Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Борбор Азия: Кытайдын күчү, Орусиянын ооматы


Кытай менен тажик жоокерлеринин Шинжаң автоном облусундагы Кашкар калаасынын жанындагы биргелешкен күзөт учурундагы кол күрөшү, Кытай. Май, 2019-жыл.

Жаңы баяндамага назар салсак, Кытай Орусия экөөнүн ортосундагы айырманы азайтып, Борбор Азиядагы коопсуздук жаатындагы позициясын күчөткөндөн күчөтүүдө.

Баяндама авторлорунун эсебинде “жакынкы он жылдыкта” ал Москванын бул жердеги таасирин жоюп салышы ыктымал.

Бээжин Москванын “жакынкы чет” деп эсептелген мурдагы советтик республикаларга курал-жарактарын арбын сатуу, биргелешкен машыгууларды өткөрүү, жаңы коргоочу отряддарды түзүү аркылуу таасирин күчөтүп жатканы баяндамада белгиленген.

Баяндаманы ушул жылдын 27-майында баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Вудро Вильсон эл аралык борборунун Кеннан институтунун аналитикалык борбору жарыялады.

Советтер союзу урагандан бери Орусия бул чөлкөмдө коопсуздуктун корголуп турушунун кепилдигин алып, Кытайдын Борбор Азияда экономикалык үстөмдүгү күчөгөн кезде да таасири бийик болчу.

«Кытай бул чөлкөмдө катаал күч болуп калган», - Брэдли Жардин, Wilson Center

Ошондуктан көпчүлүк байкоочулар ортолук мамилени “эмгек бөлүштүрүү” катары сыпатташчу, Орусия Борбор Азияга саясий жана аскердик байланыштары аркылуу аракетин жүргүзүп келсе, Кытай карызга бапыратып арбын акча берүүчү жана экономикалык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү катары эсептелчү, өзгөчө анын миллиарддаган долларларды чапчыган “Бир алкак, бир жол” демилгеси өтүмдүү болууда.

Баяндаманын авторлорунун ырасташынча, кийинки жылдары Кытай “коопсуздук жаатында бир катар олуттуу жүрүштөрдү жасады”, аны менен эки өлкө ортосундагы ажырымдалып калган “бөлүштүрүү” жок кылынды, ал атаандаш эки лөктүн ортосундагы мамиле-катнашта чыңалууну күчөттү.

«Биз дагы эле Борбор Азияда кайсы бир бөлүшүүчүлүк бар экенин айта беребиз: Орусия коопсуздук маселелери менен алектенет, Кытай экономика жаатын тейлейт, бирок иш жүзүндө андай бөлүшүү болбой баратат», — деп Брэдли Жардин “Азаттыкка” билдирди. Ал баяндаманын негизги авторлорунун бири, Кытай жана Кошмо Штаттарды изилдеген Вудро Вильсон борборунун Киссинжер институтунун кызматкери.

«Кытай бул чөлкөмдө катаал күч болуп калган»

Мурдагы бөлүштүрүү өзгөрүлүп баратканын кытайлык курал-жарактын борборазиялык республикаларга сатылышынан эле байкоого болот: Бээжин 2010 – 2014-жылдардагы жарыбаган бир жарым пайыздык чектен чыгып, аскердик техникасын сатуу жагынан 18% жеткени баяндамада белгиленген.

Кеп бул жерде согуштук курал-жарактар жана унаа каражаттары гана жөнүндө эмес, жогорку технологиялык жабдыктар, мисалы, ушу тапта дүйнөдө өтүмдүү болуп жаткан аскердик дрондор жөнүндө болууда. Мындай заманбап техниканы сыртка сатуунун лидерлери - Америка Кошмо Штаттары жана Израиль.

Кытай президенти Си Цзиньпин (солдо) жана Тажикистан президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында, 2019-жыл.
Кытай президенти Си Цзиньпин (солдо) жана Тажикистан президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында, 2019-жыл.

Кытай бул чөлкөмдө алгачкы аскердик объекттерди кура баштады, Тажикстан коопсуздугу эми Кытайдан да көз каранды. Анын Кытай менен чек арасынын узундугу 476 чакырым, ал эми Ооганстан экөөнүн чек арасынын узундугу 1356 чакырымды түзөт.

Америкалык "Washington Post" гезити 2019-жылы Тажикстандын аймагында кытайлык аскерлер тарабынан курулуп жаткан чакан аскердик объектти жарыя кылды. Ошол эле жылы "Wall Street Journal" басылмасы булактарына таянып Кытай менен Тажикстан ортосунда жашыруун келишим түзүлгөнүн, ага ылайык Бээжин “Ооганстан менен тажик чек арасында 30 – 40 коргоо посттору оңдолуп жана жаңыдан куруу боюнча” макулдашууга жетишкени кабарлады.

Бээжин Борбор Азияга жумшаган инвестициясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул жерде коопсуздук жаатындагы таасирин күчөтүү аракетине өттү.

Кытайлык аскерлер Шиңжаңдагы Кашкар аймагында, ноябрь 2019-жыл.
Кытайлык аскерлер Шиңжаңдагы Кашкар аймагында, ноябрь 2019-жыл.

Чөлкөмдө кийинки жылдары орусиялык куралдардын сатылышы 60 пайыздык көрсөткүчтөн төмөндөй элек. Бул жагдай Кытайдын үлүшү орусиялыктардын эсебинен көбөйүп баратканын билдирбейт. Орусия дагы деле курал-жарагын өнөктөштөрүнө арбын сатат. Бирок баяндамага ынансак, жакынкы жылдары бул жагдай кескин өзгөрүлүп кетиши ыктымал.

«Көп адамдар Кытай менен Орусия бул жаатта атаандаш деп айтышат, бирок биздин баяндамабыз көрсөткөндөй, экөөнүн ортосундагы чыныгы атаандаштык азырынча баштала элек, - дейт Жардин. – Ушу тапта Кытай курал-жарак сатууну арбытууда, эртедир-кечтир ал Орусиянын үлүшүн өзүнө алышка мажбур, ошондо Москва менен Бээжин ортосунда белгилүү чыңалуу пайда болгонун байкайбыз».

Дагы эле кубаттуу Орусия

Орусия бул мейкиндиктеги аскердик күч-кубаты жагынан эң кубаттуу, анан да курал-жаракты арбын саткан өлкө.

Москва бүтүндөй Борбор Азия боюнча аскердик объекттерин кармап турат, ага Тажикстандагы жети миң аскери, Кыргызстандагы авиабазасы кирет, анан да Орусия жетектеген Жамааттык Коопсуздук Келишими (ЖКК) чөлкөмдөгү аскердик карым-катнаштын чечүүчү пункту болуп эсептелет.

Коопсуздук жаатындагы Кытайдын ролу ыкчам өсүп жатканына карабай, Бээжин менен Москва кыйла кеңири өнөктөштүк мамилени кармап келатат, ортолук байланыш жылдан-жылга чыңдалууда. Ошондой эле эки өлкөнүн Ооганстандан келчү коркунучту алдын алуу боюнча кызыкчылыктары шайкеш, террорчулук менен экстремизмге каршы туруу боюнча да окшош позицияны карманышат.

Орусиянын Канттагы авиабазасы, Кыргызстан.
Орусиянын Канттагы авиабазасы, Кыргызстан.

Бээжин Борбор Азияны чыгышындагы Шиңжан аймагынын тосот жолу катары эсептейт. Ал жерде Кытай өкмөтү негизинен мусулман калктарын, этникалык азчылыкты түзгөн казак менен кыргыздарды, башка майда калктарды кошуп миллиондон ашуун уйгурларды лагерлерге камап салган.

Кытай менен Орусияны АКШга атаандаштык да бириктирүүдө.

Экөө тең АКШнын бу чөлкөмдөгү таасиринин өсүшүн каалабайт. Кыргызстандагы америкалык авиабаза 2014-жылы чыгып кетишин, АКШ Ооганстандагы аскерлерин азайтышын эки өлкө кубануу менен кабыл алган.

Достук жана атаандаштык

Анткен менен экөө Борбор Азияга таасир көрсөтүү жагына келгенде атаандаш болуп чыга келишет.

Кеннан институтунун баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген аскер жетекчилерин окутуу программасы Москва менен Бээжин үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп баратканы белгиленген.

Курал-жарак сатуу жагынан эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аскердик мектептеринин эсебинен Орусия бул жерде да үстөмдүккө ээ.

Кытай да жөн отуруп калбай ортолук айырманы жоюунун аракетине кирген, анын мисалы катары катарына Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирген Шаңхай Кызматташуу Уюмун (ШКУ) айтса жарашат, анын барк-баасы акырындан көтөрүлүп баратат. 2021-жылдын июнуна карата ШКУнун мүчө өлкөлөрүнүн эки миң жогорку даражадагы өкүлдөрүн даярдоо борборун түзүү пландары иштелип чыккан.

Бээжин борборазиялык аскер кадрларын кош тараптуу негизде даярдоого өттү. Программанын масштабы орусиялык деңгээлге жетпегени менен, Кытай элдик куралдуу полициянын (КЭКП) аскердик бөлүктөрү менен Элдик-боштондук армиянын (ЭБА) академиясы чөлкөмдөн барган офицерлерди даярдоого киришкен. Кайсы өлкөдөн канча офицерлер даярдалып жатканы азырынча ачыкка чыга элек.

Бээжиндин өз жолу бар

Кытай менен Орусия ич ара эки тараптуу мамиле-катнашын, ошондой эле ар кыл уюмдар аркылуу кызматташтыгын өөрчүтүп жатканы менен, кийинки кездери Бээжин Москваны сыртта калтырып, чөлкөмдө өз алдынча демилгелерди активдүү ишке ашыра баштаганы баяндамада белгиленген.

2017-жылы Орусия Индия менен Пакистанды ШКУга мүчөлүккө сунуш кылган. Көпчүлүк байкоочулар мындай аракетти уюмду алсыздандырып, бири экинчисине коошо албаган эки өлкөнүн кошулушуна Кытай кандай карайт экен деген ишарат жатканын айтып чыгышкан.

Бул аракет кытайлык аскер дипломатиясынын кайсы бир деңгээлде Орусияны кошпой жаңы уюмга кирип алышына алып келди. Ал уюм Ооганстан, Кытай, Пакистан жана Тажикстан катышкан кызматташуу жана жөндөө боюнча төрт тараптуу механизм катары белгилүү. Бул өлкөлөр террорчулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча бири бири менен тыгыз, ырааттуу иш алып барышат.

Ошондой эле Кытай элдик куралдуу полициясы (КЭКП) Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук гвардияларынын бөлүктөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү максатында 2019-жылы машыгууларды өткөрдү. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан катышты, бул иш-чарага Москва катышкан жок.

«Орусия КЭКП ишмердигине кылдат көз салып, кийинки жылдары Ташкендин альтернативалык өнөктөшү катары кытайлык куралдуу полицияга атаандаш “Росгвардия” блогун алдыга чыгарды», — деп белгиленет сөзгө алынып жаткан баяндамада.

Азырынча коопсуздук жаатында Орусиянын Борбор Азиядагы таасири жана ролу күчтүү, бирок алдыдагы он жылдыкта Кытай бул жердеги негизги күч катары чыгышы үчүн болгон аракетин жасап, таасирин күчөтүүдө.

«Кытай чөйрөсүндө Орусия күч-кубаттан тайып бараткан өлкө катары каралат,— дейт Жардин. — Алысты мелжеген Бээжин Орусиянын [аз-аздан] артта калышына даяр болуп турушу керек, ага эмитен эле камдана баштады».

Рид СТЭНДИШ

Кыргыз тилине Бекташ Шамшиев которду

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG