Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Одесса жарыксыз калды, Донбасста кырдаал оор


Талкаланган үйдүн урандыларынын арасында турган аял. Украина.
Талкаланган үйдүн урандыларынын арасында турган аял. Украина.

Орусиянын абадан урган соккуларынан Украинанын Одесса облусундагы инфратүзүм зыян тартып, 1,5 миллиондой адам электр энергиясыз калды. Иранда жасалган дрондордун чабуулунан Одесса порту да бутага алынды. Өлкө чыгышындагы Донбасс аймагында абал өтө оор бойдон калууда.

Бала тарткан азап

Бахмут районунун 12 жаштагы тургуну Миша ооруканада жатат. Жардыруулардан улам анын буту-колу күйүп, денесине снаряддардын сыныктары кирип кеткен. Бир канчасы башына тийип, инсульт болгон. Мындан улам Миша жакшы сүйлөй албайт, тамак жутканда кыйналат. Хирург жана реаблитолог анын жараатын таңып, саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн аракеттенип жатышат.

Миша
Миша

Львовдогу ооруканада Мишага чоң энеси Анна камкордук кылууда. Ал согушта уулун жоготуп, неберелери менен гана калды.

“Граната биздин короого түшүп жарылды. Уулум набыт кетти. Биз аны айдын сегизинде жерге бердик”.

Уулунан ажыраган, небересин майып кылган окуядан бери Аннанын көз жашы кургай элек. Мишадан тышкары сегиз жаштагы небереси да алар менен чогуу ооруканада башкалкалап жатат. Телефонунда атасы тамак бышырып берген учуру тартылган баалуу эки видеотасма калды.

Анна
Анна

Украина прокуратурасынын эсебинде орус армиясынын соккуларынан өлкөдө 443 бала мүрт кетти, 850дөн ашууну жараат алды.

Одессага дрондон чабуул

Ал арада Орусия Одессага 10-декабрда чабуул жасады. Талкаланган энергетикалык объектилерди калыбына келтирүү бир топ күнгө созулушу мүмкүн.

"Одесса аймагындагы абал өтө оор. Тилекке каршы бул ирет катуу сокку урулду, жарыкты кайра берүү эми бир топ убакытты талап кылат, бир нече саат эмес, бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн" , - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Reuters агенттиги жазгандай, бир жарым миллион калкты жарыксыз калтырган соккулар үчүн Иранда жасалган “жанкечти” дрондор колдонулган. Мурдараак Улуу Британиянын БУУдагы элчиси Барбара Вудворд Орусия Ирандан кошумча куралдарды, тагыраагы жүздөгөн баллистикалык ракеталарды алууга аракет кылып жатканын билдирген. Элчинин белгилешинче, анын ордуна Москва Тегеранга көптөгөн аскердик жана техникалык жардам сунуштаган. Азырынча буга Орусия же Иран комментарий бербеди.

Донбасста райондор талкаланды

Октябрь айынан бери Украинага Орусия тынымсыз абадан сокку уруп, энергетикалык тармагын талкалап жатат.

Өлкө чыгышындагы Донбасс аймагында кырдаал оор. Зеленский украин армиясы Орусиянын чабуулунун мизин кайтарып, бирок көптөгөн жоготуулар болуп жатканын айтты. Анын белгилешинче, Бахмут, Соледар, Маринка, Кременная жана башка райондор талкаланды.

Урандылардын арасынан буюмдарды чогултуп жүргөн тургун. Донбасс аймагынан тартылган сүрөт.
Урандылардын арасынан буюмдарды чогултуп жүргөн тургун. Донбасс аймагынан тартылган сүрөт.

Аннексияланган аймактарда өрт чыкты

Украинанын Запорожье облусундагы аннексияланган Мелитопол шаарында жардыруунун жана өрттүн натыйжасында 200гө жакын орус аскери каза таап, жарадар болгонун калаа мэри Иван Федоров билдирди.

Анын айтымында, шаардын түрдүү жериндеги орус кошуундарынын базаларында өрт чыккан. Бирок Федоровдун өзү орус күчтөрү көзөмөлдөп турган шаарда эмес. Маалыматты кайсы булактарга таянып айтканы да азырынча белгисиз. Украинанын Башкы штабы Мелитополго сокку урулганы тууралуу расмий кабарлай элек.

Аннексияланган Запорежье облусунун Орусия дайындаган өкүлү Владимир Рогов украиандердин аткылоосунан "Мергенчинин аялдамасы" эс алуу жайы күйүп кеткенин жазды. Баштапкы маалыматка ылайык, эки киши өлүп, он адам жараат алган.

Мелитополдогу өрт тутанган жерлердин бири. 11-декабрь, 2022-жыл.
Мелитополдогу өрт тутанган жерлердин бири. 11-декабрь, 2022-жыл.

Орусия аннексиялаган Крымдагы аскердик бөлүктөрдө да өрт чыкканын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. Маалыматка караганда, мобилизацияга тартылгандар жайгашкан имарат күйгөн. Кийинчерээк орусиялык булактар эки киши каза тапканын жазды жана өрт этиятсыздыктан чыкканы айтылды.

Согуш маалында журналисттерде маалыматтарды ыкчам тактоо мүмкүнчүлүгү аз.

Үмүт жана дымак

Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Киев Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин күз келгени контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу аянтын сентябрда бошоткон. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыкты. Москва Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын аннексиялап алганын дүйнө тааныган эмес.

7-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин өзү “атайын аскердик операция” деп атаган Украинадагы согуш “узак процесс” болуп калышы мүмкүндүгүн белгилеген. “Маанилүү жыйынтык катары” Орусия Украинанын бир катар аймактарын аннексиялаганын атады. Москва эл аралык коомчулуктун айыптоосун четке кагып келатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2023-жылы согуш бүтөрүнө үмүт артарын америкалык белгилүү Politico басылмасына билдирген.

Согушта эки тарап миңдеген аскерлерин жоготту. Коопсуз жакка жер которуп же башка өлкөлөргө башпаанек издеп кеткен украиналыктардын саны 10 миллионго чукулдады.

Октябрдын башында Бириккен Улуттар Уюму "Орусия кол салган февралдан бери Украинада 6114 карапайым киши каза тапканын" маалымдаган

Львовдогу ооруканага кайтсак, Миша бул жерде үч ай жатып дарыланышы керек. Бул аралыкта иниси жана чоң энеси да анын жанында болушат. Бейтапканадан чыккандан кийин Днепрге, аталаш байкесинин үйүнө барышат. Ошол тууганы балдарды камкордукка алмакчы. Анна болсо Украинадагы согуш токтоп, тынчтык орношуна үмүт артып оорукананын терезесинен сыртка тиктеп отурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG