Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

Өзбекстандагы дин эркиндиги: Каримовдун доору кайттыбы?


Ташкенттеги мечиттердин биринде тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Ташкенттеги мечиттердин биринде тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Өзбекстанда акыркы кезде мурдагы президент Ислам Каримовдун тушундагыдай жарандарды диний негизде камоолор көбөйдү. Бул жагдай жергиликтүү калк арасында да, эл аралык басылмаларда да "мурдагы доор кайтып келди" деп бааланууда.

"Озодлик" радиосу диний көз карашы үчүн камакка алууларга байланыштуу соңку окуяларды тизмектеди.

"Баарына кабар бериңиз"

Ташкентте "террордук аракеттерди жашырган" жана "террорду каржылган" деп шек саналган сегиз адамдын иши тергелип жатат. Аларга Кылмыш кодексинин "Диний-экстремисттик уюм түзүү жана ага катышуу" беренелери менен иш козголуп, камакка алынган. Бул берене менен соттолгондордун беш жылдан он беш жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Тергөөдөн жакшы кабардар булактын "Озодлик" радиосуна берген маалыматына ылайык, алар а дегенде 10 күнгө камалып, 3-июнда террорго байланыштуу айыптар угузулган.

Шектүүлөрдүн арасында социалдык түйүндө Mahdiy Mirzayev, Otabek Hijama Hajjam, Бахадир Хижамачы, Брамер Мэн деген аккаунттардын ээлери бар.

Mahdiy Mirzayev – диний билдирүүлөрү менен таанылган Жамшид Мирзаев аттуу блогер.

Алардын жакындары бул тууралуу медиага маалымат таратпоо эскертилгенин айтышты.

Баштапкы кабарларга ылайык, укук коргоо органдары шектүүлөрдү “Telegram социалдык тармагында тайпа түзүп, терроризмди колдоо максатында акча чогултушкан" деп айыптоодо.

"Азаттыкка" кайрылган шектүүлөрдүн айрым жакындарынын айтымында, тергөө органы алардын кайрымдуулукка чогулткан акчасын "терроризмди каржылоо" деп чечмелеп жатышы мүмкүн.

Жамшид Мирзаевдин апасы “Азаттыкка” билдиргендей, уулу менен акыркы жолу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгында 31-майда телефондо сүйлөшкөн.

“Менин моюнума чоң күнөөлөрдү илип жатышат. Баарына кабар бериңиз деп айтты”,- деди анын апасы.

Жамшид Мирзаев
Жамшид Мирзаев

Өзбекстанда акыркы кездери диний мазмундагы материалдарды тараткандарды камап, соттогон учурлар көбөйдү. Мындан улам социалдык түйүн колдонуучулары "Мурунку репрессия кайра башталдыбы?" деп суроо коюшту.

Өзбек мусулмандарынын жагдайы эл аралык басылмада

31-майда Навои облусунда жашаган 57 жаштагы аял 2018-жылы Түркияда жүргөндө социалдык тармактагы постко “лайк” баскандыгы үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. Ал Odnoklassniki түйүнүндө жактырган видео Рафик Камолов аттуу кишинин өзбек тилиндеги диний насааты экен.

Бул окуяга кайрылган The Diplomat басылмасы Өзбекстанда акыркы бир жылда ушундай мүнөздөгү кармоо жана камоолор көбөйгөнүнө көңүл бурду.

“Жаштар социалдык түйүндөрдө достору менен диний мазмундагы материалдарды бөлүшкөнү үчүн камакка алынууда”, деп белгилейт The Diplomat.

Быйыл январда 21 жаштагы Сардар Рахмонкулов 2020-жылы Telegram аркылуу досуна мусулмандардын диний ырын (нашида) жибергени үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал алты ай сурак берип кыйноого алынганы тууралуу да маалыматтар бар.

Май айында 21 жаштагы студент Жахангир Улугмуродов классташтары менен Telegram тайпасына YouTube каналындагы диний видеонун шилтемесин жибергени үчүн үч жылга эркинен ажыратылган. Дин иштери боюнча комитет бул ырды "фанаттык идеяларга сиңирилген" деп тапкан.

Жахангир Улугмурадов
Жахангир Улугмурадов

"Көп учурда жаштар, анын ичинде динчил эместер да камакка алынат. Алардын көбү араб тилин билишпейт жана бөлүшүп жаткан диний ырлардын мазмунун түшүнүшпөйт. Ал ырларды экстремисттик деп аныктоо үчүн бүтүндөй бир диний комитет иштеди. Мындай жагдайда 20 жаштагы жигит өзүнүн "экстремист" экенин кайдан билсин", - деп суроо коёт The Diplomat макаласынын автору.

"Кармоолордун мыйзамдуу негизи жок"

Өзбекстандын Юстиция министрлиги "террорчу деп таанылган уюмдардын жана булактардын" тизмесин жарыялаган. Аталган топтордун ишмердүүлүгүнө жана сайтка жарыяланган материалдарды жайылтууга Жогорку Соттун 2019-жылдагы чечими менен тыюу салынган. Тизмеде 166 аталыш жана материалдар бар.

The Diplomat басылмасынын белгилешинче, айрым жаштардын кармалышынын алгачкы мыйзамдуу негиздери дайыма эле так боло бербейт. Кармалгандан кийин гана алардын телефондору жана социалдык тармактардагы аккаунттары текшерилет. Табылган диний мазмундагы материалдардын айрымдары эски да болот.

Соттолгон студент Улугмурадовдун апасы Гүлчехра Умарова 10-майда Kun.uz сайтына интервью бергенде баласын күч кызматкерлери адегенде уурулукка шек санап алып кеткенин, диний ырга байланыштуу айыптоо кандайча жабышканын билбей турганын айткан.

"Балам аны жөн эле бир ыр катары укса керек", - деген Умарова президентке кайрылып, адилеттик орнотуп беришин суранууда. Анын айтымында, үй-бүлөсүнүн колу жука болгондуктан, адвокат жалдаганга күчү жеткен эмес.

Ал ырды ким аткарганы тууралуу маалымат жок.

Кыргызстанга салыштыруу

«Мирзиёевдин «Жаңы Өзбекстанында» мурдагы президент Каримовдун доорундагыдай эле дин тутуу эркиндиги кысымга алынууда», - деп жазат The Diplomat.

"Мирзиёев бийликтин алгачкы жылдарында диний жана саясий туткундарды бошоткону менен, бош камералар кайрадан жаңы туткундар менен толо баштады. Диний басылмалар көзөмөлгө алынды. Салыштыруу үчүн: Өзбекстанда тыюу салынган көптөгөн уюмдар же материалдар коңшу Кыргызстанда мыйзамсыз деп эсептелбейт, бирок Кыргызстан халифатка айланган жок”,- дейт автор.

Эл аралык эксперттердин айтымында, Өзбекстандын “Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” жаңы мыйзамында көптөгөн чектөөлөр жана абстракциялар сакталып калган.

Ахмед Шахид
Ахмед Шахид

Быйыл март айында Өзбекстанга иш сапары менен барган БУУнун диний эркиндиктер боюнча мурдагы атайын баяндамачысы Ахмед Шахид мыйзамда "артта калуучулук" бар экенин, анын ичинде диний уюмдарды каттоого, диний ишенимди камсыздоого байланышкан нормаларды айткан.

Былтыр октябрда ал БУУнун радиосуна берген маегинде: "Өзбекстанда жеке диний эркиндик дээрлик жок. Минтип айтканымдын себеби — өлкөдө ар бир адам каалаган динге өтө алат. Бирок кайсыл бир динди тутунуу үчүн каттоодон өтүү зарыл", – деген.

Анын пикиринде, коммунисттик башкаруу жылдарында Өзбекстанда диний демилгелер менен башталыштар чоң басымдарга дуушар болуп, андан улам дин тармагындагы интеллектуалдык ресурстар дээрлик толугу менен жоголгон.

"Өлкөдө диний сабаттуулукту калыбына келтирүү зарылдыгы бар. Азырынча Өзбекстан диний темалар боюнча ачык талкууларды өткөрүүгө даяр эмес. Бирок кылмыш чаралары эмес, дал ушундай ачык талкуулар экстремисттик идеялар үчүн «чыпка» болушу мүмкүн", – деди БУУнун атайын баяндамачысы.

Ахмед Шахид дайыма укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болуп келген 16 миң мусулманды "кара тизмеден" чыгаруу тууралуу Өзбекстан өкмөтүнүн чечимин кубаттаган. Бирок ал ошол эле маалда бийликти улуттук мыйзамдарды Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын ченемдерине тууралоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG