Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

“Сүйлөтө койбойт”. Өзбекстанда блогерлер президентти акарат кылганы үчүн абакка кесилди


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда мамлекет башчысын кемсинткени үчүн абакка кесилгендер көбөйүүдө. Кечиримдүүлүккө чакырган ой-пикирлерге көңүл бурулбай калууда.

2021-жылы Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексине социалдык тармактарда президентти эл алдында акарат кылган же ага жалаа жапкан аракет үчүн жоопкерчиликти белгилеген өзгөртүү киргизилген.

Жыл башында 24 жаштагы Ситора Бозорова социалдык тармактарда президент Шавкат Мирзиёевдин “династиясын” “өрттөөгө” чакырган билдирүүлөрү үчүн беш жылга эркинен ажыратылды.

Мирзиёевдин кызы жана анын башкы жардамчысы Саида Мирзиёевага карата жагымсыз сөздөрдү айткан деп айыпталган Бозорова мамлекет башчысын кемсинткени үчүн абакка кесилгендердин тизмесин толуктады. Бул 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексине кошулган жаңы берене.

2016-жылы президент болуп шайланган Мирзиёев алгач өзүн мурунку башчы Ислам Каримовдун катаал авторитардык жолун жолдобой, сөз эркиндигин жактай турганын көрсөткөн. Анын бул туруму өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да жакшы кабыл алынган эле. Эми ал доор артта калган сыяктанат, анткени Мирзиёевди сын-пикирлерден, ар кандай сөздөрдөн коргоо чаралары репрессиянын күчөп, кеңири жайылышына гана өбөлгө түзүүдө.

Түз эле түрмөгө

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 3-бөлүгүндө социалдык тармактар аркылуу президентти жарыя акарат кылуу же ага жалаа жабуу аракети үчүн жоопкерчилик каралган. Өлкө дүйнө жүзү менен ачык алака кыла баштагандан кийин оппозицияны басууга умтулган өзбек бийликтери кеңири колдонуп жаткан ыкмалардын бири ушул.

Бул юридикалык курал абдан таанымал болуп калды.

Жогорку Соттун маалыматына таянып, UzNews жеке маалымат агенттиги соӊку 12 айда кеминде 10 адам президентти акарат кылганы үчүн абакка кесилгенин кабарлады.

Маалымат агенттиги билдиргендей, 25 жаштан 60 жашка чейинки соттолгон жарандарга бул кылмыш үчүн белгиленген түзөтүү жумуштарынан баштап эң жогорку мөөнөткө (беш жыл эркинен ажыратууга) чейин жаза берилүүдө. Башка кылмыштары да бар делген адамдар мындан да узак мөөнөткө кесилип жатышат.

Көбүнчө айыптоо өкүмүнө катталуучулары аз эле кишилердин интернеттеги жарыя сөздөрү же комментарий жазганы себеп болгон.

Брюсселдеги Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) менен биргеликте жакында Өзбекстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча баяндамасын жарыялоону пландап жаткан Францияда жайгашкан “Борбордук Азиядагы адам укуктары ассоциациясынын” (AHRCA) төрайымы Надежда Атаеванын айтымында, мындай куугунтуктар кадыресе көрүнүшкө айланды.

Атаева “Озодлик” радиосуна телефон аркылуу билдиргендей, учурда Өзбекстандын мыйзамдарында сөз эркиндигине тиешелүү 30 чакты берене бар. Анын айтымында, көбүнчө соттуулугу жокторго 158-берененин 3-бөлүгү боюнча эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

“Башка көптөгөн өлкөлөрдө сөзгө байланышкан укук бузууларга келгенде укук коргоо органдары адегенде жөн гана эскертүү берет, – дейт Атаева: – Өзбекстанда эскертпей эле дароо абакка кесишет”.

Жеңилдик берүү өтүнүчтөрүнө дагы эле көңүл бурулбай келет.

“Мен кызымдын президентти кемсинткенин элестете албайм”, – деди Бозорованын апасы Саодат Курбанова "Озодлик" радиосуна.

Андан соӊ президентке жалынып кайрылды: “Президент, кызым турмушка чыгышы керек. Мен анын өмүрүн кайдагы бир бейбаш немедей түрмөдө өткөрүшүн каалабайм. Анын көптөгөн үмүт-кыялдары бар болчу. Менин кайрылууларымды эске алып, кызымдын акталып, үйүбүзгө кайтып келишине жардам берүүңүздү суранам”.

Мирзиёевди жана анын кызын сындаганы үчүн абакка кесилген Ситора Бозорованын апасы Саодат Курбанова.
Мирзиёевди жана анын кызын сындаганы үчүн абакка кесилген Ситора Бозорованын апасы Саодат Курбанова.

Президентти кемсинткени үчүн абакка кесилген эң жаш жаран 2023-жылы октябрда эки жарым жылга эркинен ажыратылган Самарканд шаарынын 19 жаштагы тургуну болду.

"Озодлик" радиосу карап чыккан соттун чечиминин көчүрмөсүндө Дилшод Искандаров Instagram баракчасына президенттин үй-бүлөсү тууралуу видеонун астына Мирзиёевдердин азыркы жана келечектеги муундарын каргап комментарий жазганы айтылат.

Ал кезде Орусияда жүргөн Искандаров досторунун кеңеши менен комментарийди өчүрүп, сотто өкүнүчүн билдирген, бирок күнөөсүн моюндаса деле абактан бошоно алган жок.

Өзбек “аквариумундагы” жашоо

2019-жылы, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун өлүмүнөн үч жыл өткөндөн кийин, Париждеги “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) уюму Өзбекстандагы басма сөз эркиндиги жөнүндөгү мүнөздөмөнү “өтө олуттуудан” жөн эле “татаал” деп өзгөрткөн болчу.

Ошондо жыл сайын RSF тарабынан түзүлүүчү Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индексинде Өзбекстан биринчи жолу басма сөз укуктарын жана эркиндиктерин бузуу жагынан алдыга озгон Кытай, Иран жана Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдүн катарына – “кочкул кызыл тилкеге” кирбей калды эле.

Ошентип, Өзбекстан Колумбия, Марокко, Индонезияны, ошондой эле Борбор Азиядагы коңшусу Казакстанды камтыган шабдалы түстүү топко кирди.

Бул жетишкендиктен беш жыл өткөндөн кийин Өзбекстан кайрадан кызыл зонага түшүп, 180 өлкөнүн ичинен 148-орунду ээледи. Бул былтыркы рейтингден 11 позицияга төмөн.

“Вебсайттарга жана блогерлерге катуу кысым көрсөтүлүүдө. Материалдар тынымсыз өчүрүлөт. Цензура, өзүн өзү цензуралоо бар. Кесиптештерибиз журналистиканы таштап кетип жатышат же кетүүгө камынууда”, – деп жазды журналист Шухрат Латипов өзүнүн телеграм каналында Өзбекстандын RSF жыл сайын 3-май – Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө жарыялаган индекстеги турумун жоготконуна жооп иретинде.

Президентти кемсинткени үчүн адамдар түрмөгө кесилген соңку окуялар Мирзиёевдин биринчи мөөнөтү аяктап калганда башталып, соӊку жылдары пайда болгон жарандык журналисттердин жаңы муунуна каршы багытталган кеңири репрессиянын күчөгөнүн көрсөттү окшойт.

Мындай айып менен темир торго түшкөн алгачкы өзбек жарандарынын бири Термез шаарынын тургуну видеоблогер Отабек Саттори жергиликтүү аткаминерлерди коррупциялык иштери жана чарбаны туура эмес башкарганы үчүн аёосуз сындаган эле.

Болгондо да ал Мирзиёевди кемсинтмек түгүл, президент акыйкат кадамдарга шыктандырат деп эсептеген, анткени ал өзүнүн бийликке келген мезгилде “блогерлерди” “аткаминерлердин кемчиликтерин ашкерелеп турууга” чакырган жана журналисттерди “колдойм” деп убада кылган болчу.

Бирок 2021-жылы май айында Саттори опузалап, жалаа жапты деп айыпталып, алты жарым жылга эркинен ажыратылган. Быйыл февраль айында ал мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Эркиндикке чыккандан кийин Саттори калган мөөнөтүнүн ичинде тапкан кирешесинин 20 пайызын мамлекетке төлөп турушу керек.

Блогер Отабек Саттори.
Блогер Отабек Саттори.

Сатториге өкүм чыккандан кийин Өзбекстанда блогерлерди опузалап акча талап кылган деген айып менен жоопко тартуу көнүмүш адатка айланды.

Берлинде жайгашкан Өзбекстандын адам укуктары форумунун директору Умида Ниязова өткөн жылы “Озодликке” курган маегинде бул бийлик тактикасынын бир бөлүгү, анткени өйдө жактагылар мындай иштерди саясий нукка түшүрбөй, демейки эле кылмыштай көрсөткүсү келет окшойт деген.

“Экинчиден, практика көрсөткөндөй, опузалап акча талап кылган деп айып тагуу опоӊой. Материалдык далилдерди көрсөтүүнүн кереги жок – жөн гана кайсы бир блогер акча талап кылды деп кимдир бирөө полицияга арыз жазса, ошол эле жетиштүү болот”, – деген эле ошондо Ниязова.

Блогерлерге коюлуп жаткан дагы бир айып – коомдук коопсуздукка жана “конституциялык түзүлүшкө” коркунуч келтирүү. Мындай бүдөмүк айыптоону Каримовдун убагында прокурорлор жана соттор да жакшы көрчү.

2022-жылдын башында ушундай айыптар менен жети жарым жылга эркинен ажыратылган блогер Фозилхожа Арифходжаев былтыр декабрда абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган.

Блогер Фозилхожа Арифходжаев.
Блогер Фозилхожа Арифходжаев.

Бирок ошол эле айда Фергана өрөөнүндөгү Кокон шаарындагы таанымал блогер Олимжон Хайдаров пара талап кылуу жана жалаа жабуу боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Бул катаал өкүмдөрдүн жыйынтыгы бийликке жагат – сын пикир айтчулардын үнү басылып калууда.

Өзбекстандын басма сөз жана телерадиоберүү каражаттарындагы кесиптештери сыяктуу эле блогерлер да бийликтин ачык кийлигишүүсүнөн өтө этияттанып калышат же багынып беришет.

Өткөн жылы RSF Өзбекстандын түштүгүндөгү аймакта он миңдеген окурмандары бар алты телеграм канал бийликтин кысымы менен жабылгандан кийин коңгуроо каккан.

Ошол эле учурда өкмөтчүл блогерлер маалымат мейкиндигинде таасирин кеңейтип, укук коргоочу Надежда Атаева айткандай, “ажайып жашоо таризин сүрөттөө” менен элди өзүнө көп тартууда.

Анын айтымында, мунун баары Мирзиёевдин режими баа жеткис кайтарым байланыш жолдорунан айрылып баратканын билдирет.

“Өзбекстан кайрадан суусу эскирип кеткен аквариумдай болуп баратат, бирок жарандарга эч нерсе айттырбай жатышат. Алар жөн гана унчукпай сүзүп жүрүшү керек болгон балыктарга окшош”, – дейт Атаева.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG