Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

УКМК интимдик кызмат көрсөтүү уюштургандар кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) интернет сайт аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталганын 17-майда билдирди. Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К.Ш аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык шектүү катары кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат тараткан маалыматта шектүү тергөөдөн жашырынып жүргөнү, сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырганы белгиленген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө аймагында интимдик кызмат көрсөтчү бир да жай болбошу керектигин билдирген. Ал мындай жайлардын уюштуруучуларынан тартып, кызмат көрсөткөн кыздарга чейин кармалып, жоопкерчиликке тартыларын, учурда аларды калкалаган мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатканын эскерткен.

Былтыр "чет өлкөлүк жарандарга интимдик кызмат көрсөтчү салон ачкан" деп мурдагы аким кармалганы белгилүү болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG