Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Президент Жапаров алтын жана агасы тууралуу айтылгандарга кайрадан комментарий берди


Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.
Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине интервью берип, алтын тартылган видео жана агасы Сабыр Жапаровдун аты аралашкан сөздөргө кайрадан комментарий берди. Мамлекет башчы бул жолу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин аткезчилик менен өлкөдөн чыгарылды делген видео боюнча "өкмөт кызыгып, текшерип коюшу керек эле" деген сынына жооп берген. Депутат бул тууралуу жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде айткан.

Президент Жапаров "мамлекеттин алтынын эч ким чыгарып кете албай турганын" айтып, "жеке жактар, жеке менчик компаниялар салыктан, бажы төлөмдөрүнөн качып, өндүргөн алтындарын чыгарып кетүүгө аракет кылган учурлар бар" экенин билдирген.

"Текшерүү иштери секунд сайын жүрүп турат. Бардык мамлекеттик алтын кендерине видео-көзөмөл байкоолор орнотулган. Алтын менен күмүштөрдүн ар бир граммы Улуттук банкка же “Кыргызалтын” ишканасына келип түшкөнгө чейинки процесси онлайн көзөмөлдө турат. Жүздөгөн, миңдеген көздөр карап турат. Андан ары дүйнөлүк базарга сатууга кетет. Сатуудан келген каражаттарды алтын казган мекемелер менен эсептешет. Ал каражаттар андан ары алтын казуу иштерине жумшалат", - деген Жапаров.

Президенттин белгилешинче, өлкө боюнча 132 алтын кени иштесе, алардын 17синде мамлекеттин үлүшү бар. Алардын баары онлайн көзөмөлдө.

Мамлекет башчы бир тууган агасы Сабыр Жапаровго байланыштуу маалыматтарга комментарий берип, ал мурдагы бийликтин катасын кайталабай турганын айткан.

"Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!”,- деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет", - деген.

Жапаров алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп жатат деген күмөндөрү болсо, элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, бул багытта айтып чыккандарды анын башкы сабына адис кылып койгонго даяр экенин кошумчалаган.

7-майдын кечинде чет жакта жүргөн активист Асхат Осмонов атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган эки видео жарыялаган. Тасмада кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жаткандай баяндалган.

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул эле видеонун негизинде Осмоновдун артынан учкай баян жасап, “алтын куймалар Ысык-Көл аэропортунан Кипрге чыгарылып кеткен болушу мүмкүн” деп баяндаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукта жазган постторунда аталган видеолорду “жалган” деп атап, Кыргызстандан алтын мыйзамсыз чыгарылып кетип жатканын төгүндөшкөн.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү Инстаграммдагы kg_novosti баракчасы аркылуу тарап, коомчулукта талкууларга жем таштаган. Президент Жапаров ошол кезде "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде коомчулукта талкуу жараткан сүрөт тууралуу суроого жооп берип, 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан. Ал ошол маалда Кумтөрдү алтынын Лондон биржасында сатууга чек коюлгандыктан, түрк ишкерлери сатып алууга кызыгышканын, ошол себептүү агасы Түркиядагы алтын заводго барып келгенин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG