Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Сахарово: абакта мигрант көргөн кордук


Өздүк жана миграциялык документтери жок Москванын четиндеги Сахароводо камакка алынган кыргызстандык мигранттар ал жайда зордук-зомбулук көрүшкөнүн айтышууда. Элчиликтин маалыматы боюнча ал жакта учурда 32 кыргызстандык бар.

Өз ысымын жашырып коюуну суранган Кайрат Орусияга жети ай мурун келген. Андан бери ар кандай жумушта жалданып иштеп жүргөн мигрант бир ай мурун полиция текшергенде жашаган жери боюнча каттоосу миграциялык базадан чыкпай калып, камакка алынган. Ал мигранттарды камоочу жайда кароолчулардан токмок жеп, зомбулук көргөнүн айтып отурду. Административдик мыйзам бузган мигранттардын аты-жөнү такталып, өлкөдөн депортациялоого чейин камакка алынуучу Сахарово жайында ал бир ай жаткан.

- Уруп-тепкилеп жаткан маалда бардык видео камераларды өчүрөт, же видео камера жок мончого алып киришет. Колду артка кишендеп туруп жанчыйт. Андан кийин изолятору бар, ошол жакка камады суукта. Эртеси башкалары келет. Кадимкидей атты камчылагандай эле далыга урушат. Кыргыздарды гана эмес, ошол жактагы бардыгын бул кордук күтүп турат. Менин каттоом базадан чыкпай калган. Бир балдарга жасаттым эле, жасалма болуп чыкты. Колу-бутумдун баары көк ала болчу. Булар бетке так калтырбаш үчүн атайын мээлей кийип алып урушат экен. Булардын ушундай ыкмалары бар. Эки колуң кишенде болсо, малга окшоп эле туруп берет экенсиң. Электрошокер дагы колдонушат. Мен өзүм көргөн жокмун, бирок кечээ мени менен чогуу келгендер "эки кыргыз бала кан сийип жүрөт" деп айтышты.

Учурда Кыргызстанга депортацияланган мигранттын айтымында, Сахарово камагында кароолчулардын ур-тепкисинен тышкары бир катар мыйзамсыз иштер болот.​

- Туугандар бир нерсе киргизишсе, анын жарымы жетсе жетти, жетпесе жок. Жакшыраак бир нерсе болсо,башкаларга сатышат. Өзүнчө эле бизнес. Кармалганда жаныңда эмне акча, телефон болсо, баарын алып калышат экен. Мени менен кайтарылган 18 баланын биринин дагы бир сом акчасын кайтарышкан жок. Жакшы телефондору ошол жакта калды.

Сахароводо айрым мигранттар өздүгүн тактоочу документтери жок айлап-жылдап отурганы, алардын укуктук жана юридикалык жардамга муктаждыгы белгиленет.

- Мен көргөндөн эң көбү жети ай жатыптыр. Паспорттору жоголгон болсо, «утеря паспорта» деп же «форма-1» деген документтерди Кыргызстандан күтүшөт. Аны элчилик аркылуу Кыргызстандан алышат экен. Анысын күткөндөр андан көп. Ушул мен жатканда башка элчиликтерден келип жатышты, биздикилерден бирөө басып келген жок. Инспектор дегенин бир жолу көрдүм. Эч жардам берген жок.

Жанында документсиз полиция кызматкерлерине кабылып, Сахароводо камакта болгон Бекжан Акжол жогоруда айтылганды тастыктайт. Бир туугандары Орусиянын жарандары болгондуктан адвокат жалдап, соттун депортация боюнча чечимин жокко чыгарган.

- Мен документтеримди каттоодон өткөрүүгө берген болчумун. Ошол түнү кармап, мен "туугандарыма телефон чалайын" десем чалдырбай, дароо кармап, соттоп, эртеси Сахарового жөнөтүштү. Ал жакта үн чыгаргандан коркосуң. Мага эч ким кол көтөргөн жок. Бирок башкаларды сабап, кыйнап жатканын терезеден угуп, көрүп эле турдук. Башка камераларда кыз-келиндер дагы бар болчу. Мен бир айда чыктым.

Элчилик: мигранттар арызданбайт

Орусиядагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча азыр Сахароводогу мигранттарды камоочу жайда 32 кыргызстандык бар. Көпчүлүгү миграциялык документтерди мыйзамдаштырбай, полицияга паспортсуз кармалгандар же өз аты-жөнүн жашыргандар, дагы бир жоон тобу бири-бирине кайчы келген орус мыйзамдарынан жапа чеккендер. Орусияда мыйзам чегинде юридикалык дарек боюнча каттоого турууга уруксат болгону менен, полиция мигрантты жашаган батиринен кармап калса, мигрант дароо ал жерде мыйзамсыз жашап жаткан болуп чыга келет.

Ал эми мигранттарга болгон зордук-зомбулук боюнча маалыматты текшериш үчүн Москвадагы консулдуктун кызматкерлери 20-ноябрда Сахароводогу кыргызстандыктар жана мекеменин жетекчилиги менен жолугушкан.

Элчиликтин басма сөз кызматчысы Гүлбарчын Байымбетова учурда камакта жаткан кыргызстандыктар таяктоо жана башка мыйзамсыз мамилелер боюнча арызданбаганын билдирди.

- Ал жерде отурган балдар мыйзамсыз мамиле тууралуу айтышкан жок. Мындай мамилени тастыктаган далилдер жок. "Чыгып кеткен балдардан угуп калабыз" деп айтышыптыр, бирок ал жерде эч кимиси арызданган эмес. Мекеменин жетекчилиги арыздар жана далилдер болсо, мындай иштерди жасаган кызматкерлерди жумуштан бошоторун билдирди.

Орусиялык укук коргоочу Андрей Бабушкин мигранттарды убактылуу камоочу жайдагы чет өлкөлүк мигранттар менен бир нече жолугушуулар болгонун, бирок мурунтан мигранттар кароолчулардын зордук-зомбулук көрсөтүүсү боюнча арызданышпаганын билдирди.

- Биз акыркы жолу жарым жул мурун барганбыз. Анда мигранттар ал мекемедеги камоо шартына жана көпкө чейин мекенине жөнөтүлбөй жатканына арызданышкан. Негизи Орусиядагы мындай атайын кабылдагычтарда абал ар кандай. Жалпы көйгөйлөр - бул дем алууга алып чыкчу аянт тар, айрымдары мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддерден кийин толуп кетет. Ошондой эле мындай жайлар туугандары жана укук коргоочулар барып турушу үчүн аябай алыс, ыңгайсыз. Ал эми тамак-аш боюнча эки жыл мурун маселе курч болчу. Азыр андай жок. Бирок уруп-согуу жана зомбулук боюнча арыз болгон эмес. Биз мигранттар менен жекеме-жеке жолукканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок мындай кайрылуулар болсо, сөзсүз көңүл буруу керек. Биринчи кезекте мигранттар расмий арыз жазышы керек.

Мурунтан Ярославль облусундагы, Махачкала шаарындагы убактылуу камоочу жайларда мигранттар ачкачылык жарыялаган окуялар катталган. Ал эми жыл башында Екатеринбургдагы атайын кабылдагычтагы мигранттар нааразылык акциясын уюштуруп, борбордун кызматкерлери алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп жатканын айтып чыгышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG