Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Украина: Орусия чыгарып кеткен балдар дайынсыз


Бала кучактаган украиналык аял. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Бала кучактаган украиналык аял. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Херсондогу балдар үйүндө бир да жеткинчек калбады. Украиналыктардын маалыматтарына караганда аларды орус күчтөрү алып кеткен. Жергиликтүү дарыгерлер бир канча баланы "саламаттыгы начар" деген шылтоо менен коргоп калышты.

"Аларга балдар керек"

Херсондогу балдар ооруканасында согуштун айынан ата-энесиз калган ондон ашуун ымыркай чоңоюп жатат. Дээрлик баары бир жашка толо элек. Алар дарыгерлердин жана медайымдардын көзөмөлүндө.

"Биз аларды балдар үйүнө өткөрүп берүүдөн чоочуладык. Ата-энесиз, сыркоолоп биздин бейтапканага түшкөн жеткинчектердин баарын алып калдык", - деди реанимация бөлүмүнүн башчысы Ольга Пилярская.

Эреже боюнча кароосуз калып, ооруканага жаткырылган ымыркайлар дарылануудан кийин балдар үйүнө жеткирилмек. Бирок ак халатчандар "баланын саламаттыгы начар" деген медициналык документтерди жасап, аларды ооруканадан сыртка чыгарбай коюшкан.

"Настоящее время" каналынын маалыматына караганда, орус күчтөрү Херсонду көзөмөлгө алганда балдар үйүнүн тарбиялануучуларын "эс алдыруу" деген шылтоо менен Орусияга же Москва көзөмөлдөгөн аймактарга чыгарып кетишкен.

Пилярскаянын айтымында, Орусия дайындаган администрациянын өкүлдөрү дарыгерлерден балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн сурашкан. Бирок медиктер тобокелге барып, ымыркайлар жөнүндө маалыматтарды беришкен эмес.

"Өтө олуттуу суроолор болду. Аларга балдар керек, эмнеге экенин билбейм", - деди ал.

Тосмолордун алдында турган украиналык кичинекей кыз
Тосмолордун алдында турган украиналык кичинекей кыз

Балдарды орус күчтөрү алып кеткени тууралуу Херсондун башка тургундары айтып жатат. Облустун аскердик админстрациясынын башчысы Галина Луговая да аймактагы балдар үйлөрүндө жеткинчектер калбаганын, алардын азыр кайда кеткени белгисиз экенин билдирди. Анын эсебинде каршы тарап миңден ашуун баланы алып кеткен.

Украинанын уурдалган, туткундалган жана мыйзамсыз депортация болгон жарандарынын маселелери менен алектенген Улуттук маалымат бюросу билдиргендей, Орусия Украинага басып киргенден бери көзөмөлгө алган аймактардан 13 миңден ашуун баланы мыйзамсыз алып кетти. Дагы 330 адам дайынсыз жоголгон. Ошол эле кезде украин бийлиги балдардын саны так эместигин айтып жатат.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, орус күчтөрү украин балдарын орусиялык үй-бүлөлөргө тарбиялоо жана асыроо үчүн мажбурлап өткөрүүдө. "Настоящее время" балдар менен байланышы бар орус бийликтери муну четке какпай турганын билдирди.

Украинага сокку уруу уланууда

Ал арада Орусиянын армиясы акыркы бир суткада Украинанын Донецк, Луганск жана Херсон облустарына сокку урду.

9-декабрда эртең менен таратылган расмий маалыматта снаряддар жеке турак жайларга жана көп кабаттуу үйлөргө тийгени айтылат. Президенттин кеңсесинин жетекчисинин орунбасары Кирилл Тимошенко орустар 68 жолу сокку урганын маалымдады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 2023-жылы согуш бүтөрүнө үмүт артууда. Американын белгилүү Politico басылмасы жарыялаган видеодо Зеленский эң каргашалуу күндөрдө миллиондогон украиналыктарга жардам берип жаткан Европадагы бардык досторго ыраазычылык билдирди.

7-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин өзү “атайын аскердик операция” деп атаган Украинадагы согуш “узак процесс” болуп калышы мүмкүндүгүн белгилеген. “Маанилүү жыйынтык катары” Орусия Украинанын бир катар аймактарын аннексиялаганын атады.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Москва андан бери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынын аймактарынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, кийин аталган аймактарды Орусияга кошуу боюнча референдум өткөргөн. Украина мурда орус аскерлери басып алган аймактардын бир бөлүгүн кайтарып алууга жетишти. Москва Украинанын төрт облусун аннексиялап алганын дүйнө тааныган эмес.

Украинанын кыштагында фотографга мээрим белгисин көрсөтүп турган кыз
Украинанын кыштагында фотографга мээрим белгисин көрсөтүп турган кыз

Согушта эки тарап миңдеген аскерлерин жоготту. Коопсуз жакка жер которуп же башка өлкөлөргө башпаанек издеп кеткен украиналыктардын саны 10 миллионго чукулдады.

Октябрдын башында Бириккен Улуттар Уюму "Орусия кол салган февралдан бери Украинада 6114 карапайым киши каза тапканын" маалымдаган. ЮНИСЕФ уюму апаатта набыт болгон же жараат алган балдардын саны миңге чукул деп эсептеген. Украина прокуратурасынын эсебинде орус армиясынын соккуларынан өлкөдө 443 бала мүрт кетти, 850дөн ашууну жараат алды. Москва согуш кылмыштары тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Politico журналы Зеленскийди "Таасирдүү европалык" деп, Путинди "Эң ийгиликсиз адам" деп жарыялады. Анын алдында Британиянын Financial Times басылмасы украин президентин "Жылдын адамы" деп атаган.

Херсондогу балдар ооруканасында болсо электр энергиясы жок, күңүрт палаталарда жаткан балдардын айрымдары алгачкы сөздөрдү сүйлөй баштаса, кээ бирлери биринчи кадамын таштап жатат. Алар өз мекенинде кандай алаамат болуп жатканын азырынча билишпейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG