Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Энергетика тармагына кийинки жылы 10,8 миллиард сом бөлүнөт


Алмаз Бакетаев.
Алмаз Бакетаев.

Финансы министри Алмаз Бакетаев 22-ноябрда Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында энергетика тармагын каржылоого байланыштуу маалымат берди. Ал келерки үч жылдын ичинде акча бөлүү көбөйөрүн айтты.

"2023-жылы энергетикалык тармакты 10,8 миллиард сомго капиталдаштыруу пландаштырылып жатат. Ал эми 2024-жылы 55,8 миллиард, 2025-жылы болсо 57,1 миллиард сом бөлүү каралууда. Бул өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртууга өбөлгө түзөт",- деди Бакетаев.

Өткөн аптада министр Бакетаев энергетика тармагынын жалпы карызы 142 миллиард сомго жеткенин билдирген, бересени бюджеттен жана чет жактан алынган карыз, насыялар түзөрүн белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы январда президенттик кызматка киришип жатканда энергетика системасынын карызы 137 миллиард сомго жеткенин жарыялаган.

Кыргызстан тышкы карыздын көбүн жол жана энергетика тармагына алган. Маалымат боюнча, “Датка-Кемин” долбооруна 389 миллион доллар, Бишкек Жылуулук электр борбору үчүн 386 миллион доллар, Токтогул ГЭСин реабилитация долбооруна 375 миллион доллар насыя алынган.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салууга Эксимбанк жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары 857 миллион доллар насыя берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG