Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Улуттук статком: тамак-аш былтыркыга салыштырмалуу 14% кымбаттады


Бишкектеги базарлардын бири.
Бишкектеги базарлардын бири.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда тамак-аш, алкоголсуз суусундуктардын баасы 14,8% кымбаттаган. Башка товарлар 11,4%, элге кызмат көрсөтүү 8,4%, алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы 21,7% өстү.

Кымбаттоолор өлкөнүн бардык аймактарында байкалган. Нарын облусунда алкоголдук ичимдиктер менен тамеки 43% көтөрүлгөн.

Октябрда Улуттук статистика комитети тогуз айдын жыйынтыгы менен азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөнүн жарыялаган. Бул дүйнөлүк кризистин капшабы жана импорттук товарлардын чыгымынын көбөйгөнү менен түшүндүрүлгөн. Өзгөчө импорттук тамак-аштардын баасы кымбаттаганы белгиленди. Буга бир жагынан товардын өзү кымбаттаганы себеп болсо, экинчи жагынан валюта курсу түрткү берген.

Быйыл март айында социалдык-экономикалык көйгөйлөргө чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизген болчу. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG