Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Кыйноо жана кысым. АКШ Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалына баа берди


Бишкектеги сөз эркиндигин коргогон жүрүш, 14-октябрь, 2022-жыл.
Бишкектеги сөз эркиндигин коргогон жүрүш, 14-октябрь, 2022-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Анда Орусиянын күчтөрүнүн Украинадагы кылмыштуу аракеттери, Иран бийлигинин тынч демонстранттарга каршы куугунтугу, "Талибан" өкмөтүнүн ооган кыз-келиндердин укугун чектеген чечимдери, Кытайдагы уйгурлардын абалы тууралуу сөз болот. Ошондой эле Кыргызстанда жабык жайлардагы кыйноолорго, басма сөз эркиндиги чектөө аракеттерине көңүл бурулган.

Кошмо Штаттардын башкы дипломаты Энтони Блинкен Мамлекеттик департаменттин 2022-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалын талдаган жылдык баяндамасын 20-мартта Вашингтондо жарыялады.

Анын айтымында, былтыр дүйнөнүн дээрлик ар бир регионунда адам укуктары жаатында артка чегинүүлөр, жарандык эркиндик чектелген жана адамдын ар-намысы басмырланган учурлар катталды.

Баяндамада орус күчтөрүнүн Украинадагы ыктымал согуш кылмыштарына, анын ичинде жайкын-тургундар өлтүрүлгөн, аялдар менен балдар зордук-зомбулукка кабылган учурларга көңүл бурулган.

Ошондой эле Иран режими өкмөткө каршы ири нааразылык акцияларына катышкан жарандарды куугунтуктап жатканы айтылган.

"Махса Амининин аянычтуу өлүмүнөн кийин бийлик жүздөгөн тынч демонстранттарды, анын ичинде ондогон баланы өлтүрдү жана миңдегендерин соттун чечими жок эле камакка алды. Ирандын бийлиги кармалган митингчилерди кыйнап, аларга жынысына карап зомбулук көрсөттү. Журналисттер жана юристтер опузага кабылды же алдын алуучу чара катары камакка алынды. Иран өз элин андан ары коркутуу үчүн жасалма сот жараяндарын жана шашылыш өлүм жазасына тартуу ыкмасын колдонду", - деди Блинкен.

Американын башкы дипломаты Ооганстандагы кырдаалга да токтолуп, "Талибан" өкмөтү аялдар менен кыздарды тынымсыз басмырлап жатканын билдирди. Анын айтымында, талиб бийлиги Ооганстандагы кыз-келиндердин эркин басып-турууга, билим алууга жана иштөөгө болгон укугун чектеген 80 буйрук чыгарган.

Тегерандагы нааразылык акциялары, 1-октябрь 2022-жыл.
Тегерандагы нааразылык акциялары, 1-октябрь 2022-жыл.

Андан тышкары Блинкен Мьянмадагы аскердик режим өткөн жылы демократиячыл кыймылдардын төрт лидерин өлүм жазасына тартканын эске салып, Эфиопия, Куба жана Кытайдагы укук бузуулар тууралуу да сөз кылды.

"Кытай эл республикасы укук бузууларын, анын ичинде уйгурларды бутага алган геноцидин жана адамзатка каршы кылмыштарын, тибеттиктерди куугунтуктоону, Гонконгдогу адам укуктарын чектөөнү жана өлкөнүн негизги бөлүгүндө фундаменталдуу эркиндиктерин колдонгон адамдарды бутага алууну улантууда", - деди Блинкен.

Кытай жана Иран сыяктуу адам укуктары одоно бузулган өлкөлөрдүн бийлиги Батыштын жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын бул өңдүү айыптоолорун четке кагып келет.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын баяндамасын "саясий жалганга жана идеологиялык стереотиптерге шыкалган" деп мүнөздөдү.

"Жылдан жылга кайталанып келе жаткан сөздөр, алар төгүнгө чыгарууга да арзыбайт", - деди министрликтин расмий өкүлү Ван Вэньбинь.

Блинкен 20-марттагы сөзүндө Американын өзүндө да адам укуктарына байланыштуу маселелер бар экенин, бул баяндама кимдир бирөөнү уяткаруу үчүн эмес, абалды жакшыртуу үчүн даярдалганын белгиледи.

"Биздин өз маселелерибизди ачык талкуулоого, кемчиликтерибизди килемдин алдында шыпырып койбой же көйгөй жоктой түр көрсөтпөстөн, тескерисинче аларды мойнубузга алууга болгон дилгирлигибиз, бизди жана башка демократиялуу өлкөлөрдү өзгөчөлөнтүп турат", - деди Блинкен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Адам укуктары боюнча баяндамасы дээрлик 50 жылдан бери дүйнөнүн 200гө чукул мамлекетиндеги жана аймактарындагы адам укуктарынын абалын талдайт.

Кыргызстанда журналисттер туш болгон басым

Баяндаманын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө өлкөдөгү күч кызматкерлери катышкан кыйноолор, сөз эркиндигин чектеген аракеттер, журналисттерге каршы коркутуулар, сот системасынын көз карандылыгы, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү көздөгөн мыйзамдардын сунушталышы, бийлик бутактарындагы коррупция, гендердик жана азчылыктарга каршы зомбулук же коркутуулар тууралуу сөз болгон.

"Бийлик адам укуктарын бузганы же коррупциялык аракеттерге аралашканы айтылган расмий кызматкерлерди иликтөөгө алып, аларды жоопко тартуу же жазалоо үчүн кадам таштаганы менен расмийлердин арасындагы жазасыз калуу көрүнүшү маселе бойдон калууда", - деп айтылат баяндамада.

Документте Кыргызстандын жабык жайларында тартип коргоо органдары катышкан кыйноолор, бул жол менен күнөөнү мойнуна алдыруу көрүнүшү уланып жатканы белгиленген. Баяндаманын авторлору Кыйноолорго каршы улуттук борбордун сентябрь айына чейинки маалыматына шилтеме берген. Ага ылайык, Башкы прокуратура каттаган кыйноо тууралуу 63 арыздын 54үнө милиция кызматкерлери, бирөөнө Улуттук коопсуздук комитетинин бир кызматкери аралашканы айтылган.

Мамдепартаменттин документинде абакта жаткандарга убагында медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканы да айтылган жана былтыр июнь айында тергөө абагында жатканда ден-соолугу начарлаган саясат таануучу Марат Казакпаевдин ооруканада каза болгону мисал катары көрсөтүлгөн.

АКШнын Мамлекеттик департаменти "Эркиндик үнү", "Бир дүйнө" жана "Справедливость" укук коргоо уюмдарына таянуу менен Кыргызстанда жарандар жетишсиз далил менен же тиешелүү процедуралар сакталбастан кармалган учурлар бардыгын билдирген.

Жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлери негизсиз кармоолорго, анын ичинде саясий мүнөздөгү кармоолорго жол бергенин айтып беришкен.

Документте 17-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова жана Өндүрүш Токтонасыров Москванын Украинадагы согушуна каршы нааразылык билдиргени үчүн кармалганы мисал катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле былтыр октябрь айында күч кызматкерлери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара келишимин сындаган 27 жарандык активистти жана саясатчыны кармаганы да айтылган.

"Саясий таасир, татаал мыйзамдык процедуралар, адвокаттардын жеткиликтүү болбогону жана тергөө мүмкүнчүлүгүнүн чектелгени айыпталуучулардын тергөө абагындагы убактысын узартууда", - деп айтылат баяндамада.

Ошондой эле баяндаманын авторлору Кыргызстанда медиа жана интернет эркиндигин чектеген учурлар катталганын, маалымат каражаттары жана журналисттер онлайн чабуулдарга жана басымга туш болуп жатканын жазышкан. ResPublica гезитинин жана "Азаттык" радиосунун веб-сайттары жана банк эсеби бөгөттөлгөнүн, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн депортацияланганын, Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиева камалып чыкканын мисал келтиришкен.

Бир катар жарандык топтордун өкүлдөрү Кыргызстанда "улут аралык, расалык, диний жана аймактык кастыкты козутуу", "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо" жана "массалык башаламандык" сыяктуу мыйзамдык жоболор жана беренелер көп колдонула баштаганын айтып беришкен. Алардын сөзүнө караганда, бул беренелердин кеңири мааниде чечмелениши сөз эркиндигин чектөөгө жол ачкан жана бул жарандык активисттер менен журналисттердин ишине терс таасирин тийгизген.

"Журналисттер улут аралык чыр-чатактар, коррупция жана саясий ишмерлер тууралуу маалыматтарды таратпоо үчүн милициянын опузасына, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн кысымына кабылганын айтып беришкен. Медиа кызматкерлери мамлекетке тиешеси жок оюнчулар, өзгөчө саясий байланыштары бар, бай адамдардын ыктымал коррупциялык аракеттери жана башка туура эмес иштери тууралуу маалымат бергени үчүн ал адамдардын опузасына туш болушканын билдиришкен. Журналисттер алардын интернеттеги жеке баракчаларын бузуп кирүү аракети көбөйгөнүн айтышкан", - деп белгиленет баяндамада.

Баяндамада жазылгандай, Кыргызстандагы айрым журналисттер өлкөдө улут аралык мамилелер, "диний экстремизм", Тажикстан менен жаңжал, Орусиянын Украинадагы согушу тууралуу маалымат таратууда басымга кабылганын айтышкан.

Ошондой эле Мамлекеттик департаменттин Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө жарандардын тынч митингге чыгуу укугу чектелген учурлар, аялдарга каршы зомбулук, улуттук азчылыктардын маселелери тууралуу да сөз болгон.

Кыргызстандын өкмөтү АКШнын Мамлекеттик департаментинин жаңы баяндамасында айтылган жагдайларга комментарий бере элек. Бирок кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө адам укуктары, сөз эркиндиги чектелгени тууралуу маалыматтарды буга чейин бир нече жолу четке каккан.

2-мартта тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары кеңешинин Женевадагы 52-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан БУУнун хартияларында, адам укуктары тууралуу жалпы декларацияда бекитилген принциптерди сактап келатканын айткан.

Кыргызстандын башкы дипломаты “Кыргызстандын ички мамлекеттик саясаты түп тамырынан бери адам укуктарын коргоо менен байланышканын” билдирип, Бишкек жаңы мүчө болгон БУУнун Адам укуктары кеңешинин ишине жигердүү катышууга даяр экенин белгилеген.

“Кыргызстанда жарандык коомду мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарт түзүлгөн. Алты миңден ашуун активдүү, көз карандысыз бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, Акыйкатчы, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жана көптөгөн эл аралык агенттиктер бар. Ошону менен бирге адам укуктары боюнча жогорку комиссардын Борбор Азиядагы регионалдык кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан”, - деди Кулубаев.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин айткан.

Борбор Азия: кандуу окуялардын кесепети

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды 1992-жылдан бери Эмомали Рахмон башкарып келе жаткан авторитардык мамлекет деп атаган. Баяндамада тажик конституциясы өлкөдө көп партиялуу системага кепилдик бергени менен бийлик саясий плюрализмге жолтоо болуп жатканы белгиленген.

Баяндаманын авторлору президент Рахмондун тун уулу, Дүйшөмбүнүн мэри Рустам Эмомали 2020-жылдын апрель айында тажик парламентинин жогорку палатасын жетектеп, өлкөдөгү экинчи адамга, атасынын «тактысынын» мураскоруна айланганын белгишкен.

«2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор эркин да, адилеттүү да болгон жок... Бардык укук коргоо органдары жана Бажы кызматы түз президентке баш ийет. Алынган маалыматтарга караганда, мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери көптөгөн мыйзамсыз аракеттерди жасашат», - деп айтылат баяндамада.

Анын авторлору Тажикстандагы туш келди камоолор, киши өлтүрүүлөр, кыйноолор, түрмөлөрдөгү адам чыдагыс шарттар, саясий куугунтук, сөз эркиндигин жана дин тутуу эркиндигин катуу чектөө, журналисттерди коркутуу тууралуу кылышкан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тажик бийлигин коррупция жана адам укуктарын бузган аткаминерлерди жазалоо үчүн жетиштүү чараларды көрбөй жатат деп сындаган.

Алматы шаарындагы 2022-жылдын 7-январдагы кырдаал.
Алматы шаарындагы 2022-жылдын 7-январдагы кырдаал.

Баяндамада Казакстандагы былтыркы Январь окуялары өлкөдөгү адам укуктарынын абалына таасирин тийгизгени белгиленген. Документтин авторлору коңшу өлкөдө өткөн жылы кыйноолор, коррупция күчөгөнүн, сөз эркиндиги жана жарандардын эркиндиги кыйла чектелгенин белгилешкен.

Ошондой эле "бийлик тарабынан же бийликтин тапшырмасы менен адамдарды өлтүрүү", "элдин саясий турмушка аралашуусуна тоскоолдук кылуу" фактылары тууралуу да сөз болгон.

Баяндамада былтыр жыл башындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны бийликтегилер айткандай 238 эмес, андан да көп болушу мүмкүн экени айтылган.

"Укук коргоочулар окуя маалында 260ка жакын адам каза болгонун айтышууда. Каза болгондордун толук аты-жөнүн жана алардын өлүмүнө эмне себеп болгонун жарыялабагандыктан бейөкмөт уюмдар менен эл аралык уюмдар өлгөндөрдүн так санын айта алышкан жок", - деп белгиленген баяндамада.

Мамдепартамент Январь окуялары маалында “элитанын ичиндеги ачыктан-ачык башаламандыктан улам бир нече шаарларда тынч башталган нааразылык акциялары кылмыштуу элементтер менен аралашып кеткенин жана акырында административдик имараттар, күч түзүмдөрү жана маанилүү инфраструктуралык объектилер кыйроого учураганын” өз баяндамасында белгилеген.

Адам укуктары боюнча бул документтин Өзбекстан тууралуу бөлүгүндө былтыр июль айында Каракалпакстан автоном республикасында болгон нааразылыктардын кесепетине өзгөчө көңүл бурулган.

1-2-июлдагы кандуу окуяларга Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорунан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып алуу аракети себеп болгон.

Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 43 киши жаракат алганын, 516 жаран кармалганын билдирген.

"Далилдер жетишсиз болсо да укук коргоочулар өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын саны расмий айтылгандан көп экенин айтышууда. Human Rights Watch уюму "коопсуздук күчтөрү тынч демонстранттарды таратуу үчүн адамды өлүмгө кириптер кылуучу куралдарды негизсиз колдонгонун жана ашыкча чараларга жол бергенин" билдирген", - деп айтылат баяндамада.

Борбор Ази өлкөлөрү Мамлекеттик департаменттин жаңы баяндамасы боюнча азырынча үн ката элек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG