Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 21:35

Аскердик база жана улуттук кызыкчылык


Канттагы Орусиянын авиабазасы.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандагы аскер базасынын жайгашуу шарттарын өзгөрткөн келишимге кол коюлду.

Чет өлкөлүк базанын кеңейиши Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына жооп береби? Орусия менен аскердик тармакта, анын ичинде курал-жарак, ок-дары чыгаруу жаатындагы кызматташуулар кандай пайда алып келет?

“Арай көз чарай” талкуусуна эксперт, генерал Артур Медетбеков, саясий серепчи Искендер Ормонов жана “Дастан” заводунун мурдагы директору Жарасул Абдраимов катышты.

“Азаттык”: Артур мырза, 28-мартта кыргыз жана орус өкмөтү Орусиянын бирдиктүү аскер базасын жайгаштыруу шарттарынын өзгөрүшү тууралуу келишимге кол коюшту. Аскер базаны бир нече багыттар боюнча кеңейтүүнүн себеби, зарылчылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

Артур Медетбеков: Биринчиден, биз баарыбыз күбө болуп жатабыз, учурда Кыргызстанга гана эмес, бүткүл дүйнөгө экстремисттик жана террористтик күчтөрдүн коркунучу күндөн-күнгө көбөйүүдө. Экинчиден, Кыргызстан – Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун мүчөсү.

Кыргызстандагы орус аскер базасы биринчи кезекте ошол Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмуна тийиштүү, ошол уюмдун чечими менен ачылган. Акыркы жылдары Орусия Кыргызстанга 1 миллиард долларга жакын акчага бааланган аскер техникаларын, аскер жабдуулардан жардам көрсөтүүгө, адистерди окутуп берүүгө макулдашкан. Анын ичинен 130 миллион доллардын тегерегинде жардам көрсөтүштү, калганын ишке ашыруу боюнча программа иштеп жатат.

Орусиянын аскер базасы дегенде жалгыз эле Канттагы авиабаза эмес, биздин республикада Ысык-Көлдө, Кара-Балтада жана Майлуу-Сууда базанын объектилери бар. Ошолордун баары Кыргызстандын коопсуздугун сактоо боюнча чоң пайдасын тийгизип иштеп жатат. Ага карабай орус тарап ошол бириккен база үчүн аренда акысын төлөп жатат, дагы көбөйтүүгө макул болушту. Ошол негизден алып караганда базаны заман талабына жараша модернизациялоо, кеңейтүү, шарттарын өзгөртүү боюнча эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишим жалпы коопсуздук үчүн жакшы өбөлгө.

“Азаттык”: Бул базада авиациядан сырткары атайын даярдыктагы аскерлер болот дегендин чындыгы барбы?

Артур Медетбеков: Азыркы Канттагы авиабазада учкучтар, аларды тейлеген кызматкерлерден, жардам берген адистерден сырткары атайын даярдыктан өткөн, Приволжск аскер округуна караган, чакан аскер курамы бар десем жаңылышпайм. Анткени дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү ушул сыяктуу базаларда атайын куралган аскер бөлүктөрүн кармоо тажрыйбасы бар. Террористтик-эстремисттик коркунучтар туулса, чек арада кооптуу жагдайлар түзүлсө аталаган аскер бөлүк ыкчам жардамга келет.

Дүйшөнбиев: Кыргыз-орус аскер кызматташтыгы кеңейет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

“Азаттык”: Искендер, Кыргызстандагы бириккен орус аскер базасынын болушунун биздин өлкө үчүн кандай мааниси бар? Демейде башка чет өлкөлүк аскерий базанын болушу ошол өлкөнүн саясий көз карандылыгына доо кетет, ал өлкөнүн коопсуздугунун чабалдыгынан кабар берет деп айтылат.

Искендер Ормонов: Толук антип айтууга негиз жок. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн аймактарында башка экинчи же үчүнчү өлкөлөрдүн аскер базалары бар. Мындай тажрыйба ички-сырткы дарамети күчтүү, экономикасы кубаттуу делген мамлекеттерде деле бар. Ошол эле Түркияда, Германияда, Жапонияда Американын аскер базалары бар. Бирок Кыргызстанда Орусиянын базасынын турушу бул убакка чейинки айтып келген себептерге байланыштуу эмес.

Биздин коомчулукка "база Кыргызстанга Ооганстан ж.б. мамлекеттерден кирип келүү коркунучу бар радикал, экстремисттик-террористтик күчтөрдүн мизин кайтаруу үчүн керек" деп келишкен. Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөттү андай көрүнүштөр болгон жок. Тескерисинче, Орусия тарап Москвада ”талибдерди” чакырып, тил табышууга аракет кылып жатпайбы.

Базанын биздин аймакта турушу Кыргызстандын эле коопсуздугу үчүн, ага жардам берүү үчүн эмес, жаныбызда турган улуу кошуна Кытайдын бул аймакка таасирин жакындатпаш үчүн сестендирүүчү фактор. Орусиянын мамлекеттик деңгээлдеги документтеринде мурдагы СССРдин аймагында мамлекеттер Орусиянын таасир берүүчү аймактары деп саналат. Ошондуктан бул база Орусиянын аймактагы таасиринин сакталышына жана уланышына чоң роль ойнойт.

“Азаттык”: Жарасул мырза, Орусия тарап Кыргызстандагы аскерий өндүрүшкө кызыкдар экенин билгизип келет, бирок натыйжасы көрүнбөйт. Сиз мурда жетектеген “Дастан” ишкана өнүгө турган заказ алган жок. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз? Орус өкмөтү эми да кызматташабыз деп жатат, майнап чыгабы?

Жарасул Абдыраимов: Азыр Орусия тараптан айтылып жаткан ниетти, макулдашууларды биздин “Дастан”, Бишкек штапм ж.б. заводдор пайдаланып калышы керек. “Дастан” орустардын Ысык-Көлдөгү күнү-түнү аскердик сыноолорду өткөрүүгө жөндөмдүү жабдууларын чыгарса болот. Бишкек штамп заводунун да келечеги бар. Эң башкысы Кыргызстанда орус тараптан келген адистер менен теңата сүйлөшө ала турган адамдар керек. Биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү, жөндөмүбүздү далилдешибиз зарыл. Иштей турган адистерге шарт түзүп бергенибиз оң.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG