Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Абактагы активист “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн чечимди сындады


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган жарандык активист Рита Карасартованын “Азаттык” радиосунун сайтын эки айга бөгөттөө чечимин сындаган каты анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда Карасартова “Азаттык” 70 жыл бою эркиндикке умтулган элдин чындыгын угузуп, айтып келгенин жазат.

“СИЗОдо отуруп “Азаттыктын” сайты эки айга жабылганын угуп капаландым. Өмүрүндө эч нерсе жаратпай, өстүрбөй туруп, "жапкыла, жок кылгыла" деп, жеңил-желпи сүйлөгөндөр көбөйдү. Мен өзүмдү жаран катары таанып, билгенден бери эстеп көрсөм, бийлик дайым “Азаттыкка” кысым көрсөтүп келген. Жогорку окуу жайда мугалим болуп жүрүп канча жолу “Азаттыкка” азаттыкты талап кылып жүрүшкө чыкканбыз”, - деп жазат активист.

Карасартова октябрдын аягында Кемпир-Абад ишине байланыштуу эки айга камалган 30га жакын активист жана саясаятчылардын бири. Аларга "бийликти басып алууга аракет жасаган" деген айып тагылган. Айрымдары үй камагына чыккан. Кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпты куугунтук деп баалашат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 26-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Расмий билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, “журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети - Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айткан. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, бир катар өлкөлөр “Азаттыктын” сайтынын эки айга жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген.

"Азаттык" радиосу - Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги веб-сайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң кеңири таанылган маалымат ресурстарынын катарына кирет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG