Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Орусияга аба мейкиндигин кайтартуу опурталдуубу?


Орусиянын Канттагы аба базасы. 2013-жыл.
Орусиянын Канттагы аба базасы. 2013-жыл.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы түзүлөт. Тиешелүү буйрукка өткөн аптада орус президенти Владимир Путин кол койду. Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул көп жылдан бери келаткан долбоор экенин, ушул тапта эки өлкөнүн жумушчу топтору иштеп жатканын билдирди. Кыргызстан аба мейкиндигин Орусияга кайтартууга канчалык муктаж?

Келишимдин чоо-жайы

Владимир Путин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишимге кол коюу тууралуу орус өкмөтүнүн сунушун колдоду.

Путин тиешелүү буйрукка 8-июлда кол коюп, бул мамлекеттин расмий документтери жарыяланган сайтка чыкты.

Анда Орусиянын Коргоо министрлигине Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда расмий Бишкек менен сүйлөшүү тапшырмасы берилген.

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов эки өлкөнүн биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу “Азаттыкка” кыскача комментарий берди. Анын сөзүнө караганда, бул долбоор көп жылдан бери иштелип келаткан жана ал турмушка ашса, абадан коргонуу күчтөрүнүн бирдиктүү алкагы түзүлөт.

Бактыбек Бекболотов.
Бактыбек Бекболотов.

“Бирдиктүү аба мейкиндиги долбоору көп жылдан бери пландалып келатат. Ошол долбоордун алкагында Орусиянын президентинин буйругу чыкты. “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы” деген бүгүн эле пайда болгон жок. Көп жылдан бери келаткан долбоор. Эгерде бул ишке ашса, Кыргызстандын абадан коргонуу системасы өзгөрөт. Буйруктун негизинде сүйлөшүүлөр мурда эле башталган. Ал уланат. Ал эми жумушчу топтор болсо иштеп атат”.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги 1991-жылы, ага мүчө мамлекеттердин бирдиктүү абадан коргонуу системасы 1995-жылы негиздилген. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү уюмдун алкагында аткарылып жаткан иш катары сыпатталууда.

Орусиянын “Интерфакс” маалымат агенттиги Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен региондук системасына аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандаларын жазды.

Ошондой эле орус күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз берерин жарыялады.

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн техникасы жедеп эскирип бүткөнүн айтууда. Ал Орусия менен биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы жаңы аскердик техника алууга, учкучтарды окутууга шарт түзөт деп эсептейт. Бирок тобокелдиктер да жок эмес.

“Биз биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзгөндөн кийин эгерде Орусиянын аба мейкиндигине чабуул болсо, ал системага кирген бардык тараптарга сокку болуп эсептелет. Бир жагынан аба мейкиндигибиз корголот, экинчи жагынан ушундай коркунуч бар жана көз каранды болуп калабыз. Бирок Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болгондон кийин эртеби-кечпи ушуга келмекпиз. Азырынча Казакстан буга макул эмес. Биздин мисалыбызда Орусия акыр-аягы абадан коргонуу системасы бир болот дегенди билдирип жаткандай. Орусияга кандайдыр бир чабуул болсо ал Кыргызстанга да тиет. Анткени Кыргызстанда аскердик объектилер болот да. Кыргызстан чек ара маселелеринен колу бошобой, аба мейкиндигин коргоо иштерине колу жетпей турганда бул чечим бир четинен туура”.

Былтыр жыл аягында орус президенти Владимир Путин Тажикстан менен Орусиянын “Биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча” келишимди ратификациялаган.

Тажик тарап бул чөлкөмдө согуштук аракеттердин жаңы түрлөрү пайда болгонун, террористтик топтор учкучсуз учуучу аппараттарды кеңири колдоно баштаганын эске алганда, келишим маанилүү экенин билдирген. Айрым эксперттер мындай системаны түзүү зарыл экенин айтса, башкалары расмий Дүйшөмбү аба мейкиндигин Москванын көзөмөлүнө өткөрүп бергенин сынга алган.

“Орусиядан оолак болуш керек”

Кыргызстанда деле ушундай эле талкуу болуп жатат. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдырахманов Орусия менен биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүүгө зарылчылык жок деген пикирде.

Өмүрбек Абдырахманов.
Өмүрбек Абдырахманов.

“Орусия менен өтө этият мамиле кылыш керек. Ал империялык котуру (чесотка) өчө элек мамлекет. Ошондуктан азыр деле “кошуналарды басып алсам, жерин тартып алсам” деп турат. Абхазия, Түштүк Осетияда булардын аскери бар эле Грузияга согуш ачып, эки облусун тартып алды. Украинанын Севастополь шаарында аскердик базасы бар эле ошол аркылуу Украинанын жерлерин басып, согуш ачты. Албетте, экономикалык жагынан Орусия менен кызматташууга мажбурбуз. Бирок аскердик жагына келгенде жолобошубуз керек. Кыргызстанда абадан коргонууга эч кандай зарылчылык жок. Анткени бизге "Талибандын" учактары келбейт. Кытайдан болсо сактана албайбыз. Ошондуктан Орусиянын бизди абадан коргоп берүүсүнө муктаж эмеспиз”.

2006-жылы Кыргызстанда Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрү негизделген. Мекеме мамлекеттин аба мейкиндигинде коопсуздукту сактоо, анын аба чек арасын коргоо максатын көздөйт.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда С-75 советтик мобилдүү зениттик ракеталык комплекстер бар. Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен абадан коргонуу системасы түзүлсө, жаңы техника алып келиниши мүмкүн дейт.

“Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө заманбап курал, техника жокко эсе. Муну ачык айтышыбыз керек. Кантта Орусиянын аскердик базасы турат. Орусия ушул объектиге эле С-300 же С-400 деген зениттик ракеталык системаны алып келип коюп коёт. Алар Кыргызстандын аймагын, аба мейкиндигин коргой алат”.

Кыргызстандын коопсуздук жаатындагы мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев ушул тапта Орусия үчүн Борбор Азия мамлекеттери маанилүү экенин айтууда.

Абдырахман Маматалиев.
Абдырахман Маматалиев.

“Украинадагы согуш, Европа мамлекеттери менен мамилесине байланыштуу Орусияга азыр Борбор Азия өтө маанилүү. Себеби, Орусия менен бир катар уюмдарда мүчө болгон өлкөлөр Украина менен согушта Орусияны ачык колдогон жок. Орусия ушундан улам кызматташтыкты бекемдөөнү түшүндү. Ошонун ичинде аскердик кызматташтык да бар. Анткени айрым уюмдар кагаз жүзүндө эле калып калган. Борбор Азия Орусия үчүн өтө маанилүү жана алар бул мамлекеттерди колдон чыгаргысы келбейт”.

Кыргыз бийлиги Орусия стратегиялык өнөктөш экенин билдирип келет. Эки өлкө Евразия экономикалык биримдигинде жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө. ЖККУнун алкагында ар кандай аскердик машыгууларды өткөрүп турат.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG