Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Украинадагы согуш: 10 миллиондой адам жарыксыз калды


Украинанын электр жарыгысыз калган шаарлары. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын электр жарыгысыз калган шаарлары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинадагы согушта ээлеп турган жерлердеги позицияларын коргоого басым жасап жатат. Бирок ошол эле маалда украин айылдарына жана энергетикалык объектилерине сокку уруусун улантууда.

Ал арада МАГАТЭ Москваны өз аскерлерин Запорожье атомдук электр станциясынан чыгарып кетүүгө чакырды. Уюмдун адистери мурдараак АЭСтин аймагын текшерип кетишкен.

Кайрадан сокку, кайрадан чабуул

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясы фронттук линиядан анча алыс эмес жерлердеги калктуу конуштарды аткылоосун улантып жатканын билдирди. Мекеменин кабарлашынча, соңку суткада орус тарап 5 авиациялык жана 27 ракеталык чабуул жасады.

Жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 50дөн ашык артиллериялык аткылоо болду. Украинанын абадан коргонуу системасы алты ракета жана ирандык өндүрүштөгү беш учкучсуз аппаратты атып түшүрдү.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Александр Штупун 18-ноябрдагы баяндамасында мындай деди:

“Душмандар өз күчтөрүн айрым багыттарда турумун кармоого жумшап жатат жана Днепрдин сол жээгин коргоого көп басым жасоодо. Ошол эле маалда Бахмут, Авдеев жана Новопавлов багыттарында баскынчылык жүрүштөрүн улантууда. Соңку суткада биздин коргонуу күчтөрүбүз Луганск облусунун Новоселовское жана Стельмаховка айылдарында, Донецк облусунун Белогоровка, Верхнекаменное, Спорное, Опросное, Первомайское, Водяное жана Новомихайловка кыштактарында оккупанттардын мизин кайтарды”, – деди ал.

Орус тараптын чабуулдарынан соңку суткада Харьков облусунун Балаклея жана Изюм шаарларындагы, Запорожье облусунун Вольнянск шаарындагы, Днепропетровск облусундагы Днепр жана Никополь шаарларындагы, Николаев облусундагы Очаков шаары жана Одесса облусунун Одесса шаарындагы турак жайлар талкаланды. Курмандыктар көп, маселен Вольнянск шаарындагы соккудан эле кеминде жети адам өлдү.

Мындан башка дагы ондогон айылдарга чабуул жасалды. Энергетикалык инфратүзүмдөргө да соккулар уланып жатат. Буга чейинки маалыматтарга ылайык, Украинанын энергетикалык объектилеринин кеминде 40% талкаланган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда калктын бештен бири жарыксыз калганын айтты:

“Украинага каршы кезектеги ракеталык чабуулдардын кесепеттерин жоюу үчүн күн сайын иш алып барып жатабыз. Пландуу өчүрүүлөргө кошумча, авариялык өчүрүүлөр дагы уланат. Ушул күнгө карата 10 миллиондой украиналык электр жарыгысыз калды. Көбүнчө Винница, Одесса, Сумы облустарында жана Киев шаарында. Биз электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн колубуздан келген аракеттерди көрүп жатабыз”.

Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Алар башында басып алган Киев, Сумы жана Чернигов облустарынан март-апрелдерде эле чегинген. Ал жакка алар Беларустун аймагынан киришкени белгилүү.

Украина Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин августтун аяктарында контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу аянтын сентябрда бошоткон. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрдын башында сүрүп чыкты.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 18-ноябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 18-ноябрга карата карта.

Ушул күндөрү орус күчтөрү жана жикчилдер Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Харьков облусунун азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Иш жүзүндө фронттун жарым линиясы Днепр дарыясынан бөлүнүп калды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков соңку брифингде мындай деди:

“Атайын аскердик операция башталгандан бери Украинанын 333 учагы, 177 тик учагы, 2522 учкучсуз учуучу аппараты жана 388 зениттик-ракеталык комплекси жок кылынды. Мындан сырткары 6689 танк жана башка чопкутталган машинелери, 895 реактивдүү системалардын атайын машинеси, 3595 талаа артиллериясы жана миномёттору, ошондой эле 7266 атайын аскердик автомобилдик техникалары талкаланды”.

Өз кезегинде Украинанын Куралдуу күчтөрү да орус тараптын 3 миңдей танкын, 6 миңдей чопкутталган техникасын, 2 миңдей артиллериялык системасын, 300дөй учагын жана 300дөй тик учагын жок кылганын билдирип жатат. Киев орус тараптын аскердик жоготуулары 83,4 миң болгонун кабарлады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жоготуулар жөнүндө акыркы жолу 21-сентябрда - жарым-жартылай мобилизация башталган күнү маалымат берген. Анда ал ошол күнгө чейин 5937 жоокер өлгөнүн моюнуна алган.

МАГАТЭнин эскертүүсү

Бул арада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Орусияны өз аскерлерин Украинанын Запорожье атомдук электр станциясынан чыгарып кетүүгө чакырды. Уюм Москваны Киевге койгон “негизсиз дооматтарынан” баш тартууга үндөп, украиндердин бардык өзөктүк объектилериндеги аракеттерин токтотууга чакырды. Бул боюнча резолюцияны агенттиктин 35 өлкөнүн өкүлдөрү кирген кеңеши жактырды.

“Башкаруучулар кеңеши агенттиктиктин директорунун Украинанын үч жеринде декларацияланбаган өзөктүк ишмердүүлүктүн же радиацияны таратуу үчүн жабдууларды жасоонун белгилерин аныкталган жок деген билдирүүсүн кубаттайт. МАГАТЭ Орусия Федерациясын Запорожье АЭСинен аскерлерин жана башка кызматкерлери тез арада чыгарып кетүүгө чакырат. Ал жакта украин бийлиги өз көзөмөлүн орнотуп, станциянын коопсуздугун камсыздашы керек”, – деп айтылат МАГАТЭнин кеңешинин резолюциясында.

Украинада ыплас бомба жасалганы тууралуу Орусиянын айыптоолорунан кийин Киев МАГАТЭге шашылыш өтүнүч менен кайрылып, өзүнүн өзөктүк жайларын текшерүү үчүн чакырган. МАГАТЭнин өкүлдөрү ноябрдын башында Украинанын объектилерине кароо жүргүзүп, андан “ыплас бомба” деп аталып жаткан куралдын белгилерин таппаганын жар салган.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси уюмдун адистери үч өзөктүк объектини текшерип, анда жашыруун өзөктүк активдүүлүк жок экенине күбө болушканын билдирген. Алар - Киев шаарындагы Өзөктүк изилдөө институту, Жёлтые Воды шаарындагы Чыгыш тоо-кен байытуучу комбинаты жана Днепр шаарындагы Макаров атындагы “Түштүк машине куруу заводу".

Орусиянын бийлиги октябрдын ортолорунан тартып Украина өз аймагында "ыплас бомба" жардырууну көздөйт деген доомат коюп келатат. Орус президенти Владимир Путин Орусиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн машыгууларына байкоо салып жатып, "Украина чагым катары "ыплас бомбаны" колдонууну пландап жатканын" айткан.

Киев жана анын Батыштагы өнөктөштөрү бул айыпты чечкиндүү түрдө четке кагып, Орусия "ыплас бомба" деген дооматты көтөрүү менен өзү ал бомбаны колдонуп, аны Украинага жүктөөнү максат кылышы мүмкүн деп ырасташты. Украин президенти Владимир Зеленский Европада “өзөктүк курал колдонууну ойлонгон бир эле киши бар экенин, ал Владимир Путин” экенин айтты.

Орусия радиоактивдүү материал менен дүрмөттөлгөн жарылуучу затты “ыплас бомба” деп атап жатат. Дүрмөт жарылган маалда зыяндуу заттар толкун менен кеңири аянтка тарайт. Анын кыйратуучу натыйжасы өзөктүк куралдын чакан жарылуусуна окшош болот, ага карабай адистер аны өзөктүк бомба деп аташпайт. Мындай куралдын колдонулган учуру дүйнөдө каттала элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG