Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Байден-Си жолугушуусу: Кытайдагы куугунтук маселеси козголду


АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 14-ноябрда Бали аралында жолугушканда Орусиянын Украинага каршы согушу талкууланып, өзөктүк куралды колдонууга эки тарап тең каршы экенин билдиришти. Анда Кытайдагы азчылык улуттардын укуктарына байланышкан маселе да көтөрүлдү.

Көптөн күтүлгөн кездешүү эки өлкөнүн мамилелери соодадан баштап Тайвань маселесине чейинки пикир келишпестиктерден улам начарлап кеткен учурга туш келди.

Ак үй тараткан маалыматка ылайык, Байден анда Украина маселесин көтөрдү. Алар Орусия-Украина жаңжалында өзөктүк куралдын колдонулушуна каршы экенин билдиришти. Украинанын өзөктүк куралы жоктугу, ошондуктан лидерлердин бул жааттагы кайрылуусу биринчи кезекте Орусияга багытталган.

"Чоң жыйырманын" (G20) кезектеги саммитинин алдындагы сүйлөшүү дүйнөлүк медианын бүйүрүн кызытып турат. Си Бали аралына дүйшөмбүнүн таңында, Байден жекшемби күнү кечинде барган.

Нуса-Дуа булуңундагы Mulia мейманканасынын залында Кытайдын жана АКШнын желектеринин алдында Байден менен Си кол алышып учурашты.

“Эки улуттун лидерлери катары биз, менин пикиримде, Кытай менен АКШ айырмачылыктарды жоюп, атаандаштыктын жаңжалга айлануусун алдын алуу үчүн, кызматташтыгыбызды талап кылган глобалдык маанилүү маселелерде чогуу иштөөнүн жолдорун табуунун жоопкерчилигин бөлүшөбүз”, - деди Байден расмий жолугушуу учурунда.

Ал климаттын өзгөрүшү жана азык-түлүк коопсуздугу маселесин дүйнө “эки өлкө чечет” деп күтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Вашингтон Бээжин менен климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу, дүйнөлүк экономика жана саламаттыкты сактоо сыяктуу маселелер боюнча кызматташууга даяр экенин айтты. Кытай лидери эки мамлекеттин мамилеси глобалдык күтүүлөргө жооп бербей жатканын айтты:

"Ошондуктан биз Кытай-АКШ мамилесинин туура багытын аныкташыбыз керек. Биз эки тараптуу мамилелердин мындан аркы багытын таап, мамилени көтөрүшүбүз кажет”.

Кытайлык Синхуа агенттиги кабарлагандай, Си Цзинпин Бээжин менен Вашингтон келечекти аныктоодо тарыхты күзгү катары колдонууга тийиш деп билдирди.

Байден Кытай менен “мамилелердин пайдубалын”, эки өлкө ортосундагы атаандаштыкты тескеген эрежелерди иштеп чыгуу аракетин көрөрүн буга чейин айткан. Ошол эле маалда президент олуттуу чегинүүлөргө барбасын, бирок лидерлердин “кызыл сызыкты” аныкташын каалай турганын белгилеген.

Балидеги жолугушууда Байден АКШ Кытай менен атаандаша турганын, бирок конфликтке умтулбай турганына токтолду. Ал Кытай бийлиги Шиңжаңда, Тибетте жана Гонконгдо адам укуктарын сакташы керектигин, АКШ Тайван маселесинде конфликттердин болушун каалабай турганын кошумчалаган. Маалыматка ылайык, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайга барат.

Байден президент болгондон бери Кытай лидери менен беш жолу телефон жана видео аркылуу сүйлөшкөн. Алар Обаманын тушунда Байден вице-президент болуп турганда жолугушкан.

Вашингтон "Бир Кытай" саясатын колдойт, Тайвандын көз карандысыздыгын тааныган эмес. Ошол эле маалда Бээжиндин аталган аралчага кол салуусун колдобойт.

АКШнын президенти Жо Байден 24-майда Токиодо Азия-Тынч океаны чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн “Төрт тараптуу диалог” деп аталган бейрасмий саммитинде Тайвань маселесин көтөргөн. Анда Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгы жана Кытайдын Тайванга кол салуу ыктымалдыгын талкууланган. Байден эгер Кытай Тайвандын аймагына аскерин киргизсе, кырдаалга АКШ кийлигише турганын айткан. Жо Байден мындай пикирин сентябрда CBS телекомпаниясына курган маегинде да жарыялаган.

Кытайдын бийлиги Тайванды өзүнүн бөлүгү катары санап, аны убактылуу бөлүнүп турган жикчил аймак катары карайт. Расмий Бээжин аралды кайра кошуу варианттарын четке какпайт.

Быйыл августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси аралга келип кеткен. Муну Кытай кескин айыптап, ушул чөлкөмдө аскердик машыгуу өткөргөн. Андан кийин Тайван өзү да машыгуу уюштуруп, куралдуу күчтөрүнүн дараметин сынаган.

Кайрадан Балиге кайтсак, "Чоң жыйырманын" 15-ноябрда башталып жаткан саммити орус президенти Владимир Путинсиз өтмөкчү. Орусиялык делегацияны тышкы иштер министри Сергей Лавров баштап барды. Украин президенти Владимир Зеленский саммиттин катышуучуларына видеодон кайрылуу жасайт.

Бээжин Москванын стратегиялык өнөктөшү экенин айтып келет жана Украинага кол салуусун айыптаган эмес. Ошол эле маалда, Батыш медиасы белгилегендей, кытайлык фирмалардын санкцияларга туш болбошу үчүн Орусияга согушта колдонууга мүмкүн болгон техниканын берилбешине көз салууда.

Дүйнөдөгү экономикасы кубаттуу жыйырма өлкөдөн турган "Чоң жыйырма" (G20) тобунда АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Индия, Жапония, Мексика жана башка мамлекеттер бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG