз. Азыр ортобузда үч балабыз бар, бактылуубуз.

Анвар Бакоевдин жубайы Полина эки башка маданияттын, диндин өкүлдөрү болгонуна карабастан, бири-бири түшүнүп, ынтымактуу жашап жатышканын кошумчалады:

- Биз бири-бирибиздин маданиятыбызды үйрөндүк. Мен күйөөмдүн иштерман, табышкер жана жакшы мүнөзүн баалайм. Бири-бирибизди сыйлай турганабызды далилдеп, мен ага Куран китеп сатып бердим. Ал болсо мага Инжил белек кылды.

Өткөн жылдын аягында Мамлекеттик Думада жасалма нике үчүн жазаны катаалдатуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындай нике кургандарга 300 миң рубль айып пул салуу же аларды үч жылга эркинен ажыратуу сунушу айтылган, бирок мыйзам долбоору көпчүлүктүн колдоосун тапкан эмес. Азыркы мыйзам боюнча эгер никеси жасалма экени аныкталса, анда ал дароо жокко чыгарылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG