Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Кагазда калган ЖККУнун тагдыры талкууда


Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) уставдык документтерине толуктоо киргизүү сунушун берди. Демилге былтыр Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатактан кийин эле иштелип чыккан.

Буга окшогон окуяларда курал колдонбоо тууралуу талап камтылган сунуш карала электе кыргыз-тажик чек арасында быйыл кайра ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылышуу болду.

Уюмга мүчө эки мамлекеттин жана Армения менен Азербайжандын чек арасындагы соңку окуялар арабөк абалда турган ЖККУга сын дооматты күчөттү.

Кыргызстан ЖККУга сунуш берди

Өткөн аптада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Армениянын борбору Ереванда жолукту.

Ага Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев катышты. Анын айтымында, жыйында ал Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берген. Мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө үчүн Кыргызстан уюмдун уставдык документтерине толуктоо киргизүү демилгесин көтөргөн.

Берилген сунуштар тууралуу Ниязалиев “Азаттыкка” буларды айтты.

Нуран Ниязалиев.
Нуран Ниязалиев.

“Биз жаңы сунуштарды берип жатабыз. Бул демилге былтыр апрель айында Баткенде болгон кандуу окуядан кийин көтөрүлгөн. Сунуштар боюнча жыйынтык чыкмайынча ал уюмдун жыйындарында карала берет. Аны бир эле карап чечип коё турган иш эмес. Узак процесс. Анда бардык маселени тынчтык жол менен чечүү, талаш-тартышты дипломатиялык ыкмалар менен кароо, мамлекеттер ортосундагы коопсуздукту бекемдөө жана бири-бирине каршы курал-жаракты колдонбоо тууралуу сунуштар бар. Муну Тышкы иштер министрлиги ар дайым кайталап келет”.

Көп өтпөй Кыргызстан ЖККУнун 10-14-октябрга белгиленген аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты. Коргоо министрлиги мындай чечим буга чейин эле кабыл алынганын билдиргени менен талдоочулар муну кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууга байланыштырып жатат.

10-октябрда коопсуздук уюмдун "Рубеж-2022" деген аталыштагы аскердик машыгуусу Тажикстанда өтөрү кабарланып, ага Кыргызстан катышпай турганын билдирди.

Ага чейин 5-октябрда уюмдун башкы катчысы Станислав Зась Бишкекке келип кеткен. Аны президент Садыр Жапаров кабыл алып, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан карапайым адамдар менен аскерлер курман болуп, Баткен облусунда жарандык жана социалдык инфраструктура талкаланганын айтып берген. Зась кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтуу менен чектелген.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун уставына берилген сунуштар тууралуу комментарий берип жатып уюмга мүчө мамлекеттердин бири-бирине болгон ишеним маселесин көтөрдү.

“Тажикстан менен болгон окуядан кийин ЖККУга мүчө мамлекеттердин ичинде бири-бирине күч көрсөтүү, куралдуу жаңжалды болтурбоо үчүн сунуштарды берип атабыз. Сырткы күчтөрдөн коргонуу, ар кандай чакырыктарга бирге каршы тура турган мамлекеттер өз ичинде бири-бирине каршы курал колдонгону – бул нонсенс. Ошондуктан биздин сунушту уюмдагы башка өлкөлөр да колдошу керек. Биз уюмдагы өлкөлөр бири-бирине ишениши керек деп эсептейбиз. Эгерде ишеним жок болсо сырткы коркунучтарга кантип каршы турат? Ушундан улам уюмдун мүчөлөрү ишенимди көтөрүш керек”.

Уюмдун таразадагы тагдыры

Коргонуу жаатында Кыргызстан мүчө болгон эң чоң уюм - Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун пайда-батасы боюнча маселе буга чейин эле көтөрүлүп келген. Кыргызстан менен Тажикстандын жана Армения менен Азербайжандын чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштар уюмга сын дооматты күчөттү. Уюмга мүчө Армения быйыл 26-сентябрдан 8-октябрга чейин болгон Казакстандагы машыгууга аскерлерин жиберген жок.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында 13-сентябрга караган түнү башталган салгылаштан армян тараптан 135 киши набыт болгон. Ереван бул жаңжалда Азербайжандын аскерлери Армениянын аймагына кирип кеткенин билдирип, ЖККУдан жардам сураган. Уюм атайын миссияны Арменияга жөнөтүп, ал топ чек араны бир сыйра көрүп чыкты. Чек ара чырынан кийин Ереванда эл бул альянстан чыгуу талабы менен митинг өткөрдү.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жергиликтүү сайтка курган соңку маегинде ЖККУнун тагдыры тууралуу суроого минтип жооп берген.

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

“Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда Арменияны жоготуп алабыз деген кооптонуу бар. Бирок мен бизде Армения ЖККУну жоготуп алат деген кооптонуу бар деп жооп кайтардым. Башкача айтканда, Армения уюмдан чыгат деген коркунуч бар. Мен тескерисинче, ЖККУ Армениядан чыгып кетет деген кооптонуу бар экенин айттым. Бул сөздүн оюну эмес”, - деген Никол Пашинян.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. Азыр бул мамлекеттердин ичинде Беларус менен Казакстандан башка өлкөлөрдүн чек арасында утур-утур чыр-чатак чыгып жатат. Орусия болсо Украинада согушууда.

ЖККУ мурда куралдуу жаңжалдарга катышуудан баш тартып келген. Кыргызстандагы 2010-жылкы этникалык кагылышка, 2021-жылкы армян-азербайжан чатагына кийлигишкен эмес. Бул жана башка жагдайлар уюмдун дарегине карата сын пикирлерди көбөйткөн. Уюмдун бейпилдик орнотуу күчтөрү Казакстандагы Январь окуясында быйыл биринчи жолу ишке тартылды.

Коопсуздук жаатындагы мурдагы вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев кагазда калган альянс тууралуу пикири менен бөлүштү.

“Уюм реформалоого муктаж болуп калды. ЖККУда башкы ролду ойногон Орусия Украина менен согушуп жатат, абалы жакшы эмес. ЖККУ НАТО сыяктуу уюм боло алган жок. Мисалы, Украинадагы согушта НАТО кандай гана уюшкандыкта иштеп атат. ЖККУ кагазда эле калды. Уюмдун ичиндеги эки мамлекет ок атышып атса, биз Тажикстан менен чогуу кантип аскердик машыгуу өткөрөбүз? Бизге кол салса, ал өлкөнүн жетекчиси “аймактагы коопсуздукту камсыз кылганы үчүн” деп орден алса” биз акыры өз сөзүбүздү айта баштадык”.

Сентябрь айынын аягында Казакстан ЖККУдан 2023-жылдын башында чыгары тууралуу маалымат тарап, аны өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги четке каккан. Ошентип, уюмдун тагдыры арабөк абалда турат. Марат Иманкулов “альянс Кыргызстан үчүн керек” дейт.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Уюм андагы бардык өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да керек. Азыр сырткы коркунучтар, террористик уюмдардан кооптонуу бар. Аларга каршы турууда бир мамлекеттин алы келбей калышы мүмкүн. Ушундай кырдаалды алдын алуу үчүн биргелешкен коргоо уюму зарыл. Аймакты коопсуздукту камсыздоо үчүн уюмдагы башка мамлекеттердей эле анын иштешине биз да кызыкдарбыз. Анткени элдин, мамлекеттин коопсуздугу биринчи орунда турат. Уюм башка мамлекеттерге эч качан кол салбайт. Ал коргонуу үчүн гана иштейт”.

Деген менен саясат талдоочу Эмилбек Жороев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун келечегине ишенбей турат.

“Акыркы окуялар уюм тарап кетүү же башка жол менен ишин токтотуу алдында турганын көрсөттү. Уюмдагы алты мамлекеттин бешөө ар кандай конфликтик окуяларга туш болду. Кыргызстан берген сунуштар ЖККУнун ишин жакшыртуу үчүн эмес анын кемчилигин көрсөтүү үчүн жасалгандай. ЖККУ күчтөнүп, жакшы иштеп кетишине көзүм жетпейт. Белгилүү бир убакытка чейин илең-салаң болуп иштей бериши мүмкүн. Бирок акыры жоюлуп кете турган абал түзүлдү”.

Тиешелүү документтерде ЖККУнун негизги максаты - ага кирген өлкөлөрдүн аймагын армиянын күчү менен тышкы согуштук агрессорлордон, эл аралык террористтерден, чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG