Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Ишкерлерди текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилет. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.

Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экени билдирүүдө айтылган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бизнести өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвесторлордун активдүү келишине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр бар, укук коргоо, салык жана көзөмөл органдарынын текшерүүлөрү, ыйгарым укуктарынан аша чапкан учурлар тууралуу ишкерлерден, коммерциялык банктардан даттануулар көп түшүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 млн. доллар инвестиция кирип, 483 млн. доллар чыгып кеткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG