Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Москвада армияга чакырган кулактандыруу кыргызча, тажикче, өзбекче чыгууда


"Сахарово" миграциялык борбору.
"Сахарово" миграциялык борбору.

Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу Москвадагы "Сахарово" миграциялык борбору армияга кызмат өтөөгө байланыштуу кулактандырууну шаардагы коомдук транспортко кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде илүүдө. Жарыяда аскер кызматына бара турган болсо, Орусиянын атуулдугу жеңилдетилген тартипте берилери белгиленген.

Мындай жарнамалар декабрь айынан тарта социалдык тармактарга да тарады. Өзбекстан өз атуулдарына Украина менен согушка катышууга тыюу салынганын бир нече жолу эскертти.

Быйыл күз айларында Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус армиясында кызмат өтөөгө макул болгон чет элдиктерге жеңилдетилген тартипте жарандык берүү тууралуу мыйзамды кабыл алган.

Ага удаа эле сентябрь айында Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Орусиядагы элчиликтери өз атуулдарына согушка катышуу мыйзамсыз экенин эскерткен.

Акыркы кулактандыруулар Москванын мэри Сергей Собянин "Сахарово" борборунда мигранттарды аскер кызматына алуу үчүн пункт ачылат дегенден кийин чыкты.

Кыргызстандын жарандары башка өлкөдө согуштук аракеттерге катышса кылмыш жообуна тартылат. Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын жарандыгын алган, кыргыз тектүү бир нече киши набыт болуп, сөөгү Кыргызстанда жерге берилген учурлар болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG