Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Азиянын 28 өлкөсү кеңешмеде: көйгөй көп, кызыкчылык ар башка


Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги саммити. Астана, Казакстан. 13-октябрь, 2022-жыл.
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги саммити. Астана, Казакстан. 13-октябрь, 2022-жыл.

Казакстандын Астана шаарында эл аралык жыйындар парады башталды. 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги форуму өттү. 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) лидерлеринин саммити жана "Борбор Азия + Орусия" отуруму болот.

Негизинен Азиядагы мамлекеттердин башын кошкон удаа жыйналыштар Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын тиреши күчөп турган маалга туш келди.

“Бороон-чапкын” маалындагы жыйын

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) VI саммитинде ага жаңы мүчө – Кувейт кошулганы расмий жарыяланды. Муну менен кеңешмеге кирген өлкөлөрдүн саны 28ге жетти.

Конок тосуп алуучу жана уюмдун учурдагы төрагасы катары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жыйынды ачып, дүйнөдө саясий жана экономикалык кырдаал оор экенин айтты. Ал ушундай шартта диалогдор “аба менен суудай” керек болуп жатканын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

“Бүгүн биз кайталангыс геосаясий бороон-чапкындын жана дүйнөлүк экономикада күчөп жаткан кризистин шартында жашап жатабыз. Бул көрүнүш “глобалдык дисфункция” деп аталууда. АӨИЧКнын 2019-жылдагы мурдагы саммитинен бери дүйнө коомчулугу глобалдык өнүгүүгө кедергисин тийгизип жаткан оор сыноолорду, терс кесепеттерди башынан өткөрдү. Менин көз карашымда, биздин алдыбызда кайталангыс коркунучтарды алдын алуу үчүн эл аралык мамилелерде туруктуулукка жетишүү милдети турат. Көп тараптуу механизмдерге жаңы импульс берүү жана ачык диалогго кайтуу абдан зарыл болуп турат”, – деди ал.

Азиядагы береги уюмду түзүү идеясын 1992-жылы Казакстандын ошол учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында көтөргөнү айтылат. Кеңешме 1999-жылы уюшулуп, биринчи саммити 2002-жылы өткөн.

Кеңешменин максаты коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү, гуманитардык, айлана-чөйрөнү коргоо, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана башка багыттарда кызматташуу.

Бирок Астанадагы саммитте уюмга мүчө мамлекеттин лидерлери кеңешменин макамын кайрадан карап чыгып, анын форматын кеңейтүүнү сунуш кылып жатышты. Казак лидери Касым-Жомарт Токаев бирикмени саясий, экономикалык жана коопсуздук багытындагы толук кандуу эл аралык уюмга айлантууну демилге кылды. Бул Казакстандын төрагалыгы уланчу келерки жылдары ишке ашырылышы ыктымал экен.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган уюмду кеңейтүү идеясы жөнүндө мындай деп айтты:

Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

“2019-жылы биз өз өлкөбүздө Азияда аймактык жана континенталдык өлкөлөр менен кызматташууну тереңдетүү боюнча жаңы демилгени жарыялаганбыз. Биз бул кеңешмени негиздөөчү катары башынан бери эле анын кеңейишин чечкиндүү түрдө колдоп келебиз. 2010-2014-жылы биздин өлкөнүн төрагалыгы маалында бул багытта көп иштерди алып барганбыз. Так ушул саммитте кеңешме эл аралык уюмга айланса тарыхый мааниге ээ болуп калат. Учурда адамзат күчтөрдүн балансы, товар жеткирүү чынжырчалары үзүлгөн мезгилди башынан кечирип жатат. Биз көп тармактарда, экономикадан баштап азык-түлүккө чейин, энергетикадан баштап эл аралык мамилелерге чейин олуттуу сыноолорго бет келдик. Түркия көптөн бери дүйнө бештен көп болушу керек айтып келет. Биз глобалдык коопсуздуктун архитектурасы адилеттүү түшүнүүчүлүккө негизделип курулушу керек деп эсептейбиз”, – деди түрк лидери.

Кеңешмени алгач 15 мамлекет кураган. Алар Ооганстан, Азербайжан, Кытай, Египет, Индия, Иран, Израил, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Палестина, Орусия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстан.

Кийин Ирак, Түштүк Корея, Шри-Ланка, Иордания, Бахрейн, Бангладеш, Камбожа, Таиланд, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Вьетнам, Катар кошулган. Кувейт мурдараак арыз берип, өтүнүчү эми канааттандырылды.

Өз көйгөйлөрүн көтөргөн лидерлер

Азия континентиндеги өлкөлөрдүн жарымынан көбүн бириктирген уюмдун мүчөлөрүнүн тилеги жалпы жонунан бир – бардык тармактарда кызматташууну арттыруу. Бирок ар биринде өз алдынча көйгөй бар. Бири согуштук кырдаалдардан башы чыкпай келатса, айрымдары жаратылыш кырсыктарынан жапа чегип, кээлери саясий, экономикалык жана башка кризистер менен алышып келишет.

Кеп болуп жаткан уюмдун алтынчы отурумундагы риторикаларда бул дагы да ачык байкалды. Экономикалык кызматташуу тууралуу сөз кылышканы менен дээрлик ар бир лидер өзүнүн ички көйгөйлөрүнө токтолуп жатышты.

Маселен, Азербайжандын президенти Илхам Алиев сөзүнүн көбү Армения менен болгон жаңжал жөнүндө болду. Бул эки өлкө Тоолуу Карабак аймагын талашып 2020-жылы катуу согушкан, Орусиянын ортомчулугу менен араң токтошту. Бирок ал быйыл армян-азербайжан чек арасынын өзүндө чатакка айланып кетти. Биринчисинде миңдеген, экинчисинде жүздөгөн адам өлдү.

Илхам Алиев
Илхам Алиев

“Карабак жаңжалы жөнгө салынганына карабай, Армения чек арада чагым уюштуруп жатат. Соңкусу ушул жылдын сентябрь айында катталды. Азербайжандын армиясы Армениянын аскердик чагымын алдын алуу үчүн чечкиндүү түрдө контртеррористтик операция баштоого аргасыз болду. Бул чагымдарга Армениянын саясий-аскердик жетекчилиги гана жоопкер”, – деди ал.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян соңку кагылыштан кийин Европа Кеңешинин арачылыгы менен сүйлөшүүгө отурушкан. Пашинян тескерисинче, Азербайжан агрессия жасады деген позицияны карманып келет.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги саммити. Астана, Казакстан. 13-октябрь, 2022-жыл.
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги саммити. Астана, Казакстан. 13-октябрь, 2022-жыл.

Армения Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге кирбейт. Бирок мындай жаңжалдар кеңешмеге мүчө мамлекеттердин ичинде катталып жатканы жаңылык эмес. Кыргызстан менен Тажикстан эле чек арасында эки ири жаңжалды баштан кечирди. 2021-жылкы кагылышта да, 2022-жылкы кагылышта да эки тараптан тең ондогон адамдар өлүп, жүздөгөн үйлөр талкаланды.

Кыргызстандын президенти Садыр ЖапаровАстанадагы саммитте бул маселени ачык эмес, кагазга ороп айтты. Ал ушул сыяктуу уюмдар жана бирикмелер мүчөлөр ортосундагы жаңжалдарды чечүүгө көңүл бөлбөй жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Биздин форматтын мейкиндигинде жаңы гибриддик формада чагылдырылган салттуу коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары бүгүнкү күндө деле кала берүүдө. Коронавирустук пандемиянын таасиринен толук чыга элек глобалдык экономика азыр эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирүүдө. Тилекке каршы, иштеп жаткан абройлуу регионалдык уюмдар аймактагы стабилдүүлүккө түздөн-түз таасир этүүчү чыр-чатактарды болтурбоо үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана механизмдерди ишке ашырууга толук аракет кылбай жатат”, – деди Жапаров.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени негиздөөчү мамлекеттердин бири – Иранда ушул тапта ири нааразылык акциялары өтүп жатканы белгилүү. Хижабсыз жүргөнү үчүн кармалып, полициянын имаратында мерт болгон студент кыз Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу чыккан толкундоолордон кеминде 201 адам өлдү.

Иран мындан сырткары көп жылдан бери Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан чыга албай келатат. Тегеран өзөктүк программасын чектөө убадасын берип, 2015-жылы беш держава менен келишимге келген. Анын жыйынтыгында санкциялар алынмак. Бирок 2018-жылы АКШ макулдашуудан чыгып кетип, Иран кайрадан санкциянын чеңгелинде калды. Бул багыттагы жаңы сүйлөшүүлөр жемишин бере элек.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси Астанадагы форумда мына ушул тууралуу кеп кылды.

Ибрагим Раиси
Ибрагим Раиси

“Тарыхта, айрыкча акыркы кырк жылда Иран сырттан басымдарга кабылып келет. Иран эли көз карандысыздык жолунда көп державалардын санкциялык кысымын башынан өткөрүп жатат. Мунун ичинде Ирандын мыйзамдуу кызыкчылыктарына Американын басымы күчөп келди. Иран мындан сырткары башка да коркунучтарга да, анын ичинде согуш, эмбарго, террорчулук жана башка нерселерге туш болуп жатат. Ошого карабай биз өнүгүү жолунда баратабыз. Ал жолдогу ийгиликтер биздин өнөктөш, дос мамлекеттер менен кызматташуусуз ишке ашмак эмес. Ушундай жагдайда Вашингтон санциялардан дестабилдештирүү саясатына өттү”.

Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф өз өлкөсүнүн үчтөн бирин каптаган суу ташкындарынын кесепеттери тууралуу кеп кылып, бул глобалдык жылуулуктун кесепетинен улам болуп жатканын айтты. Ал жайдагы жаан-чачындан Пакистанда миңдей адам өлүп, 3 миллиондой адам “климаттык качкынга” айланганын белгилеп, өнөктөштөрүнөн жардам сурады.

Жарым-жартылай таанылган Палестинанын президенти Махмуд Аббас Израилдин “оккупациясынан бошонуу” ниетин белгилеп, Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн өз өлкөсүнүн борбору катары калыбына келтирүү маселесин койду. Ал ортодогу кагылыштан канча адам өлгөнүнө карабай Израил менен “эки мамлекет” принцибинде макулдашуу кабыл алганын кошумчалады.

Украинадагы согуш жана азык-түлүк көйгөйү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон гидрологиялык циклдин бузулушуна, натыйжада кургакчылык күчөп баратканына көңүл бурса, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ооганстан тараптан радикалдык идеялардын тарап жатканына камтамачылык билдирди.

Кытай Эл Республикасынын төрагасынын орун басары Ван Цишань экономикалык кызматташуу жөнүндө, Беларустун башында турган Александр Лукашенко коопсуздук боюнча кызматташуу жөнүндө айтса, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан чөлкөмдөгү жаңжалдарга эртерээк чекит коюуга чакырды.

Астана, Казакстан. 13-октябрь, 2022-жыл.
Астана, Казакстан. 13-октябрь, 2022-жыл.

Бүтүн дүйнөнүн көңүл чордонунда турган Украинадагы согуш да Азия лидерлеринин Астанадагы саммитинде негизги темалардан болуп калды. Көпчүлүк лидерлер буга байланыштуу билдирүүлөрдү жасап, анын арты экономикалык жана азык-түлүк кризисине алып келип жатканын белгилешти.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүүсүнүн бир бөлүгүн ушул маселеге арнады.

Кеңешмеге мүчө мамлекеттердин бир тобунун желеги.
Кеңешмеге мүчө мамлекеттердин бир тобунун желеги.

“Жер-жердеги кыйынчылыктарга карабай жетишилген импульсту сактап, мүмкүн болушунча батыраак кан төгүүнү токтотуш керек. Мен дайыма адилеттүү дүйнөнү дипломатиялык жол менен жана кесепеттерди жоюу боюнча тынымсыз аракеттер менен жетсе болот деп айтып келгем. Өткөн айда жетишилген туткундарды алмашуу бул багыттагы жетишкендиктердин бири болуп саналат”.

Орус аскерлери Украинага быйыл февралда басып кирген. Сегизинчи айга чукулдаган согушта эки тараптан тең миңдеген аскерлер мерт болду, украин тарапта жайкын тургундардын өлүмү көп катталды. Батыш өлкөлөрүнүн арачы түшүү аракетинен сырткары согушта Түркия эки тарапка ортомчу түшүп келатат. Анкаранын жардамы менен Москва Кара деңиз аркылуу Украинадан дан азыктарын ташып чыгууга уруксат берди, ошондой эле 200дөн ашык аскердик туткундар алмашылды.

Украинага кол салган Орусиянын президенти Владимир Путин да Астанадагы жыйынды платформа катары пайдаланып, кайрадан Батыш өлкөлөрүн түрдүү нерселерге айыптап өттү. Ал бул риторикасын адатта Орусиянын өзүндөгү өкмөттүк кеңешмелерде, атайын кайрылууларында тынбай кайталап келет.

Мурдараак Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Самаркандда өткөн саммиттеринде ушул темага кайрылган. Бул жолкусунда Путин согуштан кийин жаралган кризистерге токтолду.

Владимир Путин
Владимир Путин

“Башка аймактык биримдиктер сыяктуу эле биздин кеңешмебизге өтө орчундуу маселелер менен алек болууга туура келип жатат. Мында мен дүйнөлүк баалардын олку-солку болушун жана энерго отундардын, азык-түлүктүн, жер семирткичтердин, чийки заттардын жана башка товарлардын наркынын кымбатташын айтып жатам. Бул өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашоо тиричиликтин начарлашына алып келүүдө. Андан да жаманы - жакыр өлкөлөрдө ачарчылык жана масштабдуу социалдык толкундоолор коркунучун жаратканы турат. Орусия бул жагынан муктаж өлкөлөрдү зарыл болгон товарлар менен камсыз кылуу үчүн болгон аракеттерин көрүп жатат. Биз дүйнөлүк глобалдык азык-түлүк кризисин жаратпоо үчүн бардык жасалма, легитимдүү эмес барьерлерди жоюуга чакырабыз”, – деди Владимир Путин.

Ушул эле кеңешмеге келген өлкөлөрдүн бир тобу 14-октябрда башка саммиттерге катышат. Жума күнү Казакстандын борборунда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммити өтмөкчү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG