Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Польша Украина менен чек арасына абадан коргонуучу система орнотот


Абадан коргоочу Patriot системасы.
Абадан коргоочу Patriot системасы.

Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак Украина менен чектеш аймакка Германия бергени жаткан абадан коргонуучу Patriot системасы орнотуларын билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына немис кесиптеши Кристина Ламбрехттин мындай сунушун кабыл алганын жазды. Германия өз кезегинде бул маалыматты ырастады.

“Польша биздин досубуз, өнөктөшүбүз жана ал Украинанын коңшусу катары өзгөчө аялуу абалда турат. Кесиптешим Мариуш Блащак экөөбүз Польшанын аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн абадан коргонуу системасын орнотууну сүйлөштүк”,-деди Кристина Ламбрехт.

Берлин өткөн апатада Варшавага аба мейкиндигин коргоого жардам берүү үчүн Patriot системасын сунуштаган. Ошондой эле германиялык Eurofighter истребителдери колдонулушу мүмкүн экенин айткан.

Мунун алдында, 15-ноябрда Польшанын Украина менен чектешкен айылына ракета кулап, эки адамдын өмүрүн алган. Бул окуя орус аскерлери Украинанын аймагын жапырт аткылаган учурга туш келген.

Киев ракета Орусияга таандык экенин айтууда. Орусия муну четке кагууда. Польшанын бийликтери аны Украинанын абадан коргонуу ракетасы деп божомолдогон. Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий иликтөө уланып жатканын билдирген.

Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТОго мүчө өлкөлөр Чыгыш Европада абадан коргонууну чыңдай баштаган. Германия баштаган НАТОнун ондон ашык өнөктөштөрү октябрь айында абадан коргонуу системаларын, анын ичинде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин биргелешип сатып алуу демилгесин көтөргөн. Алар бутаны кармоо үчүн иштелип чыккан.

Кансыз согуш учурунда Германияда 36 Patriot болгон. Учурда өлкөдө 12 система бар, алардын экөө Словакияда орнотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG