Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Адам укуктары: Министр Кулубаевдин баяны жана активисттердин баасы


Министр Жээнбек Кулубаев Женевадагы сессияда сүйлөп жаткан учуру, 2-март, 2023-жыл
Министр Жээнбек Кулубаев Женевадагы сессияда сүйлөп жаткан учуру, 2-март, 2023-жыл

Кыргызстандагы адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып турганда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун трибунасынан кыргыз бийлиги демократияны коргоого күч жумшап жатканын айтты.

Женевада Кыргызстандын башкы дипломаты эл аралык донорлорго тышкы карызды экологиялык долбоорлорго алмаштырууну сунуштады. Эксперттер чөйрөсү кыргыз бийлигинин адам укуктары боюнча билдирүүсү реалдуулуктан алыс экенин белгилешет. Ошол эле учурда экологияга байланыштуу сунуш колдоого аларлык экенин айтышат.

Министрдин баяндамасындагы жетишкендиктер

2-мартта Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары кеңешинин Женевадагы 52-сессиясында сүйлөдү. Башкы дипломат өлкө мындан туура 30 жыл мурун дүйнөлүк уюмга мүчө болгонуна токтолуп, Кыргызстан БУУнун хартияларында, адам укуктары тууралуу жалпы декларацияда бекитилген принциптерди сактап келатканын айтты:

“Кыргызстан күчтүү демократиялык башкаруу формасын курууну, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөнү, улуттук мыйзамдарды эл аралык укуктук нормаларга шайкеш келтирүүнү, сот жана укук коргоо системасын реформалоону, шайлоо системасын жакшыртууну улантып жатканын баса белгилеп кетем”.

Министр “Кыргызстандын ички мамлекеттик саясаты түп тамырынан бери адам укуктарын коргоо менен байланышканын” билдирип, Бишкек БУУнун Адам укуктары кеңешинин ишине жигердүү катышууга даяр экенин кошумчалады.

“Кыргызстанда жарандык коомду мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарт түзүлгөн. Алты миңден ашуун активдүү, көз карандысыз бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, Акыйкатчы, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жана көптөгөн эл аралык агенттиктер бар. Ошону менен бирге адам укуктары боюнча жогорку комиссардын Борбор Азиядагы регионалдык кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан”, - деди Кулубаев.

Былтыр 11-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти, анын ичинде Кыргызстанды Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлаган.

Адам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн глобалдык алкакта иш жүргүзгөн кеңештин мүчөлөрү үч жылга шайланат. Кыргызстан буга чейин Адам укуктары кеңешине эки жолу, 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары кошулган.

Башкы дипломаттын баяндамасы өлкөдөгү адам укуктарынын жана басма сөз эркиндигинин абалы сынга кабылып турган учурга туш келди. Мындан улам укук коргоочу Динара Ошурахунова министрдин сөздөрү реалдуу турмуштан алыс экенин белгиледи:

Динара Ошуруханова
Динара Ошуруханова

“Кыргызстан БУУга мүчө болуу менен адам укуктарынын эл аралык жалпы нормаларын сактоого, урматтоого милдеттүү болгон. Тилекке каршы, азыр биздин республикада укуктар жана эркиндиктер бардык жерде бузула баштаганын көрүп жатабыз. Сөз эркиндигине кысым, активисттерди жана саясий оппоненттерди куугунтуктоо, аялдарга, балдарга зомбулуктун көбөйгөнүн айтпай койгонго болбойт. Мыйзамдуулуктун сакталбаганына - адилеттүү соттун жоктугу себеп”.

Ошурахунова былтыр октябрда жапырт камакка алынган саясатчылардын жана активисттердин жагдайы өлкөдө сөз жана ой эркиндигине балта чаап жатканын кошумчалады.

Жапырт кармалгандарды бошотуу талабы менен өткөн жүрүш. Октябрь, 2022-жыл.
Жапырт кармалгандарды бошотуу талабы менен өткөн жүрүш. Октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын эл аралык бедели

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активисттердин камалганына төрт айдан ашты. БУУ баштаган бир топ эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууну, эркин пикир билдиргендерге куугунтукту токтотууну талап кылып келатат. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын айтса, активист-саясатчылар муну саясий куугунтук деп сыпатташат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад иши Кыргызстандын күч органдарынын абалынын жана өлкөдөгү адам укугунун чыныгы көрсөткүчү экенин айтты:

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

“Отузга жакын адамдын Кемпир-Абадга байланыштуу иши Кыргызстанда миңдеген адамга байланыштуу тергөөлөр кандай жүрүп жатканын, сот көзөмөлү кандай экенин, камакта кармоонун шарты кандай экенин көрсөтүп турат. Кыргызстан эл аралык деңгээлде аброюн көтөрүш үчүн биринчи кезекте адамдардын фундаменталдык эркиндиктерин коргошу зарыл”.

Абдирасулова жарандардын тынч митингдерге чогулуу укугунун сот чечими менен чектелишин, бейөкмөт уюмдардын ишин тескеген мыйзам долбоорун кабыл алуу аракетин мисал кылып, мунун баары дүйнө коомчулугунда Бишкектин дарегине сынды күчөтө берерин кошумчалады.

Бишкекте сөз эркиндигин коргоо акциясына чыккандардын бири Атай Бейшенбек журналисттерге интервью берип жатат. 14-октябрь, 2022-жыл.
Бишкекте сөз эркиндигин коргоо акциясына чыккандардын бири Атай Бейшенбек журналисттерге интервью берип жатат. 14-октябрь, 2022-жыл.

28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен кыргызстандык кызматташы Кулубаев менен Астанадагы жолугушканда адам укуктарын, фундаменталдык эркиндиктерди, анын ичинде тынч жыйындарга чогулуу эркиндигин жана басма сөз эркиндигин, бейөкмөт уюмдар менен жарандык коомдун ишмердигин коргоо керектигин баса белгилегени маалым болгон.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөгөн чечимин айыптап, бул демократиялык аралча аталган мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөрүн эскерткен.

Жакында эле АКШнын Катон институту менен Канаданын Фрейзер инситуту биргелешип жүргүзгөн Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте Кыргызстан 165 өлкөнүн ичинен 87-орунду ээлеген.

Тышкы карызды экодолбоорго айырбаштоо

Женевадагы жыйында министр Кулубаев пандемиядан кийинки жана геосаясий өзгөрүүлөрдүн маалында өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тышкы карызы алардын адам укуктары жаатындагы аракеттерине бөгөт болуп жатканын айтып, президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнү "жашыл" долбоорлорго айырбаштоону сунуштаганына токтолду.

“Кыргызстан донор өлкөлөрдөн, эл аралык финансылык институттардан жана уюмдардан бул принципти өздөрүнүн программаларына жана долбоорлоруна интеграциялоону, ошону менен өнүгүп келаткан өлкөлөрдө адам укуктарынын андан ары өнүгүшүнө дем берүүнү суранат”.

Тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу сунушун президент Садыр Жапаров быйыл январдын башында Фейсбукка да жазган.

Эржан Кайыпов
Эржан Кайыпов

Эксперттер тышкы карыздын бир бөлүгүн долбоорлорго алмашып алууга мүмкүнчүлүк бардыгын айтышып, дүйнөдө жашыл экономикага көп көңүл бурулуп турганда Кыргызстандын сунушу колдоо табышы ыктымал дешет. Укук коргоочу Эржан Кайыпов мындай демилгенин келечеги Бишкектин эл аралык милдеттенмелерди аткаруусунан көз каранды экенин айтты:

"Бул сунушту ишке ашыруу үчүн да Кыргызстан кандайдыр милдеттенмелерди моюнга алышы керек. Бирок ошол милдеттенмелер абийир менен ишке ашырылабы? Ушул маселе бар. Экологиялык көйгөйлөрдүн келип чыгышы да абийирге байланыштуу болуп жатпайбы. "

Женевадагы бир айлык

БУУнун Адам укуктары кеңешинин кезектеги сессиясы Түркияда жана Сирияда он миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаланын, Орусиянын Украинадагы согушунун фонунда өтүп жатат. Сөзгө чыккандар табигый кырсыкта көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, аларга жардамды көбөйтүүгө чакырууда. Ошондой эле Орусиянын Украинадагы согушуна, Шиңжаңдагы мусулмандардын жагдайына да тынчсызданган баяндамалар бар.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Рябков Женевада сүйлөгөн учурда бир катар өлкөлөрдүн делегаттары Украинанын желегин көтөрүп турушту.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Рябков Женевада сүйлөгөн учурда бир катар өлкөлөрдүн делегаттары Украинанын желегин көтөрүп турушту.

27-февралда башталган жыйын 4-апрелге чейин уланат. Делегаттар ар кайсы өлкөлөрдөгү адам укуктарынын абалы боюнча атайын баяндамачылардын ондогон докладын талкуулашат. БУУнун Украинадагы кырдаалды иликтеген комиссиясынын отчету да угулат. Сессияга Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш, Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк, 150дөн ашуун өлкөнүн лидерлери, тышкы иштер министрлери жана башка расмий өкүлдөрү катышууда. Министр Кулубаев Женевадагы эл аралык уюмдардын жетекчилери менен да жолугушмакчы.

Дүйнөнүн 47 мамлекети мүчө болгон Адам укуктары боюнча кеңеш жарандардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу жагдайларды карап, тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG