Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Назарбаевдин "булбулу" шайлоодо Токаевди сүрөйт


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “Элдик коалициянын” атынан катышарын билдирди. Дүйшөмбүдө Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы "Токаев бардык талаптарга жооп берет" деген бүтүм чыгарды. Бирок ал мыйзам боюнча тил сынагына кирбейт.

Өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “Элдик коалициянын” атынан катышарын кабарлады. Бул коалиция үч коомдук уюм жана үч саясий партиядан куралган.

Андагы бийликчил "Аманат", "Ак жол" жана "Казакстандын элдик партиясы" Токаевдин талапкерлигин президенттикке көрсөттү.

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Ал эми 8-октябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Касым-Жомарт Токаевдин шайлоо алдындагы бардык талаптарга жооп берерин кабарлады. Бирок 69 жаштагы Токаев казак тилинен милдеттүү сынакты тапшырбайт. Мыйзам боюнча азыркы президент лингвистикалык сынак тапшыруудан бошотулган.

Ишемби күнү президенттикке талапкерлер Мейрам Кажыкен менен Жигули Дайрабаев Борбордук шайлоо комиссиясынын лингвистикалык комиссиясына сынак тапшырышты. Комиссия "эки талапкер тең мамлекеттик тилди жакшы билет" деген бүтүмгө келди.

Буга чейин экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси, учурда "Казакстандын элдик партиясынын" төрагасы, “бийликтин булбулу” деген сын айтылган Ермухамет Ертысбаев эми Токаевди колдой турганын билдирди.

"Биздин партия өлкөдөгү саясий күчтөрдүн ичинен биринчи болуп кезексиз президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин колдоду".

Ермухамет Ертысбаев.
Ермухамет Ертысбаев.

Ертисбаевдин айтымында, "Элдик коалициянын" идеологиясы менен Акордонун саясаты окшош. Бирок Ертисбаевдин орус-украин согушу тууралуу айткандары Кремлдин пропагандасына үндөшүп кетет.

"Ачыгын айтсак, Казакстанда Американын, Батыштын таасиринде калган блогерлер, журналисттер, саясатчылар бар. Алар өздөрүн көз карандысыз эксперт катары көрсөткүсү келет. Бирок, чындыгында, алардын максаты – өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу жана Казакстан менен Орусиянын ортосунда тирешүүнү күчөтүү", - деди Ермухамет Ертысбаев.

Бирок төраганын сөзүн айрым партиялаштары колдобойт. Мажилистеги Элдик партиянын айрым депутаттары бул Ертисбаевдин жеке өзүнүн көз карашы дешет.

"Жеке мен анын берген баасын, бизге берген сунушунун формасын жакшы кабыл алган жокмун. Адамдардын жеке пикирин жалпы партияга таңуулоо туура эмес. Негизинен партияга лидерлер келип-кетип турушат. Жеке адамдын көз карашы жалпы партиянын саясий платформасына айланып калса, албетте, биз өзүбүздүн оюбузду айтабыз", - дейт казакстандык депутат Газиз Зейнеп Кулахметов.

Быйыл март айында Казакстан Коммунисттик Элдик партиянын атынан "коммунист" деген сөз алынып, жетекчилиги алмашкан. Төрага болуп Ермухамет Эртибаев шайланган. Ага чейин Ертисбаев экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси, маалымат министри жана бир катар өлкөлөрдө элчи болуп иштеген.

Ал эми 1-сентябрда Токаев мөөнөтсүз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган болчу. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө да кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

Айрым эксперттер Токаев бул шайлоо аркылуу өз позициясын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтып келишет.

Нурлан Ауесбаев Борбордук шайлоо комиссиясына барып, документтерин тапшырды. 7-октябрь.
Нурлан Ауесбаев Борбордук шайлоо комиссиясына барып, документтерин тапшырды. 7-октябрь.

Азырынча талапкер болуу ниетин билдирген төрт киши тууралуу белгилүү: “Айыл” партиясынан Жигули Дайрабаев, ОСДП партиясынан Нурлан Ауесбаев, профсоюздар бирикмесинен Мейрам Кажыкен. Польшанын жараны, теги казак Балли Мажецтин (Балжан Наурызбаева) документтерин БШК кабыл албай койгон.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 20-ноябрга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG