Украинанын Запорожье облусундагы аннексияланган Мелитопол шаарында жардыруунун жана өрттүн натыйжасында 200гө жакын орус аскери каза таап, жарадар болгонун калаа мэри Иван Федоров билдирди.
Анын айтымында, шаардын түрдүү жериндеги орус кошуундарынын базаларында өрт чыккан. Бирок Федоровдун өзү орус күчтөрү көзөмөлдөп турган шаарда эмес. Маалыматты кайсы булактарга таянып айтканы да азырынча белгисиз. Украинанын Башкы штабы Мелитополго сокку урулганы тууралуу расмий кабарлай элек.
Аннексияланган Запорожье облусунун Орусия дайындаган өкүлү Владимир Рогов украиандердин аткылоосунан "Мергенчинин аялдамасы" эс алуу жайы күйүп кеткенин жазды. Баштапкы маалыматка ылайык, эки киши өлүп, он адам жараат алган.
Орусия аннексиялаган Крымдагы аскердик бөлүктөрдө да өрт чыкканын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. Маалыматка караганда, мобилизацияга тартылгандар жайгашкан имарат күйгөн. Кийинчерээк орусиялык булактар эки киши каза тапканын жазды жана өрт этиятсыздыктан чыкканы айтылды.
Согуш маалында журналисттерде маалыматтарды ыкчам тактоо мүмкүнчүлүгү аз.