Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Энергохолдинг: Жарык атайылап эмес, авариялык себептен улам өчүрүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда электр энергиясын атайылап убактылуу өчүрүү жок, авариялык өчүрүүлөр катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда “Кыргызстандын улуттук электр түйүнү” ишканасынын жетекчиси Алтынбек Рысбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди:

“Техника деген техника, авариялык өчүрүүлөр анча-мынча болуп турат экен. Буга керектөө ашыкча көп болгону себеп болууда. Бардык региондорго бөлүнүп берилген лимиттен ашып жатабыз, электр жабдуулары ашыкча жүк менен иштөөдө”.

Электр тармагын тейлеген "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчилиги “маал-маалы менен” өчүрүүлөр болбой турганын айтты.

Алар быйыл кыш катуу башталып, электр энергиясын керектөө күчөгөнүн, айрыкча кечкисин системага күч келип жатканын белгилеп, былтыркы кышта бул кезде суткасына 55 млн. кВт/саат электр энергиясы кетип жаткан болсо, быйыл суткасына 70 млн. кВт/саат болуп жатканын кошумчалашты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG