Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Банктар былтыркыга салыштырмалуу 28 млрд. сомго көп киреше тапты


Каржы секторундагы ишканалар 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсе (28,7 млрд. сом) көп киреше тапты. Башкача айтканда жалпы киреше 75 млрд. сомго жеткен. Бул өсүштөр негизинен банк тармагына тиешелүү экени Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылды.

Комитеттин маалыматына караганда, коммерциялык банктардын кирешеси чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан түшкөн. 2022-жылы жалып финансы секторунда 603 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 565 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүзгөн.

Быйыл валюталык операцияларга коюлган ар кандай чектөөлөр, акча алуудагы комиссиялардан улам банктар каржы институттарынын ичинен эң көп сынга кабылды. Жарандар акча которууларды кабыл алуу акысынын жогорулатылганына, накталай акча алуунун кыйындаганына жана накталай долларды сатып ала албай жатканына нааразы.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандаган.

АКШ валютасынын олку-солку абалынан улам Кыргызстанда накталай долларды табуу кыйын болуп жатканын ишкерлер менен кардарлар айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG