Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Кыргызстан–БАЭ өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында. 2022-жылдын 12-декабры.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында. 2022-жылдын 12-декабры.

Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны бул күндөрү Абу-Даби шаарында өтүп жатат. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 12-декабрда билдиргендей, Кыргызстан тараптан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегация катышууда.

Комиссиянын экинчи жолу уюштурулуп жаткан жыйынында экономикалык кызматташтыкты бекемдөө багытындагы бир катар маселелер талкууланууда.

Жыйындан тышкары кыргыз делегациясы айрым өнөр жай ишканаларын кыдырып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана жыйынтыгында айрым документтерге кол коюлат.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1996-жылы түзүлүп, 1999-жылы Дубай шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу, 2014-жылы элчилиги ачылган.

2021-жылдын тогуз айында ортодогу товар жүгүртүү көлөмү 47 миллион долларды түзгөн, бул 2020-жылдын алгачкы тогуз айындагыга караганда төрт эсе көп болгон. Кыргызстандан эмираттарга негизинен алтын буюмдар жөнөтүлөт, ал эми ал жактан үй жана электроника буюмдары келет. Соңку жылдары туризм багытында да өсүш бар экени белгиленүүдө.

Быйыл октябрь айында президент Садыр Жапаровдун Абу-Дабиге сапарынын жыйынтыгында Кыргызстан менен БАЭ ортосунда уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг ачуу макулдашылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG