Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Тышкы карызды жашыл экономика жабабы?


Улуттук долбоорлор (иллюстрациялык сүрөт)
Улуттук долбоорлор (иллюстрациялык сүрөт)

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу сунушу менен чыкты. Мамлекет башчы 4,2 млрд долларга жеткен карыздын бир бөлүгүн Кыргызстан ГЭС курууга жумшаса болорун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы билдирүүсүндө ыш Кыргызстандагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калганын айтып, 2021-жылы Глазго шаарында өткөн глобалдык климаттык саммиттеги өз убадасын эске салды. Анда Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн айткан. Кыргыз президенти ага ириде суу энергетикасын өнүктүрүүнүн аркасында жетишүү мүмкүн экенин, анткени өлкө бул тармактагы дараметинин 10% эле колдонуп жатканына токтолгон.

“Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр. Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз. Биз, бардыгыбыз балдарыбыз экологиясы таза, бай өлкөдө жашашын каалайбыз”, - деп айтылат Жапаровдун өнөктөш өлкөлөргө жана эл аралык каржы институттарына жолдогон кайрылуусунда.

Садыр Жапаров "жашыл" долбоорлор боюнча демилгелерди жигердүү иштеп чыгууну тапшырганын кошумчалаган.

"Айта кетсем, бүгүнкү күндө тышкы карызыбыз 4,2 млрд АКШ долларынын тегерегин түзүүдө. Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз".


2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү, же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Кыргызстан 30 жылда ири карыз алган каржы институттары: Азия өнүктүрүү банкы (629 миллион), Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (605 миллион), Ислам өнүктүрүү банкы (163 миллион).

Былтыр кыргыз өкмөтү 20,6 млрд. сомду тышкы карызды жапканга чегереген.

This image contains sensitive content which some people may find offensive or disturbing.
2022-жылдын ноябрь айына карай Кыргызстандын тышкы карызы. Маалымат Финансы министрлигинин сайтынан алынды.
2022-жылдын ноябрь айына карай Кыргызстандын тышкы карызы. Маалымат Финансы министрлигинин сайтынан алынды.
This image contains sensitive content which some people may find offensive or disturbing - Click to reveal
2022-жылдын ноябрь айына карай Кыргызстандын тышкы карызы. Маалымат Финансы министрлигинин сайтынан алынды.

Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Үмүтжан Аманбаев президенттин тапшырмасы боюнча тышкы карызды конверсиялоо механизми иштелип жатканын айтты.

“Бизге карыз берген донорлорго каттарды жөнөтүп, Германия, Франция, Түркия менен иштешип атабыз. Жакын арада башкаларга дагы кайрылабыз. Бул жаатта эл аралык уюмдар көмөк көрсөтүп жатышат. Бизде буга чейин ушундай тажрыйба болгон. Мисал келтире турган болсок, Германияга карызыбыз 14 млн. 900 миң еврону конверсия кылууга кол коюлган. Ушундай жол менен канча карызды жойсо болорун так айта албайбыз. Бирок Европа өлкөлөрү менен тил табышса болот деп ойлоп атабыз. Ал эми Кытайда мындай программа жок экен".

Үмүтжан Аманбаев мисал тарткан Министрлер кабинети менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы карызды конверсиялоо жөнүндө макулдашуу 2022-жылы Жогорку Кеңеште колдоо тапкан.

Ага ылайык, Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кечип, Кыргызстан үч жылдын ичинде бюджеттен ушул суммадагы каражатты аз камсыз болгон адамдарга ипотекалык насыя үчүн бериши керек. Анын алгачкы траншы (500 млн. сом) которулганы айтылды.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров эл аралык каржы уюмдары карызды кечүүдө маани бере турган факторлорду айтып берди.

“Эл аралык каржы институттардын жашыл экономиканы колдоо максатында карыздарды кече турган шарттары барбы-жокпу билбейм. Ошол эле Дүйнөлүк банк, бир топ институттар демократия принциптерин карайт. Сөз эркиндиги басмырланган жокпу, бейөкмөт уюмдарга мамиле кандай деген сыяктуу. Ушул багытта кандайдыр бир жеңилдетүүлөрдү берип турат. Бул жагынан бизде чоң көйгөй бар. Аны баарыбыз жакшы билебиз. Мисалы, ошол эле Кытай бир да өлкөнүн карызын кечкен эмес. Башында грант катары бериши мүмкүн”.

Негизи тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 млн. доллардан 400 млн. долларга чейин бөлүшү керек болот.

Экономист Кубан Чороев карыздын бир бөлүгүн алмашып алууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтат. Ошол эле учурда Кытай карызды кечерине ишенбейт.

“Бул жерде бир гана жашыл экономика боюнча эмес, адам укуктарын колдоо, мыйзам үстөмдүгүн орнотууга багытталган программалар боюнча сөз кылса болот. Анткени бул Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) көп жылдык максатына кирет. Ошон үчүн кайрыла беришибиз керек. Демилге Кыргызстан үчүн аябай пайдалуу болмок. Себеп дегенде акчаны ансыз деле беребиз. Ага караганда өлкөбүздө калып, кайсыл бир маселени чечүүгө жумшалса жакшы эмеспи”.

Президент тышкы карызды кечүүдө негиз катары көргүсү келген ыш маселеси бир нече жылдан бери күчөдү. Кышкысын кара түтүн Бишкек баштаган бир нече калааны каптап, абанын сапатын көргөзгөн дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыгууда. Буга чейин бир нече сунуш айтылып, президенттин жарлыгы да чыккан. Бирок башкалаадагы абанын сапаты жыл сайын начарлап келет.


Эколог Бермет Бөрүбаева мамлекеттин экологияга болгон мамилеси боюнча мындай оюн билдирди:

“Бул популисттик билдирүүгө окшоп жатат. Анткени бийлик экологиялык долбоордун шылтоосу менен каражат тапкысы келет. Бирок иш жүзүндө Кыргызстандын экология жаатындагы саясаты башкача болуп турат. Мисалы, канча жылдан бери убада кылышкан автобустарды алып келише элек. Азыркыга чейин сапатсыз күйүүчү майды сатууга тыюу салыша элек. Жалпылап айтканда экологияга деп көп каражат алынат. Бирок реалдуу аракет көрүнбөйт”.

Кыргызстан тышкы карызын башка долбоорлорго айырбаштоо сунушу менен мурда да чыккан. 2020-жылы ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш чара» аттуу эл аралык форумда карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштаган. Онлайн жыйынга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Германия, Франция, Англия баштаган мамлекеттердин лидерлери, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилери катышкан эле. Жээнбеков ал кезде тышкы карызды саламаттыкты сактоого, азык-түлүк коопсуздугуна жана жашыл экономикага жумшаса боло турганын айткан болчу.

Климат: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:40 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG