Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Канттагы авиабазадан чыккан кайчы пикир


Орусиянын Канттагы аба базасы. 2013-жыл.
Орусиянын Канттагы аба базасы. 2013-жыл.

Кыргызстандын Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасынын статусун өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору парламент комитетинин күн тартибинен үчүнчү ирет алынып салынды.

Анда учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе депутаттар менен өкмөттүн ортосунда кайчы пикир жаратты.

Мыйзам долбоорунда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам коомчулукта «Орусияга жер берилип жатат» деген пикир басымдуулук кылууда.

Ал эми Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирди.

«Жер Орусияга берилип жатат»

Кант шаарындагы авиабаза боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде 2-июнда каралмак. Бирок долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жоктугунан улам документ үчүнчү жолу талкуудан алынды. Ал 12-майда жана 19-майда да каралбай калган.

Протоколдогу учуу-конуу тилкесин реконструкциялоого жана ага ээлик кылууга байланышкан маселе талкууга себеп болду. Анда «Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын каражатынын эсебинен учуу-конуу тилкесин жана аэродромдук объектилерди оңдоого кызыкчылыгы бар. Аракеттеги макулдашуунун негизинде учуу-конуу тилкеси реконструкциялангандан кийин менчик укугу Орусия тарапка өтөт» деп жазылган.

Депутат Абдывахап Нурбаев Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин 12-майдагы жыйынында ушул маселени көтөрүп, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев менен мындай суроо-жооп болгон:

Абдывахап Нурбаев: - Ошондо биздин жер башка мамлекеттин менчигине өтүп жатат да, туурабы?

Нурсеит Кедеев: - Орусия Федерациясына өтүп жатат.

Абдывахап Нурбаев: - Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик барбы? Биздин жерди башка мамлекетке менчикке бергенибиз мыйзамга туура келеби?

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү суроого жооп берген.

- Жер башка мамлекетке өткөн жок. Ал ижарага гана берилди.

Абдывахап Нурбаев: - Кайдагы ижара? Менчикке кетип жатат.

Канттагы базанын учуу-конуу тилкеси Орусияга ижарага же менчикке берилери боюнча өкмөттүн так маалыматы болбогондуктан 12-майда мыйзам парламент комитетинин талкуусунан алынган.

Чырлуу протоколдун тарыхы

Былтыр Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылып, протоколго кол коюлган.

Канттагы авиабаза боюнча 2012-жылдагы орус-кыргыз макулдашуусуна ылайык, Орусия Канттагы аба базасы үчүн ижарага алынган жердин аянты 866,2 гектар деп эсептеген. Инвентаризациянын жыйынтыгында аянт 924,52 гектар болгон. Жыйынтыгында макулдашууда каралган аянтка караганда иш жүзүндө Орусия 58,32 гектар көп жерди колдонуп келгени аныкталган. Орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштамак.

Сөз болуп жаткан протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамда 2003-жылдан бери «Кант» аэродромунун учуу-конуу тилкеси Орусияга убактылуу пайдаланууга берилгени жазылган. Маалыматка караганда, аталган тилкенин жасалма төшөлмөсүн толук алмаштырыш керек, бирок ал каражатты талап кылат. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы учуу-конуу тилкесиндеги объектилерди орус тарапка оңдотуп, аны Орусияга бергени жатат.

«Жер берүү бул – жаңы анклав»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов аталган макулдашуу менен Кыргызстандын жери Орусияга өткөнү жатат деп тынчсызданууда:

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.

«Канттагы авиабазанын учуу-конуу тилкесин кеңейтип кереги жок. Эгерде биз жерди берип койсок абдан туура эмес кылабыз. Орусияга «кааласаңар ушул учуу-конуу тилкесин пайдалангыла, болбосо өзүңөр билгиле» деш керек. Жерди берип салсак ал Орусиянын менчигине өтөт да, каалаганын кылат. Кайсы бир мамлекет менен согушуп кете турган болсо учактарын кондурат. Анан биз балээге калабыз. Жер Орусиянын менчигине өттү деген - бул анклав деген сөз да».

Кант шаарындагы авиабаза боюнча протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамда «Кант» аэродромунда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн АН-26 эки аба кемеси жайгаштырылганы, алар мамлекеттин түштүгүнө жүк жана өздүк курамды ташуу үчүн дайыма учуп турары айтылат. Андан тышкары ал «Манас» эл аралык аэропортунун запастагы аэродрому болуп саналары жазылган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров сөз болуп жаткан документ тууралуу мындай деди:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

«Кыргызстандын бир метр жери башка өлкөгө менчикке берилбеш керек. Ал эми ижарага берсе болот. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар. Канттагы авиабаза боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул туура эмес. Себеби, мамлекет качан гана бир чечимге келгенден кийин анан бир нерсе деп айтса болот. Депутаттык корпус, парламент Кыргызстандын бир да метр жерин башка мамлекетке бербейт жана берилбеш керек».

Февраль айында Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Орусиянын Канттагы аскер-аба базасынын жаңы макамы жана анын жайгашуу шарттары боюнча кошумча протоколду ратификациялоо тууралуу Мамлекеттик Думада маалымат берген. Протоколдо Кант авиабазасынын аянтын кеңейтүү жана орусиялык учкучсуз учактарды Кыргызстандын аймагында чогуу-чаран колдонуунун шарттары каралган.

Бирок анда жер маселеси боюнча эч нерсе айтылган эмес. Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Канттагы аба базасынын айланасындагы акыркы окуя тууралуу пикирин ортого салды:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

«Мунун баары өкмөт Орусия менен сүйлөшкөндө же ары эмес, же бери эмес болуп так позициясын айта албагандыктан болуп жатат. Келишим даярдалып жатканда Орусия «биз оңдоп берели. Бирок жер биздин менчигибизге өтсүн» деген да сунуш болушу мүмкүн. Бул такыр ойго келбеген нерсе».

Башкы штабдын жообу

Ал арада Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы коомчулукту дүрбөлөңгө салган маалымат туура эмес экенин, Жер кодексине ылайык Кыргызстандын жерин Орусияга берүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Башкы штаб протокол ратификациядан өтсө, ижара акысы учуу-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөлөрүнүн ордуна эки миллиарддан ашык рублга бетон аэродромдук плиталар жана асфальт басылып, толук оңдолорун, плиталар орус тараптын менчиги болуп саналарын кабарлады.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов да ушундай эле пикирде.

Исхак Пирматов.
Исхак Пирматов.

«Протоколдо «учуп-конуу тилкесиндеги оңдолгон объект Орусиянын менчиги болуп эсептелет» деп жазылып турат, - деди ал. - Бул 2012-жылдагы келишимде деле жазылган. Ал эми анын астындагы жер тилкеси боюнча эч кандай маселе жок. Экинчиден, келишимдин мөөнөтү - 15 жыл. Андан кийин салынган инфратүзүмдүн баары Кыргызстанга өтөт. Мында жердин үстүндөгү гана объект боюнча сөз болуп жатат. Ошондуктан депутаттардын талабы менен Юстиция министрлиги жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жер боюнча так маалымат берсин деген талап менен маселе күн тартибинен алынды».

Макулдашуунун өзүнө 2012-жылы 20-сентябрда, ал эми аны өзгөртүү тууралуу протоколго 2019-жылы март айында кол коюлган. Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG