Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 08:56

Өзбек өкмөтү жеке ортомчу ишканаларга мигранттарды чет жакка ишке жөнөтүүгө уруксат берет. Башкы эмгек рыногу болгон Орусия менен өзбек өкмөтү мурдатан мигранттарды жумушка орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзгөн.

Өзбекстанда буга чейин жарандарды чет өлкөгө Эмгек министрлиги жана ага караштуу Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттик гана жөнөтүп келген. Бул боюнча жеке ишканалар мурдатан болсо да аларга расмий уруксат берилчү эмес. Жаңы мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу эмгек министринин орун басары Баходир Низомов мындай деди:

- Биз монополист болуп келгенбиз. Эми «Тышкы эмгек миграциясы» боюнча мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдө адамдарды Орусияда жана башка чет мамлекеттерде жумушка орноштурууну жеке агенттиктерге берүү жагы каралган. Министрлик мурдатан жеке агенттиктердин ишин тескеген «Рекрутинг жана рекрутинг ишмердүүлүгү» боюнча мыйзамга дагы өзгөртүүлөрдү сунуш кылган.

Бул мыйзамдар кабыл алынса, өзбекстандыктарды чет жакта жумушка орноштурууну каалаган ортомчулар Эмгек министрлигинен атайын лицензия алышы керек болот.

Миллиондогон өзбекстандык эмгек мигранттары үчүн Орусия - башкы жумуш рыногу. Апрелде Өзбекстан Орусия менен мигранттарды жумушка орноштуруу боюнча келишим кабыл алган. Келишим боюнча өзбек өкмөтү мигранттарды орус тили, кесип жагынан даярдап, медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Ал эми орус тарап болсо өзбекстандык мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жумушка орношуусун, ошондой эле медициналык, социалдык камсыздоо жана пенсия маселелерин көзөмөлдөшү керек болот.

Москвадагы журналист Умид Бобоматов иш жүзүндө өкмөт аркылуу Орусияга ишке келген мигранттар «мыйзамдуу кулчулукка» түшүп жатышат деген ойдо.

Умид Бобоматов.
Умид Бобоматов.

- Орусиянын бир катар облустарына Өзбекстандан жумушчу күчтү атайын алып келген учурлар бар. Мындай өкмөт аркылуу келген өзбекстандыктардын көбү аз айлыкка нааразы. Ооба, чоң өндүрүшкө келген мигранттарга тамак-аш, жатакана берилген, эмгек келишимин түзүшкөн. Бирок аларга 20-25 миң рублдин тегерегинде гана айлык төлөнөт. Алар мигрантка кеткен бардык чыгымды ошол маянадан кайра эле өндүрүп алып жатышат. Андан тышкары документтерин алып коюшат, көчөгө чыгууга уруксат жок. Мигранттардын көбү иш саатынын көптүгүнө, жумуштун оордугуна, айлыктын аздыгына нааразы болуп, «кулчулукка түшүп калдык» деп арызданып кайрылып жатат.

Бобоматов өзбек өкмөтү ортомчу агенттиктердин мүмкүнчүлүктөрүн мыйзам чегинде кеңейтсе, ортодо мигранттар гана жапа чегет деген ойдо.

- Ортомчу агенттиктер өзбекстандык мигранттардын абалын оорлотот. Азыртадан ортомчулар менен келип алып, эмгек келишимин жана маянасын кимден аларын билбей, талаада калган мигранттар көп. Өкмөттүк мекемелер өз милдеттерин ортомчуларга жүктөп коюшат, ортомчулар болсо мигранттардын эсебинен пайда көрө башташат. Ортодо мигранттар эле жабыр тартат.

Укук коргоочу Валентина Чупик өзбек мигранттарын өкмөттүк деңгээлде жана ортомчулар аркылуу жумушка орноштуруу схемалары коррупцияга эле жол ачат деп эсептейт. Анын айтымында, Орусияда жумуш берүүчүлөр өзбек мигранттарын орус-өзбек өкмөттөрүнүн келишиминде көрсөтүлгөн шартта жумушка алууга даяр эмес.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

- Бул мамлекеттик органдарда коррупцияны өркүндөтөт. Адамдардан чет жакка жумушка кетирүү үчүн акча сурай башташат. Бул жерде мамлекет жарандарынан акча алалбайт, бирок ортомчу ишканалар аркылуу алууга шарт түзүлөт. Орусиядагы Сахарово сыяктуу миграциялык борборлор ачыла баштайт. Ал эми Орусияда болсо жумуш берүүчүлөр алардын баарын мыйзамдуу ишке алып, салыгын төлөп, социалдык жана медициналык жактан камсыздоого даяр эмес. Чындыгында "10 миң мигрантты жөнөттү" деп жатышат. Бул миллиондогон өзбек мигранттарын эске алганда болбогон эле нерсе. Башкысы - өкмөт аркылуу келген бул мигранттар мыйзамдуу болуп, калгандары мыйзамсыз мигранттардын катарына кирип калбаса болду.

Орусиянын ИИМнин маалыматы боюнча быйыл январь-ноябрь айларында 3,1 миллион өзбекстандык мигрант каттоого алынган. Быйыл тогуз айда алар Өзбекстанга 2,6 миллиард доллар каражат которгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG