Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Сахарово: мигранттар абагындагы зомбулук


Абактагы мигрант.
Абактагы мигрант.

Өткөн жумада бир кыргызстандык мигрант Москвадагы Сахарово борборунда көргөн зордук-зомбулук жөнүндө айтып «Азаттык» радиосуна кайрылган. Бул жолу Сахароводогу мыйзамсыз ур-токмок тууралуу дагы бир нече мигрант билдирип чыкты. Миграциялык мыйзамдарды бузган мирганттарды камай турган бул жайда азыр 76 кыргызстандык бар.

Кыргызстандык Данияр Сахароводогу мигранттарды убактылуу камоочу жайда бир айга чукул жаткан. Ага Москвадан тааныштары алып берген миграциялык каттоо кагазынын жасалма экени негиз болгон. Сот Даниярды Орусиядан депортациялоого өкүм чыгарган.

- 1-22-сентябрда камакта болдум. Полиция текшергенде каттоом жалган болуп чыкты, аны кыргыздарга эле жасаткам. Төрт күн полиция бөлүмүндө жаттым. Анан сот болуп, кийин Сахароводо жаттым. Конвойлор жаныбыздагы акчабызды тартып алып, жолду карата уруп-согуп алып барышты.

Сахароводогу абактын абалы өтө начар. Электрошокер колдонушат, бышпаган тамак берет. Ал жерде Москвада таанышы, колунда паспорту жок кыргыздар жатат. Кургак учук жугузуп алгандар болду. Кароолчулар катуу уруп койгондуктан баса албай, ооруп жаткандарды көрдүм. Ал жерден таякты күндө жейсиң. Ооруп калганда эшикти каккылап дары сурасаң да сабашат. Шылдың кылып «койлор» дейт, адам катары көрүшпөйт. Элчиликтен же жогорку жактан текшерүү келерде «үн чыгарбагыла» деп коркутуп кетишет. Дубалдары бетон, темир керебет. Менин агам чуркап жүрүп, билет сатып берди, тез эле чыктым. Бирок бөйрөгүмө суук тийгизип алдым, - дейт Данияр.

Дагы бир каарманыбыз Мелис Маматжанов Сахароводо мигранттардын сабалышы көнүмүш экенин айтты.

Ал мындан бир жарым жыл мурда Москвадан сот аркылуу чыгарылган.

- Биз жаткан батирди эртең менен полиция текшерип калды. Миграциялык каттоом бар болчу, бирок каттоого башка даректен тургам, жашаган жерим ага дал келбегени үчүн мыйзамсыз деп соттошту. Сахарового түшкөндө ал жакта 23 саат камакта болосуң, бир саат эшикке алып чыгышат. Эми шарты аябай начар. Кээ бирөөлөрдү өзүнчө бөлмөгө алып кирип, дубал сүздүрүп урган күндөр болгон. Сахарового коштоп барган формачандар сени киши катары көрбөйт. Эки-экиден кишендеп алып, шыбырашып же башынды өйдө көтөрүп койсоң эле электрошокер менен урдуруп, уруп-сабап, тепкилеп жатып калышат. Эч нерсе кыла албайсың.

Орусияда миграциялык мыйзам бузганы үчүн Файзидин Омотов Сахарово камагында сегиз айдан ашуун жаткан. Ошондо далай кордук көргөн.

- Документтеримди жоготуп алгам. Документ жасатайын деп иштен бошобой жүрүп, полицияга кармалып калдым. Ошон үчүн сегиз ай камакта жатам деп ойлогон эмесмин. Далай эле жолу союл менен урушту. Бизге чейинки түшкөндөрдү унитазга башын тыгып урчу экен. Терезени кароого уруксат жок. Бирөө башын чыгарып койгонун көрсө, кароолдогулар дароо билдирип коет. Видеокамера коюлган. Анан душка алып барып сабашат. Кыз-келиндерге деле ушундай эле мамиле. Документтери так болсо, авиабилетти өзүң сатып алсаң,17 күндө чыксаң болот. Ал жакта авиабилетти дагы өздөрү сатышат. Баасы эки эсе кымбат. "Бул дубалдардын ичинде мыйзам жок, биз мыйзамбыз" дешет. Тууганы жоктор айлап отурушат.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча азыр Сахароводогу мигранттар камагында 76 кыргызстандык бар. Алардын басымдуу бөлүгү депортацияга кабылгандар, калгандары полицияга документсиз кармалып, элчилик аркылуу өздүк тек-жайын расмий ырастаган кагаздарды күткөндөр.

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Мигрант коопсуздугун ким ойлойт?

Чет жерде чогулуп иштеген мигранттардын коопсуздугу кантип көзөмөлдөнөт? Бөтөн өлкөдө аларды күтүп турган тобокелчиликтер кайсылар? Кыргыз бийлиги чет жерде жүргөн жарандардын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп келүүдө?

Москвадагы «Империя права» юридикалык мекемесинин башчысы Ыманбек Суранчиев өз учурунда ыкчам юридикалык жана укуктук жардам алуу керек экенин айтты.

- Биздикилер депортация кылганда, чек арага чыгып, кайра эле жаңы миграциялык карта менен кирип жатышат. Аты-жөнүн өзгөртүп алгандар болот. Анан экинчи-үчүнчү жолу кармалса, дароо сот болот, анан атайын абакка жөнөтүшөт. Биздин жарандар юристтерге кайрылбайт. Туугандарынан сурашат, таксисттерге барышат. Алар болсо «эч нерсе болбойт, жүрө бер, биз деле жүрөбүз» дешет. Анан камалышат. Негизи сот миграциялык мыйзамды бузганы үчүн кандайдыр чечим чыгарганда, жарандарыбыз биринчи кезекте юридикалык кеңеш алышы керек. Айрым учурда соттун чечимин он күндө жокко чыгарса болот. Акыркы айда Сахарово боюнча бизге ондой кайрылуу түштү. Атайын кабылдагычта жаткан адамдын артынан адвокат же юристтер түшүп, арыз жазып, ал жакка барып сурабаса, албетте, отура берет. Кээ бир адамдарыбыз аты-жөнүн жашырып же башка бирөөнүкүн атап, анан ал такталгыча узакка кармалып калып жатышат. "Зомбулук көрдүк" дешет, бирок ага далили жок.

Орусияда убактылуу камоочу жайларда же атайын кабылдагычтарда миграциялык мыйзамдарды бузган мигранттар депортацияга чейин кармалат. Алар - расмий өздүк документи жок адамдар, чоочун паспорт менен иштегендер, ортомчулар аркылуу мыйзамсыз миграциялык каттоого тургандар, дагы бир жоон тобу бири-бирине кайчы келген орус мыйзамдарынан жапа чеккендер.

Орусияда мыйзам чегинде юридикалык дарекке миграциялык каттоого турууга уруксат берилген, бирок мигрант ошол жерде гана жашоого тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG