Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Чупик: Мигранттын укугун коргоого даярбыз


Ельер Нематовдун сүрөтү. Борбор Азиядагы Америка Университети жарыялаган “Мигранттар көрүнбөгөн күч” деп аталган фотоконкурстан алынган сүрөт.
Ельер Нематовдун сүрөтү. Борбор Азиядагы Америка Университети жарыялаган “Мигранттар көрүнбөгөн күч” деп аталган фотоконкурстан алынган сүрөт.

Москвада эмгек мигранттарына юридикалык жардам көрсөткөн укуктук долбоор ишке кирди.

Москвадагы «Тонг Жахони» уюмунун жетекчиси Валентина Чупик «Каритас Франс» эл аралык уюму менен бирдикте мыйзамсыз кысымга алынган мигранттарды коргоо боюнча жаңы долбоор ишке киргенин айтып берди.

- Эмгек мигранттарына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтөбүз. Бардык учурда чет элдик мигранттар телефон аркылуу түз байланышып, консультация алса болот. Сот иштеринде дагы алардын укуктарын коргоого даярбыз. Мындай жардам акысыз. Андан тышкары бизде «Мигрант мектеби» деген атайын сабактар өтүлөт. Анда жумушка мыйзамдуу орношуу, эмгек келишимин түзүү, батирди мыйзамдуу ижаралоо, полиция кызматкерлери менен баарлашуу өңдүү маселелер каралып, мигранттарга толук түшүндүрмө берүүгө даярбыз.

Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар

Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар​

Орусияга ишке барган эмгек мигранттарынан жашаган жерине миграциялык каттоого туруу талап кылынат.

Диаспора өкүлдөрүнө жана коомдук уюмдардын жетекчилерине дагы миграция, укук коргоо темаларында атайын тренинг өткөрө алабыз. Биз мындай иштерди мурдатан бери эле жүргүзүп келгенбиз. Эми «Каритас Франс» уюмунун колдоосу менен өзбек, тажик тилдерин билген юристтердин саны көбөйүп, мүмкүнчүлүктөр кеңейди.

Он жылдан ашуун миграция тармагында иштеген укук коргоочу чет өлкөлүк мигранттар полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракетинен көбүрөөк жабыр тартышарын айтты:

- Азыркы кезде эң башкы актуалдуу көйгөй – бул мыйзамсыз камакка алуу. Мигранттар полиция же миграция кызматкерлери тарабынан кысымга алынып, пара өндүрүлгөн, андан тышкары документтери толук мыйзамдуу болсо деле тыкыр текшерилбей дароо камакка алынган, өлкөдөн чыгарылган жана Орусиядан депортацияланган учурлар көп кездешет. Мындай кезде биз ошол жерге барып, эмгек мигранттарынын укуктарын коргой алабыз.

Албетте, кыргызстандык мигранттар мурдагыдай патент менен иштебей калган. Колунда эмгек келишими болсо дагы кысымга алынган учурлар кездешет. Ошол эле жумуш берүүчүлөр мигранттарды жумушка алганда, миграция кызматына бул тууралуу билдирүү жөнөтүшү керек. Жумуш берүүчүлөр мындан качат. Жыйынтыгында мигранттын колунда эмгек келишими бар болсо дагы, ал базадан чыкпай калышы мүмкүн. Ошондой эле жашаган жери боюнча каттоого турбай, башка юридикалык дарекке турганы үчүн сот чечими менен өлкөдөн чыгарылгандар көп. Юридикалык жактан бул талаштуу нерсе. Мындай учурларда биз эмгек мигранттарынын укуктарын коргоп бере алабыз.

Москвада мигранттарга укуктук жардам көрсөтүү үчүн атайын түз байланыш телефондору ишке кирген. Юридикалык консультациядан тышкары долбоордун адистери чет өлкөлүк мигранттардын укуктарын сот иштеринде коргой алышат.

Байланыш телефондору: +7 926 834 7602, +7 903 169 9161, +7 903 169 2920, +7 903 799 0291.

Орусияда расмий эсеп боюнча 620 миңдей кыргызстандык эмгектенсе, алардын дээрлик жарымы Москвада жана анын чет жакасын байырлашкан. Жыл башынан бери Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн 4 миңге чукул жаран өлкөдөн чыгарылган. Ал эми "кара тизмедеги" мигранттардын жалпы саны 89 миң адам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG