Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Энергокризис: Жарыкты керектөө жогорку чекке жетти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда суук түшкөнү электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти. Мындай кырдаалда ири аварияларга жол бербөө үчүн энергетиктер жарыкты болушунча үнөмдөөгө чакырып жатышат. Муну менен катар өлкө кышкы мезгилден чыгуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар карыз алып жатат. Эксперттер Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыздоодо да кооптуу жагдайлар бар деп коңгуроо кагышууда.

Быйыл Борбор Азиядагы бир нече мамлекетте энергокризис сезилип жаткан чакта Кыргызстанда абал кандай?

Сууктун түшүшү менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарында электр энергиясынын тартыштыгы, өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар көбөйдү.

Оштун тургуну, жарандык активист Айсулуу Аскарова шаардагы бир нече чөлкөмдө дээрлик күн сайын жарык өчүп калып жатканын айтат.

«Мен жашаган райондо кечээ эртең менен саат 10дордо өчтү окшойт, кайра кечинде күйдү. Бизде Ош району деген жер бар, андан мурдагы күнү ошол жерде дагы өчтү. Мурдагы күндөрү Оштун борборундагы Келечек базарында үч күн бою катары менен жарык жок болгон. Сатуучулар «кимдерге айтабыз» деп мага чыгышкан. Айтор, Ош шаарынын жер-жерлеринде өчүрүү байма-бай эле болуп жатат. Күндүз жарык дагы, газ дагы жок. Кабат үйлөр суук болуп жатат. Анткени, үйгө көмүр дагы жага албайсың да, жер тамда өзүң жага бересиң. Ушул аптада аябай катуу суук болуп атпайбы. Ушундай улам ар райондо жарык өчүп атат».

Энергетиктер кыштан чыгуу үчүн энергетикалык ресурстар жетиштүү экенин, алдыда маал-маалы менен өчүрүү пландалбаганын, бирок үнөмдөө өтө зарыл болуп турганын эскертишүүдө.

Улуттук электр тармактары компаниясынын башкы директору Алтынбек Рысбеков электр энергиясын керектөө өтө өсүп кеткендиктен, жер-жерлерде авариялык кырдаалдар жаралып, жарык өчүп калган учурлар болуп жатканын билдирди.

«Коңшу өлкөлөрдө кубаттуулуктун тартыштыгы жаралгандыктан, олуттуу чектөөлөр болуп жатат. Бирок, бизде мындай план жок. Ошентсе дагы, айта кетүү керек, техникалык шарттаманын 79-пунктунда «керектөөчү октябрь айынан март айына чейин кечки саат 18ден 21ге чейин энергияны көп талап кылуучу жабдыкты колдонууга тыюу салынат» деп так-даана жазылган. Аталган режимди сактабаган учурда энергокомпания техникалык шарттаманы жокко чыгарууга укуктуу болот. Биз, албетте, андайга барбайбыз. Болгону кечки максимум учурунда лимитти сактоого, тагыраагы электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз».

Учурда Токтогул суу сактагычына агып кирген суу секундасына 168 м3, ал эми чыккан суу 800 м3 ашууда. Былтыр суткалык керектөө 55-56 млн. кВт/саат болсо, азыр туруктуу түрдө 70 млн. кВт/сааттан болууда. Колдонуу 3350 мегаваттка чейин жетүүдө, былтыр бул көрсөткүч 3000 мегаваттка чейин болчу.

"Карызга электр сатып алабыз"

Быйыл Токтогул суу сактагычына чогулган суунун эң көп көлөмү 18-октябрда 13 млрд. 700 млн м3 чейин жетти. Бул 2021-жылдагыга караганда 1,4 млрд м3 көп. Ага карабай, бул көлөм кыштан жылуу-жумшак чыгууга жетпейт. Кыштан ыңгайлуу чыгыш үчүн 16-17 млрд. м3 суу керектелет.

Декабрдын башынан бери суук күчөгөндүктөн, электрге болгон керектөө да кескин жогорулады. Расмий маалыматтар боюнча, Токтогул ГЭСи учурда саатына 1260 мегаватт электр энергиясын өндүрүп жатат.

Учурда ГЭСте күн сайын 55-58 млн м3 чейин суу агып чыгууда. Жөнөкөй арифметикалык эсептөөлөр мындай керектөө менен 2023-жылдын мартынын аягына карай Токтогулдагы суунун көлөмү 6,5-7 млрд. м3 чейин түшүп барарын көрсөтөт. Бул суунун басымы турбиналарды иштетүүгө жарабай, гидроэлектрстанция токтоп калат дегенге тете. ГЭСти сактап калуу үчүн суунун басымын кызыл чекке жеткирбей токтотуу керек.

Ушундай тобокелдиктердин алдын алуу үчүн, быйыл дагы Түркмөнстан менен Казакстандан жарыкты импорттоо келишимдери түзүлгөн. Бирок, бул жолу импорттук жарык үчүн эл аралык уюмдан ири суммада насыя алынып жатат. 7-декабрда Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн. доллар карыз алуу келишимин ратификациялоо мыйзамын экинчи окууда кабыл алды.

Карыздын максаттык багыты менен шарттары тууралуу Финансы министринин орун басары Руслан Татиков түшүндүрүп берди.

«Азия өнүктүрүү банкынан алып жатабыз. Сумма 50 млн. АКШ долларын түзөт. Анын 25 млн. доллары насыя жана 25 млн. доллары грант. 24 жылдык мөөнөт менен алып жатабыз, анын сегиз жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Жеңилдетилген мөөнөттөгү үстөгү 1%, негизги сумманы төлөө мөөнөтү 16 жыл болуп, анда 1,5% болот. Азия өнүктүрүү банкынын негизги шарты ушундай. Биз аны бюджетти колдоого алып жатабыз, бирок каражатты бүт бойдон электр энергиясын импорттоо үчүн Энергетика министрлигине беребиз».

Ал эми депутат Дастан Бекешев менен энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбековдун диалогу өлкөнүн күз-кыш мезгилине даярдыгын жана отун-энергетика тармагынын абалын дагы тереңирээк түшүндүрөт.

Б: Элүү миллион долларды кайда жумшайсыңар?

С: Бул импортко гана...

Б: Эмнени импорттоого?

С: Электр энергиясын импорттоого.

Б: Элүү миллион доллардын баарыбы?

С: Ооба, бардык сумма, 4,4 млрд сом.

Б: А канча киловатт/саат сатып алууну көздөп жатасыңар?

С: Бүгүнкү күндө 2,5 млрд киловатт/саат импорттоп жатабыз.

Б: Кайра эле Түркмөнстандан алганы жатасыңар да э?

С: Түркмөнстан менен Казакстандан. Казакстандан 450 млн киловатты тандап алдык. Азыр Түркмөнстан менен менен сүйлөшүп жатабыз.

Б: Казакстан бизге мурда алган энергиянын ордуна бербейби? Бизде келишим бар го.

С: Жок, алар бизге товар алмашуу боюнча кайтарып беришкен. Ал боюнча толук эсептешип бүткөнбүз.

Б: Бул жерде биз электр энергиясын сатып алуу үчүн насыя алып жатабыз да э?

С: Ошондой.

Б: Ой-ой, биз кайда келип калдык?

С: Өкүнүчтүү, бирок факт ушундай...

Отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Умбеталиев электр энергиясын импорттоо үчүн насыя алуу өзүн актабайт деген пикирин билдирди.

«Башка мамлекеттен электр энергиясын сатып алууга насыя алган туура эмес. Анткени, анын төлөй турган пайыздары бар. Биринчиден, акчанын көлөмү, анын үстүнө пайыздары бар, аны төлөш керек. Ошондуктан, бул жерде депутаттар дагы бир аз адаштырып атпайбы. «ЖЭБге караганда биздин импорттук электр энергия арзан болуп жатат» деп айтып атышат. ЖЭБде 3,2-3,6 сом, ал болсо болгону 10% эле өндүрөт. А ГЭСтерде электр энергиясынын баасы арзан да – өндүрүп атканы 18 тыйын, ташып келгени 23-44 тыйын, сатып атканы болсо 1,2-1,3 сомго айланып атат. А биз Түркмөнстан менен Казакстандан ага караганда кымбатыраак алып атабыз».

Борбор Азиядагы энергокризис жана Кыргызстандын тобокелдиктери

Бул жылы Борбор Азиянын, Түркмөнстанды кошпогондо, дээрлик бардык өлкөлөрүндө энергетикалык кризис курчуп кетти. Сууктун эрте түшүшүнөн улам 9-ноябрдан тарта Өзбекстанда магистралдык газ куурларында басым кескин төмөндөп, электр энергиясын өндүргөн айрым жылуулук станцияларына барган көгүлтүр отун азайып жатат. Мындан улам өзбек өкмөтү өлкө аймагында жарыкты мезгил-мезгили менен өчүрүүгө мажбур болууда. Соңку маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 500гө чукул калктуу аймакка газ берүү токтоп турат жана борбор калаа Ташкент ноябрдын ортосунан баштап электр энергиясын үнөмдөө режимине өттү. Энерготармактагы кризистик жагдайга кептелүүгө жол берген жетекчилерге кылмыш иши козголуп, камакка да алынган.

Өзбекстандын улуттук диспетчердик борборунун өлкө ичиндеги энергокомпанияларга жолдогон катында «электр энергиясын керектөөнү тийиштүү деңгээлге чейин түшүрбөсө, Борбор Азиянын Бириккен энерготутумуна ири кесепеттерди тийгизе турган авариялар болушу мүмкүндүгүн жана ага Өзбекстан себепкер болору» эскертилген.

Кыргызстандын Улуттук энергохолдингинин жетекчиси Таалайбек Байгазиев Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоодо форс-мажордук жагдайлар жаралып жатканын билдирди.

«2022-жылга бизде Түркмөнстан менен Казакстандан электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөн. Бул жылы Түркмөнстандан 1 млрд 300 млн, Казакстандан 450 млн киловатт электр энергиясын сатып алабыз. Казакстандан толук алынып бүткөн. Мындан тышкары декабрь айына кошумча дагы 200 млн киловатт алуу маселесин иштеп жатканбыз. Бирок, Казакстандын энерготутумундагы генератордук жабдыктар иштен чыгып, өзгөчө Экибастуздагы станцияларда авариялык кырдаал курчуп тургандыктан, алар азырынча бизге ток бере албай жатат. Кечээ кечинде биз ал жактагы кесиптештер менен сүйлөштүк, жагдай акырындан жолго коюлуп келаткандыктан, энергия берүү жакында улантылат деп турабыз. Түркмөнстандан энергия алуу боюнча айтсак, транзиттик жолдо жайгашкан Өзбекстандын өзүндө да катуу тартыштык болуп жаткандыктан, алар биз ала турган көлөмдү бул жакка өткөрө албай турат. Бирок, Өзбекстан өзүнө милдеттеме алган жана аны аткарууну убада кылды».

Ал эми Казакстан дагы бул жылы энергокризис менен күрөшүүдө. Жылуулук тармактарынын 80% эскилиги жеткендиктен, жылуулук электр борборлору менен куурлар биринин артынан бири иштен чыгып жатат. Өзгөчө татаал жагдай Экибастуз, Риддер жана Петропавловск шаарларында жаралган.

150 миң киши жашаган Экибастуз калаасы Казакстандын түндүк аймагында, ири көмүр шахталарынын жана электр станциясынын жанында жайгашкан. Ага карабай 27-ноябрда, көчөдө 30 градус суук кычырап турган маалда шаарды жылуулук менен камсыздаган борбордо авария болуп, жашоочулар жапырт суукта калган.

Бул арада Кыргызстандын айрым аймактарында дагы кыштын ызгаарында жылуулук тутумдары иштен чыгып, тургундардын суукта калып жатканы тууралуу маалыматтар пайда болууда. Кемин районунун Орловка шаарчасынын тургундары төрт күндөн бери жылуулук үзгүлтүккө учурап жатканын билдирип жатышат. Жергиликтүү тургун Сейне Жакшыбаева шаардын жылуулук борбору аварияга учурап 2000ге чукул тургун аязда калганын айтты.

«Бизде ОПТиВ деген бар, ЖЭБге окшогон («Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасына карайт – ред.). Ошол жылуулук бербей, эки казан тең күйүп, ошону оңдоп атышат. Үч-төрт күн болуп калды. Кеткендер кетип калды үйлөрүндө жашабай, жылыткычтарды сайып атабыз. Бирок, эки мектеп, эки бала бакча жабык – мектептер онлайн окууга өттү, бала бакчалар жабылды. Ток жетишпейт, кечинде таптакыр араңжан болуп калат. Баары ток сайып атышат. Жаш балдары барлар туугандарыныкына кетип атышат. Ватсап тайпаларыбыз бар, бүгүн азыр кээ бирлеринин түтүктөрү жарылып атат дейт. Минтип дагы суук болсо кандай болот, ким билет эми? Чыдабай, трансформаторлор жарылышы мүмкүн».

Борбор Азиядагы Суу маселелерин жана гидроэнергетика ресурстарын изилдөө институтунун жетекчиси Эрнест Карыбеков аймактагы мамлекеттердин эч кимисинде электр энергиясынын резервдик кубаттуулугу жок экенин, бул аймактык энергошакекчени чоң тобокелдикке түртөрүн белгиледи.

«Энергияны Түркмөнстан берсе дагы, ал Өзбекстанга, Өзбекстан Казакстанга, Казакстан бизге берет. Борбор Азия мамлекеттеринин энерготутумдары өздөрүнүн кубаттуулугу боюнча нөлдүк баланс менен иштешет. Канча кубаттуулук чыгарса, ошончо кубаттуулукту пайдаланышат. Демек, бизге беребиз десе, өздөрүн чектеп, анан каяктан болсо да бериш керек. Своп-операция же алмашуу деп коёт, Түркмөнстан же Орусия берет. Орусия Казакстандын түндүгүнө берет, Казакстан болсо бул жакта түштүгүнөн бизге бериши керек. Түркмөнстан Өзбекстанга берет, Өзбекстан аны жагып, өзүнүн Ташкенттеги чоң жылуулук электрстанциясы бар, ошондон чыгарып Казакстандын Чымкентине, Чымкенттен Жамбылга, Жамбылдан бизге, Кара-Балтага келет. Ошон үчүн, бүт жерде кубаттуулук ресурстары аз».

Кыргызстан 2021-жылдын кышында импорттук электр энергиясы менен чыккан. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Түркмөнстандан жарыктын 1,6 млрд киловатын 46 млн долларга, Казакстандан 423 млн киловатын 6 млн долларга сатып алган. Казак энергиясынын киловатынын импорттук баасы 1,26 сомго турса, түркмөн жарыгы 2,48 сомго айланган.

Көмүр менен камсыздоо маселеси

Бишкек жылуулук-электр борборунун күз-кыш мезгилиндеги көмүргө керектөөсү 1,5 млн тоннадан ашат. Июль айында мурунку министр Доскул Бекмурзаев жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарып жатып "сырттан бир тоголок да көмүр импорттолбойт, Бишкек жылуулук борборунун керектөөсүнүн баары өлкө ичиндеги кендерден алынып, мындан 32 млн доллар үнөмдөлөт" деп жарыялаган болчу.

Министр алмашканда аны менен кошо план дагы өзгөргөн. Анын ордуна дайындалган жаңы министр Таалайбек Ибраев Казакстандан тоннасы 53,45 доллардан турган 400 миң тонна көмүр сатып алуу келишими түзүлгөнүн билдирген. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, бул Кыргызстандын бюджетине 21,4 млн долларга турат. Кара-Жыра кенинин Д үлгүсүндөгү көмүрү 18-ноябрдан баштап Бишкекке келип жатканы кабарланган.

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Таалайбек Байгазиев башында албайбыз деп жатып, кыш жакындаганда кайра казак көмүрүн импорттоо себебин минтип түшүндүрдү.

«Биз эмне себептен казактын 400 миң тонна көмүрүн сатып алууга бардык? Жай мезгилинде көрдүңөр го, Боом капчыгайында жолду сел жууп кетип атты, темир жолду жууп, канча күнгө токтоп калып атты. Ушундай табигый тобокелдиктер болуп калып атты, ошол эле Кара-Кече автомобиль жолунда дагы көчкүлөр болушу мүмкүн. Ошого карата резервдик жеткирүү катары 400 миң тоннага келишим түздүк. Келишим деген кандай? Бул баарын алып алуу дегенди билдирбейт. Келишимде бар – эгерде 100 миң тонна жетишеби, анда ошону менен токтотобуз, 400 миң тонна керек болсо, баарын алабыз. Казактан көбүрөөк алсак, кыргыздыкы азыраак болуп калат. Жалпысынан, 400 миң тоннанын жеткирүүсү башталды. Келишимди кечирээк түзгөнгө байланыштуу, албетте казактын кенинде да кечирээк даярдык болуп, азыр көмүр келип атат. Жалпысынан, бул резерв болуп, өндүрүлгөнгө жараша, утуру келгени утуру иштетилип кете берет. Финансы министрлигинен импортко жана отун камдоого 6 млрд сом каралган, ошол каражаттан алып атабыз».

Кара-Кече көмүрүн Бишкек жылуулук борборуна «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы жеткирет. Ишкананын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБине 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилине карата 1 млн 50 миң тонна көмүр жеткирүү планы коюлган. Анын ичинен 365 миң 142 тоннасы ташып жеткирилген.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Марат Орозбаев буга чейин калк менен бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыздоого артыкчылык берилгенин, эми Бишкек ЖЭБине ташуу көбөйтүлөрүн билдирди.

«Бишкек шаары 90-95% көмүр менен камсыздалып бүткөн. Өзүңүздөр билгендей, ар бир отун базасында көмүрдүн көлөмү керектүү деңгээлде турат. Баасы 4000 сомдон 6000 сомго чейин болуп жатат, ал көмүрдүн өзүнүн кызматына жараша болот. Аймактарда дагы бюджеттик мекемелер 90-95% камсыздалган. Бизге «биринчи калкты көмүр менен камсыздап бүтүп, анан Бишкек шаарынын жылуулук борборуна өтөсүңөр» деген тапшырма коюлган. Бүгүн-эртең Бишкек шаарынын жылуулук борборуна өткөнү турабыз. Ал жакка дагы керек болгон көмүр көлөмүн өз убагында ташып жеткирүүгө даярбыз».

Бишкек жылуулук-электр борбору кыш мезгилинде электр энергиясына болгон керектөөнүн 1/10 чейин камсыздоо менен суткасына максимум 11 млн. кВт/с энергияны иштеп чыгат. Ошондой эле ЖЭБ борбордун тургундары үчүн жылуулук энергиясын иштеп чыгып, ѳнѳр жай максатында ысык суу жана буу менен камсыз кылат. ЖЭБдин бир суткалык чыгымы болжол менен 7,2 миң тонна көмүрдү түзөт.

2018-жылдын январында катуу суукта ага чейин модернизацияланган ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн бою жылуулуксуз, айрым жерлери жарыксыз калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG